Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кызыл розалар»
исполнителя Кеңеш тобу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көп ойлонуп кызыл роза тандадым,
Кош айталбай ошол гүлдү арнадым.
Унутам деп канча убараны тартам,
Бирок сени унуталбай койдум ардагым.
Аа,аа, сени ардагым..
Кызыл розалар, кызыл розалар,
Кызга арналат арбайт жүрөктү.
Кызыл розалар айтып сүйөрүн,
Кызыгы экен ар бир күндөрдүн.
Кызыл розалар.
Бүт оюмду ай ааламга сапырып,
Айдай жүзүң турат дайым чакырып.
Алып учуп үмүт, ал ансайын күтүп,
Аткан таңдай турам сага ашыгып,
Аа, аа, сага ашыгып.

Другие песни исполнителя:

  • Көк тирейт аска зоо бийиктери Боорунда аркары кийиктери Ал тоону айланып бүркүт учкан Ааламдын бейиши өзүнсүң кыргыз жери Жер токой арчалуу ашуу бели Түркүн гүл адырлуу анын бети Тоо ылдый шар аккан шаркыратма Тойбойтко көргөнгө сөзүңө кыргыз жери Кыргыз эли Кыргыз жери Аккан суу дайрасы тунук көлү Шарпылдайт толкунду көлдүн жээги Аккулар эрчишип бирге учкан Айтканга сөз жетбейт көркөмдү кыргыз жери Жайлоосу аңкыгаң адыр жели Саймалуу тоолору салкын төрү Түпкүн куш байралып мекен деген Түгөнбөс жомоксун укканга кыргыз жери Сагынам алыстап кетсем сени Сан кылым карыткан кыргыз жери Дайрадай толкуткан жүрөктөрдү Дастансын ырдалып бүтбөгөн кыргыз жери
  • Кара мончок каректериң карагат, Караганың жүрөгүмдү жаралап. Кайырчыдай жалдырады ак сүйүүм, Кагып эшик бир өзүңө сагалап. Кага албай махабатым канатын, Кайра тапты жүрөгүмдүн жараатын. Башка менен кол кармашып бактылуу, Неге мени көзгө илбей бараттың? Кайырма: Ай, аярым, өзүңдү аядым, Жалгандан алсырап аядым. Ай, аярым, сүйүүңдү танбаймын, А бирок өзүңдү аядым. Кайгы беле махабаттын белеги? Кыйналамын таппай анын себебин. Кагып канат уччу жерге жетпесе, Айтчы анда куштун барбы кереги? Алоолонгон ак сүйүүмдү арнадым, Алыс кагып аны кабыл албадың. Башка нерсе айта албайм, түшүнгүн, Бактылуу бол, менин сага каалаарым. Кайырма:
  • Жаады алтын апапак кар жаңылык, Ай нуруна, күн нуруна чагылып. Кубанычта бөлөп сезим тазарткан, Аппак карды биз күткөнбүз зарыгып. Алтын карга ак тилекти кошолу, Алоолонсун жакшылыктын очогу. Ыр-күлкүнүн дүйнөсүнө бөлөнсүн, Ырдап-бийлеп Жаңы жылды тосолу. Жакшылыктын жарчысы бол, Жаңы жыл, Эл-журттумдун бактысы бол, Жаңы жыл. Ак сүйүүнүн ачкычы бол, Жаңы жыл, Жаңы жыл… Жараткандын белеги бол, Жаңы жыл, Ар адамдын жөлөгү бол, Жаңы жыл. Бейпилдиктин желеги бол, Жаңы жыл, Жаңы жыл… Жаңы жылдын койнунда көп жаңылык, Кел Жаңы жыл, биз күтөбүз зарыгып. Жаңы бакыт, жаңы таалай кучактап, Жаңы жылым келе жатат жаңырып. Кел досторум ырдап обон созолу, Келгилечи үнгө, үндү кошолу. Жаңы жылда жакшы жашоо жар болсун, Жакшы ыр менен Жаңы жылды тосолу.