Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бир гана сен»
исполнителя Кеңеш тобу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалгыздайм жанымдан алыс кетсең,
Жалооруп издеймин, эгер сезсең.
Жаныма жашоонун демин берген,
Жалгызым, ишенгин, бир гана сен.
Бир гана сен, бир гана сен.
Жылдыздай жымыңдап эркелесең,
Өзүмдү бактылуу элестетем.
Өмүрдүн ачылган гүлү сымал,
Сүйүүдөн тапканым бир гана сен.
Бир гана сен, бир гана сен.
Кайыра:
Шам болуп жүрөккө жарык берген,
Жашоонун маңызы бир гана сен.
Жарашып жанымда жандап жүргөн,
Жашоодо жалгызым бир гана сен.
Бир гана сен, бир гана сен.
Өткөрүп өмүрдү сени менен,
Өзүңө арналып дайым келем.
Өрт болуп жүрөгү күйүп- жанып,
Түбөлүк сүйөрүм бир гана сен.
Бир гана сен, бир гана сен.

Другие песни исполнителя:

  • Биз көлдө сүзгөн, бир өмүр сүргөн, Кош ак куу болдук тандашып сүйгөн. Эңсеген жылдыз экөөбүз болдук, Ээрчишип учуп, жандашып түшкөн. Кайырма: Кызыл гүл болуп ачылам сага, Кымбатың болуп арналам сага. Шүүдүрүм болуп таң менен келсең, Кучагым жайып күн болом сага, Өмүрдү жалгыз арнаймын сага. Каректе калсын махабат жанып, Кайталап өчпөс сезимди жазып. Түбөлүк биздин сүйүүбүз өчпөйт, Алоолоп күйүп, албырып жанып. Кайырма:
  • Алгачкы кадам тай тайлап баскан, Эсимде ай кызым, Ата деп алгач тилинден сенин, Бакытка балкыдын, Ак тилек менен бешике бөлөп, Алдейлеп ай кызым, Апа деп айткан тилинден сенин, Бакытка балкыдын. Убакыт учуп узатып турам, Уяндан ай кызым, Урматта кайын журтунду сыйлап, Ак жолун ачылсын, Ажарлуу келин мээримдуу эне, Атына татыган, Ардакта кайын журтунду сыйлап, Аман бол ай кызым. Байлыка эмес батага толсун, Көшөгөн ай кызым, Батамды берип узатып жатам, Бактылуу бол кызым, Иймелип кайын атана дайым, Алкышын ал кызым, Ийилип кайын энене дайым, Батасын ал кызым. Карааным менин карегиндемин, Канатым ай кызым, Колумдан сени учуруп жатам, Куш кылып ай кызым, Кыялкеч бала балапан канат, Эркелен ай кызым, Өксүбөй дайым ырыскын толуп, Бактылуу бол кызым.