Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мен сенсиз»
исполнителя Кеңеш тобу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кезигип өмүрдүн кемесинде,
Илинип махабат желесине.
Кыйнадың, ыйладым сага жетпей,
Тилинип жүрөгүм армандын сересине.
Байлады тагдырым дилибизди,
Багынтып бирибизге-бирибизди.
Бакыттын багына жетерибизде,
Ак сүйүү айрыды неге бизди?
Кайырма:
Жок, мен сенсиз жашай албайм
Жок, сүйүүмдү тана албайм.
Сен алыссың билем бирок, жаным,
Мен сага бара албайм.
Алыссың жете албай айлам кетет,
Күн түнү уктабай сени эстеп.
Тагдырым үзө албай сенден үмүттү,
Махабат бакчасы жемишин береби деп.
Сагынам ак жуумал элесиңди.
Сени издеп жүргөнүмдү сезесиңби?
Байласа бактыңды башка адамга,
Бакыттын ачкычын сен ага бересиңби?
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Көп ойлонуп кызыл роза тандадым, Кош айталбай ошол гүлдү арнадым. Унутам деп канча убараны тартам, Бирок сени унуталбай койдум ардагым. Аа,аа, сени ардагым.. Кызыл розалар, кызыл розалар, Кызга арналат арбайт жүрөктү. Кызыл розалар айтып сүйөрүн, Кызыгы экен ар бир күндөрдүн. Кызыл розалар. Бүт оюмду ай ааламга сапырып, Айдай жүзүң турат дайым чакырып. Алып учуп үмүт, ал ансайын күтүп, Аткан таңдай турам сага ашыгып, Аа, аа, сага ашыгып.
  • Айлуу түн жандап, айтчу сөз камдап, Ашыгып барам, арзуумду арнап. Жарыгын чачып, ай жандап барат, Чырай жүзүңө суктана карап, Айлуу түн. Кайырма: Айлуу, айлуу түн, сенде үмүтүм, Сүйгөнүмө мени кезиктир бүгүн. Төгүлүп турсун шоолаң биз үчүн, Айлуу түн. Көктөгү жылдыздан бир букет жасап, Сага сунамын сүйүүмдү арнап. Сен деп келемин, сен үчүн жашап, Сенде ак сүйүүм, сенде махабат, Айлуу түн. Кайырма: