Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сүйө албайм»
исполнителя Кеңеш тобу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Алгачкы көргөнүмдө жаныңа турдум бара албай,
Жашоомо белек болдуң жүргөндө сендей таба албай,
Жылдыздуу түндү карап уктабай сени сагынмай,
Сени эстеп күнү түнү,
Санаадан турам арылбай.

Кайырма:

Сүйө албайм сенден башканы,
Сүйдүрүп неге таштадың,
Көнбөско менде арга жок,
Тагдырдын болду жазганы,
Өзүңдөн бөлөк жакпады,
Өмүрдө болдуң тапканым,
Алыстап кетсен сагынып,
Денемди жалың каптады.

Жүзүңдөн нур чачырап,
Жүрөкту коет жашартып,
Себепчи болуп өзүң,
Сезимди койдун тазартып,
Жылмайып карап сүйлөп,
Эргитчүү элен дүйнөмдү,
Тартылып көзго улам,
Эстедим ошол күндөрдү,
Сагындым ошол күндөрдү.

Другие песни исполнителя:

  • Алгачкы кадам тай тайлап баскан, Эсимде ай кызым, Ата деп алгач тилинден сенин, Бакытка балкыдын, Ак тилек менен бешике бөлөп, Алдейлеп ай кызым, Апа деп айткан тилинден сенин, Бакытка балкыдын. Убакыт учуп узатып турам, Уяндан ай кызым, Урматта кайын журтунду сыйлап, Ак жолун ачылсын, Ажарлуу келин мээримдуу эне, Атына татыган, Ардакта кайын журтунду сыйлап, Аман бол ай кызым. Байлыка эмес батага толсун, Көшөгөн ай кызым, Батамды берип узатып жатам, Бактылуу бол кызым, Иймелип кайын атана дайым, Алкышын ал кызым, Ийилип кайын энене дайым, Батасын ал кызым. Карааным менин карегиндемин, Канатым ай кызым, Колумдан сени учуруп жатам, Куш кылып ай кызым, Кыялкеч бала балапан канат, Эркелен ай кызым, Өксүбөй дайым ырыскын толуп, Бактылуу бол кызым.
  • Ала — Тоо кыргыз жерим Ак калпак кыргыз элим Акылман муун урпагы Асабаң бийик сенин Баатырлар чыккан жерим Бабабыз Манас урпагы Акынга толгон элим Ата-Журт ата тегим Комуздун толгоп кылдарын Асманың ачык сенин Мекеним кыргыз жерим Айланып алгыр куштары Кайырма: Көктө жанган чолпон жылдыздай Залкар уулуң чыккан Чыңгыздай Айтып бүткүс жерим мекеним Ата- Журтум кымбат алтындай Айымдардан чыккан баатырлар Мекенимде канча асыл бар Курман кылган улуу үчүн Курманжандай чыккан баатырлар Кыргызстан менин мекеним Кыргызстан Аскасы көк тиреген Көлү бар мелтиреген Сөз жетпейт кооздоп айтууга Тарыхын өчүрбөстөн Манасын улап келген Саякбай чыккан калкымда Кылымдар өтсө дагы Кыргыздын атын улук Көк жалдар чыккан калкымдан Улантып урпактарга Улуулар насаат берген Айланам сенин салтыңа
  • Бурулуп, кеткениңде махабаттан, Буулугуп кусалыгым ичте жаткан. Жүзүмө изин салып ачуу жаштар, Булуттун жашы менен жуурулушкан. Бурганак түшүп турду жан дүйнөмө, Булуттун арасында жалгыз калып. Сүйүүмдү арнап алып сүйбөгөнгө, Сүйүүдөн запкы жедим, алсызданып. Кайырма: Себеле ак жамгыр, токтобо, Сезимдин жалынын жоктобо. Себеле ак жамгыр, токтобочу, Жаай берчи ак жамгыр, токтобо. Жаратпа алыстык ортого, Жаай берчи ак жамгыр токтобочу. Түгөнүп турса дагы кыялдарым, Түнөрүп мен өзүңдү кыя албадым. Түбөлүк бир өзүңдү сүйүп алып, Түгөнгүс үмүтүмдү тыя албадым. Канткенде мен өзүңдү унутамын, Кайгырып жалгыздыктан жүдөп бүттүм. Кайрылып келбесиңди билсем дагы, Карайлап карааныңды күндө күттүм. Кайырма:
  • Ак сүйүү дайрасында аккуудай бирге сүзүп, Алыска учкун эки жаш, Ашыктык гүлүн түйүп жомоктой кыялдарга, Жол салып келгин эки жаш. Кайырма: Жомоктой кыялдардын жолунан адашпастан, Максатка жеткин эки жаш, Жүрөктөр бирдей согуп жылдыздар күндө болуп, Жолдорун кошкон эки жаш, Асманын ачык болсун ар дүйнө бакыт толсун, Бакытка баткын эки жаш, Бакчанар гүлгө толсун бирине жөлөк болуп, Бактылуу болгун эки жаш. Аттанып турмуш жолун ачылып жарык болсун, Ак бата тийсин эки жаш, Алдында наристелер айланып ойноп дайым, Көлөктөп турсун эки жаш, Айтылып эл ичинде ар дайым үйүнөрдө, Ак бешик ыры ырдалсын, Уйүнор шанга толуп үзүлбөй колдорунар, Улгүсү болгун эки жаш, Кемибей ырыскынар кен болсун турмушунар, Көшөгөн гүлдөп көгөрсүн, Кор турмуш сынал болуп көтөруп сындаш керек, Көздөгөн жылды эки жаш.