Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйуу деймин»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Аралап баратып сансыз гүлдөрдү,
Ачылган бир назик кызыл гүл көрдүм.
Аңкыган жытына гүлдүн мас болуп,
Азгырылдым, үзбөдүм.
Карадым, ойлонуп ойдун тереңин,
Кыздарды ал назик гүлгө теңедим.
Кызыгып, ал кызды алдап сүйгүчө,
Кызылынан сүй деймин.
Кайырма:
Гүлдөп турган гүлдү үзбө,
Кыз аралап миңди сүйбө!
Кыздын дагы убалы бар, билгин,
Кадырына жетпей, ара жолдо жүрбө!
Карагын, ойлонуп кызга тийбегин,
Кыздарды асманда айга теңегин.
Кыдырып, кыз баркын тепсеп жүргөнчө,
Кадырына жет деймин!

Другие песни исполнителя:

  • Ал үмүтүмдү, бул сүйгөнүмдү, Ак сезимимди, издегенимди. Ашыктыгым сага, араң, сүйүүм, жеттимби? Гүл кучактап сен кыялымдагы, Түн кучактап мен сыгынганымды, Сени, жаным, талбай издеп таптымбы? Кайырма: Табышмагымбы? Адашпай ак сүйүүмдү таптымбы? Арбалып махабатка баттымбы? Тагдырым жазган бактымды. Алмаштыра албай, Жалганбы же чындыгын биле албай. Жомоктой жан дүйнөмө келе албай, Махабат сырын чече албай. Тамчыларыңда, жазда жамгырда, Элесиң жатат бул көз алдымда, Кубанычым сезип турам, чексиз бактыма. Ал мен үчүн ай — асманда жарыгы, Ал мен үчүн түн — күнүмдүн жарымы, Суранычым, эч үзбө менден бактымды.
  • Кадамды шилтей алыстарга, Учам жарыктарга. Талашып бербей багыттарга, Кетем жарыктарга. Кайырма: Багыттарым алдаба, Барам алдыга, Мени тагдыр жолго таштаба, Кадамдарым алдыга, Артымда калба. Жан дүйнөмдөн жарыштан калба. Адашат билбей сапарларда, Түшүп катарларга. Өкүнүп келбей Жаратканга, Учуп баратканда. Кайырма:
  • Акырын шилтеп кадамды, Бакытка бөлөп ааламды. Эркелеп мага чуркашса, Унутам баардык капамды. Балдарым менин байлыгым, Бакытыма тийген жарыгым. Чоңоё берсин, аман соо, Колдосун дайым, Кудайым. Кайырма: Асыл данегим, көңүл эрмегим Секет болоюн, балдарым Өмүр белегим, үмүт, тилегим Силер үчүн, жашаймын. Медерим болчу балдарым, Мекенге тийсин жардамың. Атанын уулу дегизген, Ардактуу атка жарагың. Эр жигит болуп чоңоюп, Керектүү ишке жарагың. Акталса эгер үмүтүм, Болбостур, менин арманым.