Казахские песни Узбекские песни

Песня «Аярым»
исполнителя Кеңеш тобу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кара мончок каректериң карагат,
Караганың жүрөгүмдү жаралап.
Кайырчыдай жалдырады ак сүйүүм,
Кагып эшик бир өзүңө сагалап.
Кага албай махабатым канатын,
Кайра тапты жүрөгүмдүн жараатын.
Башка менен кол кармашып бактылуу,
Неге мени көзгө илбей бараттың?
Кайырма:
Ай, аярым, өзүңдү аядым,
Жалгандан алсырап аядым.
Ай, аярым, сүйүүңдү танбаймын,
А бирок өзүңдү аядым.
Кайгы беле махабаттын белеги?
Кыйналамын таппай анын себебин.
Кагып канат уччу жерге жетпесе,
Айтчы анда куштун барбы кереги?
Алоолонгон ак сүйүүмдү арнадым,
Алыс кагып аны кабыл албадың.
Башка нерсе айта албайм, түшүнгүн,
Бактылуу бол, менин сага каалаарым.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Алыстап каректен каараның Адашып жол таппай барамын Арманга байланган жүрөктү Таба албай кыйналдым айласын Түбүндү тушаган саананын Кечемин түйшүктүн аралын Бир баскан бактылуу күндөрдү Кантейин сагынып барамын Кайырма; Сагындым жаным өзүңдү ойлоп Жүрөкө толгон сезимди козгоп Сагындым жаным сүрөтүң карап Жоготкум келбей сактаган бойдон Айыккыс жүрөктүн жарасын Азапка салды көз карашың Байланган биздеги сезимди Билбедим бош болуп каларың Бактылуу күндөрдүн барагын Кайрылып өткөндү карадым Кайчылаш өткөргөн жолдорду Бир күнү издеп табамын
  • Биз көлдө сүзгөн, бир өмүр сүргөн, Кош ак куу болдук тандашып сүйгөн. Эңсеген жылдыз экөөбүз болдук, Ээрчишип учуп, жандашып түшкөн. Кайырма: Кызыл гүл болуп ачылам сага, Кымбатың болуп арналам сага. Шүүдүрүм болуп таң менен келсең, Кучагым жайып күн болом сага, Өмүрдү жалгыз арнаймын сага. Каректе калсын махабат жанып, Кайталап өчпөс сезимди жазып. Түбөлүк биздин сүйүүбүз өчпөйт, Алоолоп күйүп, албырып жанып. Кайырма:
  • Жалгыздайм жанымдан алыс кетсең, Жалооруп издеймин, эгер сезсең. Жаныма жашоонун демин берген, Жалгызым, ишенгин, бир гана сен. Бир гана сен, бир гана сен. Жылдыздай жымыңдап эркелесең, Өзүмдү бактылуу элестетем. Өмүрдүн ачылган гүлү сымал, Сүйүүдөн тапканым бир гана сен. Бир гана сен, бир гана сен. Кайыра: Шам болуп жүрөккө жарык берген, Жашоонун маңызы бир гана сен. Жарашып жанымда жандап жүргөн, Жашоодо жалгызым бир гана сен. Бир гана сен, бир гана сен. Өткөрүп өмүрдү сени менен, Өзүңө арналып дайым келем. Өрт болуп жүрөгү күйүп- жанып, Түбөлүк сүйөрүм бир гана сен. Бир гана сен, бир гана сен.