Казахские песни Узбекские песни

Песня «Балалык»
исполнителя Кеңеш тобу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бал тилдүү балалык, кайгыны билбеген,
Бактыга жаралып, бакытты издеген.
Баарына ыраазы, жаркырап нуру жүзүндө,
Бул дүйнө кабарын оюна илбеген.
Баарына кызыгып, билбесе ким деген,
Баш ийип аргасыз, жароокер карап көзүмө.
Кайырма:
Балалык, балалык, оюнга тойбогон,
Бал дүйнө тазарып, бакчада ойногон.
Балалык, балалык, кой десе койбогон,
Бардыгын өзүндөй таза деп ойлогон.
Балалык, балалык оюнга тойбогон.
Бал дүйнө тазарып, бакчада ойногон,
Балалык, балалык, алыска кеттиң кайрылбай.
Кири жок ичинде, алдасаң алданып,
Кубулса айлана, кубанып таң калып.
Кубаныч тартуулап жашоонун жарык шамындай,
Жомокко ишенип, жомокто жашаган.
Жол салып өзүнчө жоругун жасаган,
Жоодар көз балалык, алыска кеттиң кайрылбай.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Тоюңарды алыстан угуп келдик, эки жаш, Кечеңерге ыр майрам, куруп келдик эки жаш. Үзүлбөсүн колуңар, куттуу болсун тоюңар, Белек кылып бул ырды, сунуп келдик эки жаш. Кубанчыңар кайгыга чөмүлбөсүн, эки жаш, Кулачыңар биригип сөгүлбөсүн, эки жаш. Эң биринчи достошкон, эми минтип баш кошкон, Экөөңөргө кудайым бакыт берсин, эки жаш, Өмүр берсин эки жаш. Бир-бирине түбөлүк байланышсын, эки жаш, Эл суктанган түгөйгө айланышсын, эки жаш. Өздөн артык өз болор, экөөңөргө бел болор, Өкүл ата-энелер шайланышсын, эки жаш. Дасторконуң дайыма жайыл болсун эки жаш, Урпагыңар көбөйүп, айыл болсун эки жаш. Көшөгөңөр көгөрсүн, наристелер төрөлсүн, Калың журттун батасы, кабыл болсун эки жаш. Эл журтумдун батасы, кабыл болсун эки жаш.
  • Сүйүүгө балкыган кезигип жаңыдан, Кете албай жүрчү элем мен жаныңдан. Сирендин түбүнөн сунчу элем гүлүнөн, Кабарлап өзүңө ак сүйүүмдөн. Кайырма: Күбөсү биринчи махабаттын, Элеси кыялкеч бала чактын. Сүйүүнүн жүрөккө изин салдың, Сирень гүлү, сирень гүлү, Жүрөктүн алгачкы аманатын, Калтырып өзүңө табыштадым. Кайрылбай ал күндөр алыстады, Сирень гүлү, сирень гүлү, сирень гүлү. Сирендин гүлдөрү кайрадан гүлдөдү, Эңсеймин таба албай ал күндөрдү. Билинбей биздеги сүйүүнүн издери, Сиренде калгансыйт түбөлүккө. Кайырма: