Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мекеним менин»
исполнителя Кеңеш тобу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ала — Тоо кыргыз жерим
Ак калпак кыргыз элим
Акылман муун урпагы
Асабаң бийик сенин
Баатырлар чыккан жерим
Бабабыз Манас урпагы
Акынга толгон элим
Ата-Журт ата тегим
Комуздун толгоп кылдарын
Асманың ачык сенин
Мекеним кыргыз жерим
Айланып алгыр куштары

Кайырма:

Көктө жанган чолпон жылдыздай
Залкар уулуң чыккан Чыңгыздай
Айтып бүткүс жерим мекеним
Ата- Журтум кымбат алтындай
Айымдардан чыккан баатырлар
Мекенимде канча асыл бар
Курман кылган улуу үчүн
Курманжандай чыккан баатырлар
Кыргызстан менин мекеним
Кыргызстан

Аскасы көк тиреген
Көлү бар мелтиреген
Сөз жетпейт кооздоп айтууга
Тарыхын өчүрбөстөн
Манасын улап келген
Саякбай чыккан калкымда
Кылымдар өтсө дагы
Кыргыздын атын улук
Көк жалдар чыккан калкымдан
Улантып урпактарга
Улуулар насаат берген
Айланам сенин салтыңа

Другие песни исполнителя:

  • Айлуу түн жандап, айтчу сөз камдап, Ашыгып барам, арзуумду арнап. Жарыгын чачып, ай жандап барат, Чырай жүзүңө суктана карап, Айлуу түн. Кайырма: Айлуу, айлуу түн, сенде үмүтүм, Сүйгөнүмө мени кезиктир бүгүн. Төгүлүп турсун шоолаң биз үчүн, Айлуу түн. Көктөгү жылдыздан бир букет жасап, Сага сунамын сүйүүмдү арнап. Сен деп келемин, сен үчүн жашап, Сенде ак сүйүүм, сенде махабат, Айлуу түн. Кайырма:
  • Жашыган арманымды Жамгырдай төккүм келет Алтыным кечирип кой Ага да бар себеп Жылмайган көздөрүңдөн Жылуулук тапкым келет Жаңышпас болсок эгер Жолуктук эмне себеп Кайырма: Кусалуу жүрөктөн Сырымды катсам дагы Көздөгү кайгы мууңду Жашырып жатсам дагы Караңгы түн жамынып Кайгыга батам жаным Канчалык кыйналсам да Сен аны байкабадың Жүрөктү мууңга салып Кеттиңби таштап баарын Жүзүңдү көргүм келди Жүдөтүп кыйнабагын Тагдырга шылтоо кылып Арманга салба жаным Кайрыктар жүрөктөгү Кайгыны жазат белең Кездешпей жолдорубуз Көрүшпөс болдук неге Жүрөгүм соккон менен Жүрөгүбүз эки бөлөк Жактырган кош жүрөктөр Жанашпайт эмне себеп Кусалуу жүрөктөн Сырымды катсам дагы Көздөгү кайгы мууңду Жашырып жатсам дагы Караңгы түн жамынып Кайгыга батам жаным Канчалык кыйналсам да Сен аны байкабадың Ашыктар жылдап сүйсө Эмнеге жетпей келет Аккуудай бир жанашып Арзышып өтпөйт неге Айыбыз арманы жок Сүйөөлөр болсо бизде Анда биз махабаттын Таттуусун сезбейт элек Канчалык кыйналсам да Сен аны байкабадың Жүрөктү мууңга салып Кеттиңби таштап баарын Жүзүңдү көргүм келди Жүдөтүп кыйнабагын Тагдырга шылтоо кылып Арманга салба жаным
  • Көк тирейт аска зоо бийиктери Боорунда аркары кийиктери Ал тоону айланып бүркүт учкан Ааламдын бейиши өзүнсүң кыргыз жери Жер токой арчалуу ашуу бели Түркүн гүл адырлуу анын бети Тоо ылдый шар аккан шаркыратма Тойбойтко көргөнгө сөзүңө кыргыз жери Кыргыз эли Кыргыз жери Аккан суу дайрасы тунук көлү Шарпылдайт толкунду көлдүн жээги Аккулар эрчишип бирге учкан Айтканга сөз жетбейт көркөмдү кыргыз жери Жайлоосу аңкыгаң адыр жели Саймалуу тоолору салкын төрү Түпкүн куш байралып мекен деген Түгөнбөс жомоксун укканга кыргыз жери Сагынам алыстап кетсем сени Сан кылым карыткан кыргыз жери Дайрадай толкуткан жүрөктөрдү Дастансын ырдалып бүтбөгөн кыргыз жери