Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сага»
исполнителя Кеңеш тобу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Биз көлдө сүзгөн, бир өмүр сүргөн,
Кош ак куу болдук тандашып сүйгөн.
Эңсеген жылдыз экөөбүз болдук,
Ээрчишип учуп, жандашып түшкөн.
Кайырма:
Кызыл гүл болуп ачылам сага,
Кымбатың болуп арналам сага.
Шүүдүрүм болуп таң менен келсең,
Кучагым жайып күн болом сага,
Өмүрдү жалгыз арнаймын сага.
Каректе калсын махабат жанып,
Кайталап өчпөс сезимди жазып.
Түбөлүк биздин сүйүүбүз өчпөйт,
Алоолоп күйүп, албырып жанып.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Бал тилдүү балалык, кайгыны билбеген, Бактыга жаралып, бакытты издеген. Баарына ыраазы, жаркырап нуру жүзүндө, Бул дүйнө кабарын оюна илбеген. Баарына кызыгып, билбесе ким деген, Баш ийип аргасыз, жароокер карап көзүмө. Кайырма: Балалык, балалык, оюнга тойбогон, Бал дүйнө тазарып, бакчада ойногон. Балалык, балалык, кой десе койбогон, Бардыгын өзүндөй таза деп ойлогон. Балалык, балалык оюнга тойбогон. Бал дүйнө тазарып, бакчада ойногон, Балалык, балалык, алыска кеттиң кайрылбай. Кири жок ичинде, алдасаң алданып, Кубулса айлана, кубанып таң калып. Кубаныч тартуулап жашоонун жарык шамындай, Жомокко ишенип, жомокто жашаган. Жол салып өзүнчө жоругун жасаган, Жоодар көз балалык, алыска кеттиң кайрылбай. Кайырма:
  • Басып өттүм бай турмуштун чоң жолунан, Бакчасындай бакыт куштут чыкпай койдуң сен оюмда. Кайырма: Көзүн менен, сөзүң менен, Жүрөгүмдү арбап алдың. Сен издеген, сезим менен, Жүрөгүмдү жандап алдың. Сыр кыламын сезимимди айтылбаган бир өзүңө, Түгөнбөгөн мээримиңди сактап келем жүрөгүмө. Жан дүйнөмө жагып калдың, Жаным сени сүйүп калдым.