Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагынычым»
исполнителя Кеңеш тобу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Алыстап каректен каараның
Адашып жол таппай барамын
Арманга байланган жүрөктү
Таба албай кыйналдым айласын

Түбүндү тушаган саананын
Кечемин түйшүктүн аралын
Бир баскан бактылуу күндөрдү
Кантейин сагынып барамын

Кайырма;

Сагындым жаным өзүңдү ойлоп
Жүрөкө толгон сезимди козгоп
Сагындым жаным сүрөтүң карап
Жоготкум келбей сактаган бойдон

Айыккыс жүрөктүн жарасын
Азапка салды көз карашың
Байланган биздеги сезимди
Билбедим бош болуп каларың

Бактылуу күндөрдүн барагын
Кайрылып өткөндү карадым
Кайчылаш өткөргөн жолдорду
Бир күнү издеп табамын

Другие песни исполнителя:

  • Жаады алтын апапак кар жаңылык, Ай нуруна, күн нуруна чагылып. Кубанычта бөлөп сезим тазарткан, Аппак карды биз күткөнбүз зарыгып. Алтын карга ак тилекти кошолу, Алоолонсун жакшылыктын очогу. Ыр-күлкүнүн дүйнөсүнө бөлөнсүн, Ырдап-бийлеп Жаңы жылды тосолу. Жакшылыктын жарчысы бол, Жаңы жыл, Эл-журттумдун бактысы бол, Жаңы жыл. Ак сүйүүнүн ачкычы бол, Жаңы жыл, Жаңы жыл… Жараткандын белеги бол, Жаңы жыл, Ар адамдын жөлөгү бол, Жаңы жыл. Бейпилдиктин желеги бол, Жаңы жыл, Жаңы жыл… Жаңы жылдын койнунда көп жаңылык, Кел Жаңы жыл, биз күтөбүз зарыгып. Жаңы бакыт, жаңы таалай кучактап, Жаңы жылым келе жатат жаңырып. Кел досторум ырдап обон созолу, Келгилечи үнгө, үндү кошолу. Жаңы жылда жакшы жашоо жар болсун, Жакшы ыр менен Жаңы жылды тосолу.
  • Акылдан алып ай жүзүң келишкен, Жашоомдо жарык тийгизген периштем. Көңүлдү эзип назик күлгөнүң, Жаным, өзүңсүң – жалгызым, сүйгөнүм. Кайырма: Сыр болуп келет, Сага гана айтылбай. Сен жакка аккан ай, Сүйүүнүн мүрөгү. Бакыт тартуулап, Бизге гана, аттиң ай. Керемет экен ай, Махабат түнөгү. Кызыл гүл болсоң, үзбөй жыттайын, Кыйылып, алыс жаныңан чыкпайын. Сен бакча болсоң, барып, коноюн, Сен деп ырдаган, торгоюң болоюн. Кайырма:
  • Ак сүйүү дайрасында аккуудай бирге сүзүп, Алыска учкун эки жаш, Ашыктык гүлүн түйүп жомоктой кыялдарга, Жол салып келгин эки жаш. Кайырма: Жомоктой кыялдардын жолунан адашпастан, Максатка жеткин эки жаш, Жүрөктөр бирдей согуп жылдыздар күндө болуп, Жолдорун кошкон эки жаш, Асманын ачык болсун ар дүйнө бакыт толсун, Бакытка баткын эки жаш, Бакчанар гүлгө толсун бирине жөлөк болуп, Бактылуу болгун эки жаш. Аттанып турмуш жолун ачылып жарык болсун, Ак бата тийсин эки жаш, Алдында наристелер айланып ойноп дайым, Көлөктөп турсун эки жаш, Айтылып эл ичинде ар дайым үйүнөрдө, Ак бешик ыры ырдалсын, Уйүнор шанга толуп үзүлбөй колдорунар, Улгүсү болгун эки жаш, Кемибей ырыскынар кен болсун турмушунар, Көшөгөн гүлдөп көгөрсүн, Кор турмуш сынал болуп көтөруп сындаш керек, Көздөгөн жылды эки жаш.