Казахские песни Узбекские песни

Кеңеш тобу.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Кеңеш тобу

  • Карагат көздөрүңдөн, Көз албай тигилемин. Канчалык кыйналсам да, Бир сага ийилемин, ханышам. Кусага дайым батып, Өзүңдү сагынамын. Сүйүүнүн балы болсоң, Тамшанып малынамын, ханышам. Үмүттүн кылын терип, Бүтпөгөн кыялдарым. Үнүңдү угуш үчүн, Өзүмдү кыяладым, ханышам. Көз артса көптөр сага, Алардан кызганамын. Көңүлүм сенден издеп, Сезимдин ыргактарын, ханышам. Кайырма: Сен тандаган, сен жандаган, Түбөлүккө болоюн ханышаң. Сен каалаган, сен баалаган, Түбөлүккө болоюн ханышаң. Көңүлдөн орун алган, Жүрөктүн демисиңби? Өмүрдө бир жаралчу, Жердеги перисиңби, ханышам? Суктанам карагаттай, Капкара көздөрүңө. Сыйкыры катылгансыйт, Сырланган сөздөрүңдө, ханышам. Жуурулуп сезим менен, Жүрөккө орнодуңбу? Суурулуп сулуулардан, Ээледиң ойлорумду, ханышам. Сүйүүдөн букет жасап, Өзүңө баргым келет. Түгөйүң болуп сенин, Түбөлүккө калгым келет, ханышам. Кайырма:
  • Кара мончок каректериң карагат, Караганың жүрөгүмдү жаралап. Кайырчыдай жалдырады ак сүйүүм, Кагып эшик бир өзүңө сагалап. Кага албай махабатым канатын, Кайра тапты жүрөгүмдүн жараатын. Башка менен кол кармашып бактылуу, Неге мени көзгө илбей бараттың? Кайырма: Ай, аярым, өзүңдү аядым, Жалгандан алсырап аядым. Ай, аярым, сүйүүңдү танбаймын, А бирок өзүңдү аядым. Кайгы беле махабаттын белеги? Кыйналамын таппай анын себебин. Кагып канат уччу жерге жетпесе, Айтчы анда куштун барбы кереги? Алоолонгон ак сүйүүмдү арнадым, Алыс кагып аны кабыл албадың. Башка нерсе айта албайм, түшүнгүн, Бактылуу бол, менин сага каалаарым. Кайырма:
  • Бурулуп, кеткениңде махабаттан, Буулугуп кусалыгым ичте жаткан. Жүзүмө изин салып ачуу жаштар, Булуттун жашы менен жуурулушкан. Бурганак түшүп турду жан дүйнөмө, Булуттун арасында жалгыз калып. Сүйүүмдү арнап алып сүйбөгөнгө, Сүйүүдөн запкы жедим, алсызданып. Кайырма: Себеле ак жамгыр, токтобо, Сезимдин жалынын жоктобо. Себеле ак жамгыр, токтобочу, Жаай берчи ак жамгыр, токтобо. Жаратпа алыстык ортого, Жаай берчи ак жамгыр токтобочу. Түгөнүп турса дагы кыялдарым, Түнөрүп мен өзүңдү кыя албадым. Түбөлүк бир өзүңдү сүйүп алып, Түгөнгүс үмүтүмдү тыя албадым. Канткенде мен өзүңдү унутамын, Кайгырып жалгыздыктан жүдөп бүттүм. Кайрылып келбесиңди билсем дагы, Карайлап карааныңды күндө күттүм. Кайырма:
  • Мен сага арнаганы, Гүлдесте тандаганы, Баратам көңүл шайма-шай Кыялдар орундалып, Чуркасам жолум тарып, Сүйлөсөк экен жайма-жай Өзгөнү көзгө илбей, Таманым жерге тийбей, Баратам сага жакканы, Алгачкы, акыркымды, Бир келген бакытымды, Баратам сенден тапканы. Кайырма: Жамгырда, жаанда калып, Гүлдесте кармап алып, Келе жатканын карачы. Жылмайып койбодуң да, Суу болгон колдоруңда, Канча гүл даана саначы Жөн эле койсоң болмок, Көңүлүм ансыз тоймок, Өзүңдү көргөнүм жетет. Сүйүүнүн мааниси бар, Жөн эле бере бербейт, Гүлдүн да кадыры кетет. Так санды болжогонмун, Алганда ойлогонмун, Түгөйү менен болсо деп. Гүл берип көрбөптүрмүн, Маанисин билбептирмин, Сурабай алганым башка кеп. Алдыңда билбей турам, Гүлдү эми кантип сунам, Ойлорум кетти чачырап. Жетсем деп жүгүрөмүн, Билбепмин күбүлгөнүн, Кайчылап салчы, кайчылап.
  • Сүйүүгө балкыган кезигип жаңыдан, Кете албай жүрчү элем мен жаныңдан. Сирендин түбүнөн сунчу элем гүлүнөн, Кабарлап өзүңө ак сүйүүмдөн. Кайырма: Күбөсү биринчи махабаттын, Элеси кыялкеч бала чактын. Сүйүүнүн жүрөккө изин салдың, Сирень гүлү, сирень гүлү, Жүрөктүн алгачкы аманатын, Калтырып өзүңө табыштадым. Кайрылбай ал күндөр алыстады, Сирень гүлү, сирень гүлү, сирень гүлү. Сирендин гүлдөрү кайрадан гүлдөдү, Эңсеймин таба албай ал күндөрдү. Билинбей биздеги сүйүүнүн издери, Сиренде калгансыйт түбөлүккө. Кайырма:
  • Сүйүшөт көп жигиттер суктанып сага гана, Таалайым сенден издейм, талапкер болуп сага, Мен дагы арнап келем сүйүүмдү, жаным, садагам. Бир болсо ойлорубуз үзүлбөйт колдорубуз, Түбөлүк бир болобуз, түз болот жолдорубуз, Баары бир жетем сага, батпачы, жаным, санаага. Арнадым, тандадым, болоюн ардагың, Буюрса, нике кайып. Ардагым, калбагын, болбоюн арманың. Сүйүшсө көп жигиттер аларда эмне айып? Сүзө албайт көк деңизде калаксыз калган кайык, Сүйүшкөн жандарбыз го, кайгырба, жаным, садагам. Сен болсо алтын балык, мен болсо торду жайып, Өзүмдүк кылып алам, буюрса, нике кайып, Ардагым болоруң чын, алдырба, жаным, санаага. Кайырма:
  • Таң болуп атсаңчы түнөргөн багыма, Түбөлүк жансаңчы шам болуп жаныма сен. Таксам дейм ак нике шакегин колуңа, Тандасаң сен мени турмуштук жолуңа сен. Элестеп өзүңсүз өмүрдүн кемесин, Эзилет жүрөгүм кайгынын желесинде. Умтулам убакыт капкандай желесин, Узарып үмүтүм күтүүнүн белесинде. Кайырма: Издедим, мен сени Изи менен сезимдердин Издедим, мен сени Сездиң бекен жүрөгүмдүн эзилгенин. Кызарып күн батса кыялым сени издеп, Кусанын жолунда жүрөмүн үзбөй күдөр. Кыйналып турса да жүрөгүм сени издеп, Кылымдай сезилди өзүңсүз ушул күндөр. Ийилип турса да үмүттүн дарагы, Ишенип келемин өзүңдү табарыма. Кубалар көңүлдөн түбү жок санааны, Көрүшкөн күндү мен күтөмүн ар дайыма. Кайырма: Издедим, мен сени Изи менен сезимдердин Издедим, мен сени Сездиң бекен жүрөгүмдүн эзилгенин.
  • Акылдан алып ай жүзүң келишкен, Жашоомдо жарык тийгизген периштем. Көңүлдү эзип назик күлгөнүң, Жаным, өзүңсүң – жалгызым, сүйгөнүм. Кайырма: Сыр болуп келет, Сага гана айтылбай. Сен жакка аккан ай, Сүйүүнүн мүрөгү. Бакыт тартуулап, Бизге гана, аттиң ай. Керемет экен ай, Махабат түнөгү. Кызыл гүл болсоң, үзбөй жыттайын, Кыйылып, алыс жаныңан чыкпайын. Сен бакча болсоң, барып, коноюн, Сен деп ырдаган, торгоюң болоюн. Кайырма:
  • Кезигип өмүрдүн кемесинде, Илинип махабат желесине. Кыйнадың, ыйладым сага жетпей, Тилинип жүрөгүм армандын сересине. Байлады тагдырым дилибизди, Багынтып бирибизге-бирибизди. Бакыттын багына жетерибизде, Ак сүйүү айрыды неге бизди? Кайырма: Жок, мен сенсиз жашай албайм Жок, сүйүүмдү тана албайм. Сен алыссың билем бирок, жаным, Мен сага бара албайм. Алыссың жете албай айлам кетет, Күн түнү уктабай сени эстеп. Тагдырым үзө албай сенден үмүттү, Махабат бакчасы жемишин береби деп. Сагынам ак жуумал элесиңди. Сени издеп жүргөнүмдү сезесиңби? Байласа бактыңды башка адамга, Бакыттын ачкычын сен ага бересиңби? Кайырма:
  • Ишенбей турамын укканыма Ичим от, жалындын кучагында Ирмебей уйкусуз түндөр өтөр Илинип санаанын тузагына Жарыгы өчкөндөй махабаттын Жалыны жалгандын каптап жатты Жазыгы эмнеде билбейт элем Кайгы таптым Кайырма: Ыйлабачы, ыйлабачы, жан дүйнөмдү кыйнабачы Ыйлабачы, сыздабачы, жүрөгүмдү бүтүн жанчып Суранамын мен өзүңдөн, жаным менин Өзүңсүз мен эми жашай албайм Өмүрдүн таттуусун сага арнайм Өкүнтөт өрт болуп өткөн күндөр Өзүңдү мен эми жандай албайм Ойлобой койоюн десем дагы Оюмдан кетпедиң күнү-түнү Айыкпас жүрөктүн ушул тагы Болдуң жаным Кайырма:
  • Айлуу түн жандап, айтчу сөз камдап, Ашыгып барам, арзуумду арнап. Жарыгын чачып, ай жандап барат, Чырай жүзүңө суктана карап, Айлуу түн. Кайырма: Айлуу, айлуу түн, сенде үмүтүм, Сүйгөнүмө мени кезиктир бүгүн. Төгүлүп турсун шоолаң биз үчүн, Айлуу түн. Көктөгү жылдыздан бир букет жасап, Сага сунамын сүйүүмдү арнап. Сен деп келемин, сен үчүн жашап, Сенде ак сүйүүм, сенде махабат, Айлуу түн. Кайырма:
  • Жашыган арманымды Жамгырдай төккүм келет Алтыным кечирип кой Ага да бар себеп Жылмайган көздөрүңдөн Жылуулук тапкым келет Жаңышпас болсок эгер Жолуктук эмне себеп Кайырма: Кусалуу жүрөктөн Сырымды катсам дагы Көздөгү кайгы мууңду Жашырып жатсам дагы Караңгы түн жамынып Кайгыга батам жаным Канчалык кыйналсам да Сен аны байкабадың Жүрөктү мууңга салып Кеттиңби таштап баарын Жүзүңдү көргүм келди Жүдөтүп кыйнабагын Тагдырга шылтоо кылып Арманга салба жаным Кайрыктар жүрөктөгү Кайгыны жазат белең Кездешпей жолдорубуз Көрүшпөс болдук неге Жүрөгүм соккон менен Жүрөгүбүз эки бөлөк Жактырган кош жүрөктөр Жанашпайт эмне себеп Кусалуу жүрөктөн Сырымды катсам дагы Көздөгү кайгы мууңду Жашырып жатсам дагы Караңгы түн жамынып Кайгыга батам жаным Канчалык кыйналсам да Сен аны байкабадың Ашыктар жылдап сүйсө Эмнеге жетпей келет Аккуудай бир жанашып Арзышып өтпөйт неге Айыбыз арманы жок Сүйөөлөр болсо бизде Анда биз махабаттын Таттуусун сезбейт элек Канчалык кыйналсам да Сен аны байкабадың Жүрөктү мууңга салып Кеттиңби таштап баарын Жүзүңдү көргүм келди Жүдөтүп кыйнабагын Тагдырга шылтоо кылып Арманга салба жаным
  • Эзилдим канча, Эч нерсе келбей колумдан, Эстетип мени, Кетпедиң такыр оюмдан. Кайырма: Көңүлүм чөгүп, жүрөгүм турат кайгырып, Какшыган чөлдөй, каламбы сенден айрылып. Кубантып мени келсеңчи кайра кайрылып, Күтөмүн сени келсеңчи жаным кайрылып. Канчалык мага, Кыйындай болсо айрылуу, Жанчылып жүрөм, Кыйындай сага кайрылуу.
  • Бал тилдүү балалык, кайгыны билбеген, Бактыга жаралып, бакытты издеген. Баарына ыраазы, жаркырап нуру жүзүндө, Бул дүйнө кабарын оюна илбеген. Баарына кызыгып, билбесе ким деген, Баш ийип аргасыз, жароокер карап көзүмө. Кайырма: Балалык, балалык, оюнга тойбогон, Бал дүйнө тазарып, бакчада ойногон. Балалык, балалык, кой десе койбогон, Бардыгын өзүндөй таза деп ойлогон. Балалык, балалык оюнга тойбогон. Бал дүйнө тазарып, бакчада ойногон, Балалык, балалык, алыска кеттиң кайрылбай. Кири жок ичинде, алдасаң алданып, Кубулса айлана, кубанып таң калып. Кубаныч тартуулап жашоонун жарык шамындай, Жомокко ишенип, жомокто жашаган. Жол салып өзүнчө жоругун жасаган, Жоодар көз балалык, алыска кеттиң кайрылбай. Кайырма:
  • Алгачкы көргөнүмдө жаныңа турдум бара албай, Жашоомо белек болдуң жүргөндө сендей таба албай, Жылдыздуу түндү карап уктабай сени сагынмай, Сени эстеп күнү түнү, Санаадан турам арылбай. Кайырма: Сүйө албайм сенден башканы, Сүйдүрүп неге таштадың, Көнбөско менде арга жок, Тагдырдын болду жазганы, Өзүңдөн бөлөк жакпады, Өмүрдө болдуң тапканым, Алыстап кетсен сагынып, Денемди жалың каптады. Жүзүңдөн нур чачырап, Жүрөкту коет жашартып, Себепчи болуп өзүң, Сезимди койдун тазартып, Жылмайып карап сүйлөп, Эргитчүү элен дүйнөмдү, Тартылып көзго улам, Эстедим ошол күндөрдү, Сагындым ошол күндөрдү.