Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бактылуу болгула»
исполнителя Кеңеш тобу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ак сүйүү дайрасында аккуудай бирге сүзүп,
Алыска учкун эки жаш,
Ашыктык гүлүн түйүп жомоктой кыялдарга,
Жол салып келгин эки жаш.

Кайырма:

Жомоктой кыялдардын жолунан адашпастан,
Максатка жеткин эки жаш,
Жүрөктөр бирдей согуп жылдыздар күндө болуп,
Жолдорун кошкон эки жаш,
Асманын ачык болсун ар дүйнө бакыт толсун,
Бакытка баткын эки жаш,
Бакчанар гүлгө толсун бирине жөлөк болуп,
Бактылуу болгун эки жаш.

Аттанып турмуш жолун ачылып жарык болсун,
Ак бата тийсин эки жаш,
Алдында наристелер айланып ойноп дайым,
Көлөктөп турсун эки жаш,
Айтылып эл ичинде ар дайым үйүнөрдө,
Ак бешик ыры ырдалсын,
Уйүнор шанга толуп үзүлбөй колдорунар,
Улгүсү болгун эки жаш,
Кемибей ырыскынар кен болсун турмушунар,
Көшөгөн гүлдөп көгөрсүн,
Кор турмуш сынал болуп көтөруп сындаш керек,
Көздөгөн жылды эки жаш.

Другие песни исполнителя:

  • Жаады алтын апапак кар жаңылык, Ай нуруна, күн нуруна чагылып. Кубанычта бөлөп сезим тазарткан, Аппак карды биз күткөнбүз зарыгып. Алтын карга ак тилекти кошолу, Алоолонсун жакшылыктын очогу. Ыр-күлкүнүн дүйнөсүнө бөлөнсүн, Ырдап-бийлеп Жаңы жылды тосолу. Жакшылыктын жарчысы бол, Жаңы жыл, Эл-журттумдун бактысы бол, Жаңы жыл. Ак сүйүүнүн ачкычы бол, Жаңы жыл, Жаңы жыл… Жараткандын белеги бол, Жаңы жыл, Ар адамдын жөлөгү бол, Жаңы жыл. Бейпилдиктин желеги бол, Жаңы жыл, Жаңы жыл… Жаңы жылдын койнунда көп жаңылык, Кел Жаңы жыл, биз күтөбүз зарыгып. Жаңы бакыт, жаңы таалай кучактап, Жаңы жылым келе жатат жаңырып. Кел досторум ырдап обон созолу, Келгилечи үнгө, үндү кошолу. Жаңы жылда жакшы жашоо жар болсун, Жакшы ыр менен Жаңы жылды тосолу.
  • Биз көлдө сүзгөн, бир өмүр сүргөн, Кош ак куу болдук тандашып сүйгөн. Эңсеген жылдыз экөөбүз болдук, Ээрчишип учуп, жандашып түшкөн. Кайырма: Кызыл гүл болуп ачылам сага, Кымбатың болуп арналам сага. Шүүдүрүм болуп таң менен келсең, Кучагым жайып күн болом сага, Өмүрдү жалгыз арнаймын сага. Каректе калсын махабат жанып, Кайталап өчпөс сезимди жазып. Түбөлүк биздин сүйүүбүз өчпөйт, Алоолоп күйүп, албырып жанып. Кайырма:
  • Кезигип өмүрдүн кемесинде, Илинип махабат желесине. Кыйнадың, ыйладым сага жетпей, Тилинип жүрөгүм армандын сересине. Байлады тагдырым дилибизди, Багынтып бирибизге-бирибизди. Бакыттын багына жетерибизде, Ак сүйүү айрыды неге бизди? Кайырма: Жок, мен сенсиз жашай албайм Жок, сүйүүмдү тана албайм. Сен алыссың билем бирок, жаным, Мен сага бара албайм. Алыссың жете албай айлам кетет, Күн түнү уктабай сени эстеп. Тагдырым үзө албай сенден үмүттү, Махабат бакчасы жемишин береби деп. Сагынам ак жуумал элесиңди. Сени издеп жүргөнүмдү сезесиңби? Байласа бактыңды башка адамга, Бакыттын ачкычын сен ага бересиңби? Кайырма: