Казахские песни Узбекские песни

Песня «Көктөгү жылдыз»
исполнителя Кеңеш тобу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Тоюңарды алыстан угуп келдик, эки жаш, Кечеңерге ыр майрам, куруп келдик эки жаш. Үзүлбөсүн колуңар, куттуу болсун тоюңар, Белек кылып бул ырды, сунуп келдик эки жаш. Кубанчыңар кайгыга чөмүлбөсүн, эки жаш, Кулачыңар биригип сөгүлбөсүн, эки жаш. Эң биринчи достошкон, эми минтип баш кошкон, Экөөңөргө кудайым бакыт берсин, эки жаш, Өмүр берсин эки жаш. Бир-бирине түбөлүк байланышсын, эки жаш, Эл суктанган түгөйгө айланышсын, эки жаш. Өздөн артык өз болор, экөөңөргө бел болор, Өкүл ата-энелер шайланышсын, эки жаш. Дасторконуң дайыма жайыл болсун эки жаш, Урпагыңар көбөйүп, айыл болсун эки жаш. Көшөгөңөр көгөрсүн, наристелер төрөлсүн, Калың журттун батасы, кабыл болсун эки жаш. Эл журтумдун батасы, кабыл болсун эки жаш.
  • Ак сүйүү дайрасында аккуудай бирге сүзүп, Алыска учкун эки жаш, Ашыктык гүлүн түйүп жомоктой кыялдарга, Жол салып келгин эки жаш. Кайырма: Жомоктой кыялдардын жолунан адашпастан, Максатка жеткин эки жаш, Жүрөктөр бирдей согуп жылдыздар күндө болуп, Жолдорун кошкон эки жаш, Асманын ачык болсун ар дүйнө бакыт толсун, Бакытка баткын эки жаш, Бакчанар гүлгө толсун бирине жөлөк болуп, Бактылуу болгун эки жаш. Аттанып турмуш жолун ачылып жарык болсун, Ак бата тийсин эки жаш, Алдында наристелер айланып ойноп дайым, Көлөктөп турсун эки жаш, Айтылып эл ичинде ар дайым үйүнөрдө, Ак бешик ыры ырдалсын, Уйүнор шанга толуп үзүлбөй колдорунар, Улгүсү болгун эки жаш, Кемибей ырыскынар кен болсун турмушунар, Көшөгөн гүлдөп көгөрсүн, Кор турмуш сынал болуп көтөруп сындаш керек, Көздөгөн жылды эки жаш.
  • Акылдан алып ай жүзүң келишкен, Жашоомдо жарык тийгизген периштем. Көңүлдү эзип назик күлгөнүң, Жаным, өзүңсүң – жалгызым, сүйгөнүм. Кайырма: Сыр болуп келет, Сага гана айтылбай. Сен жакка аккан ай, Сүйүүнүн мүрөгү. Бакыт тартуулап, Бизге гана, аттиң ай. Керемет экен ай, Махабат түнөгү. Кызыл гүл болсоң, үзбөй жыттайын, Кыйылып, алыс жаныңан чыкпайын. Сен бакча болсоң, барып, коноюн, Сен деп ырдаган, торгоюң болоюн. Кайырма:
  • Арзуунун аралында, Ак сүйүүгө кабылдым. Жылуу чачып жүрөктөн, Жылдыз болуп тагылдың. Ойлойм сени ар убак, Армандардан аруулап. Тургум келет жаныңда, Тунук сүйүү тартуулап. Кайырма: Арман махабат ырларында, Арман кыялдын кылдарында. Арман жүрөктүн сырларында, Жалган сүйүүнүн ыргагында, Кыялдын кылдарында… Өмүрүмдү арнадым, Өзүң болуп жалжалым. Түбөлүк бакытым деп, Мен өзүңдү тандадым. Жете албай мен кол сунам, Элесиңе зар болуп. Сени ойлоп отурам, Сенсиз дүйнөм тар болуп. Кайырма: