Казахские песни Узбекские песни

Песня «Арман»
исполнителя Кеңеш тобу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Арзуунун аралында,
Ак сүйүүгө кабылдым.
Жылуу чачып жүрөктөн,
Жылдыз болуп тагылдың.
Ойлойм сени ар убак,
Армандардан аруулап.
Тургум келет жаныңда,
Тунук сүйүү тартуулап.
Кайырма:
Арман махабат ырларында,
Арман кыялдын кылдарында.
Арман жүрөктүн сырларында,
Жалган сүйүүнүн ыргагында,
Кыялдын кылдарында…
Өмүрүмдү арнадым,
Өзүң болуп жалжалым.
Түбөлүк бакытым деп,
Мен өзүңдү тандадым.
Жете албай мен кол сунам,
Элесиңе зар болуп.
Сени ойлоп отурам,
Сенсиз дүйнөм тар болуп.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Эзилдим канча, Эч нерсе келбей колумдан, Эстетип мени, Кетпедиң такыр оюмдан. Кайырма: Көңүлүм чөгүп, жүрөгүм турат кайгырып, Какшыган чөлдөй, каламбы сенден айрылып. Кубантып мени келсеңчи кайра кайрылып, Күтөмүн сени келсеңчи жаным кайрылып. Канчалык мага, Кыйындай болсо айрылуу, Жанчылып жүрөм, Кыйындай сага кайрылуу.
  • Алыстап каректен каараның Адашып жол таппай барамын Арманга байланган жүрөктү Таба албай кыйналдым айласын Түбүндү тушаган саананын Кечемин түйшүктүн аралын Бир баскан бактылуу күндөрдү Кантейин сагынып барамын Кайырма; Сагындым жаным өзүңдү ойлоп Жүрөкө толгон сезимди козгоп Сагындым жаным сүрөтүң карап Жоготкум келбей сактаган бойдон Айыккыс жүрөктүн жарасын Азапка салды көз карашың Байланган биздеги сезимди Билбедим бош болуп каларың Бактылуу күндөрдүн барагын Кайрылып өткөндү карадым Кайчылаш өткөргөн жолдорду Бир күнү издеп табамын
  • Жаады алтын апапак кар жаңылык, Ай нуруна, күн нуруна чагылып. Кубанычта бөлөп сезим тазарткан, Аппак карды биз күткөнбүз зарыгып. Алтын карга ак тилекти кошолу, Алоолонсун жакшылыктын очогу. Ыр-күлкүнүн дүйнөсүнө бөлөнсүн, Ырдап-бийлеп Жаңы жылды тосолу. Жакшылыктын жарчысы бол, Жаңы жыл, Эл-журттумдун бактысы бол, Жаңы жыл. Ак сүйүүнүн ачкычы бол, Жаңы жыл, Жаңы жыл… Жараткандын белеги бол, Жаңы жыл, Ар адамдын жөлөгү бол, Жаңы жыл. Бейпилдиктин желеги бол, Жаңы жыл, Жаңы жыл… Жаңы жылдын койнунда көп жаңылык, Кел Жаңы жыл, биз күтөбүз зарыгып. Жаңы бакыт, жаңы таалай кучактап, Жаңы жылым келе жатат жаңырып. Кел досторум ырдап обон созолу, Келгилечи үнгө, үндү кошолу. Жаңы жылда жакшы жашоо жар болсун, Жакшы ыр менен Жаңы жылды тосолу.