Казахские песни Узбекские песни

Песня «Салам, Салам»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Батасы эл көгөрткөн
Бакайдай аталарга
Салам, салам.
Аскар тоо жөлөк болоор
Ак калпак агаларга
Салам, салам.
Акылга акыл кошкон
Ардактуу энелерге
Салам, салам.
Кылыгы жанга жагым
Кымбаттуу жеңелерге
Салам, салам.
Ата журт жанга кубат
Ала-Тоом алтын турат.
Салам, салам.
Ырыскы ынтымакка
Кол берген таалай-бакка
Салам, салам.
Бар эмгек, бейкуттукка
Ак дилдүү жакшылыкка
Салам, салам.
Ыр майрам салтанатка
Баарына, бар тарапка
Ырыскы ынтымакка
Кол берген таалай-бакка
Салам, салам.
Бар эмгек, бейкуттукка
Ак дилдүү жакшылыкка
Салам, салам.

Максатташ өскөн жаштар
Саламдаш кадырлаштар
Салам, салам.
Катарлаш карлыгачтай
Кара көз карындаштар
Салам, салам.
Жакшыңды ыр кылаарым
Жан дүйнөм сыр кылаарым
Салам, салам.
Кубанып кол алышкан
Курдаштар, курбуларым
Салам, салам.
Ата журт жанга кубат
Ала-Тоом алтын турат.
Ырыскы ынтымакка
Кол берген таалай-бакка
Салам, салам.
Бар эмгек, бейкуттукка
Ак дилдүү жакшылыкка
Салам, салам.
Ырыскы ынтымакка
Кол берген таалай-бакка
Салам, салам.
Ак эмгек, бейкуттукка
Ак дилдүү жакшылыкка
Салам, салам.
Ыр майрам салтанатка
Баарына бар тарапка
Ырыскы ынтымакка
Кол берген таалай-бакка
Салам, салам.
Бар эмгек, бейкуттукка
Ак дилдүү жакшылыкка
Салам, салам.
Ырыскы ынтымакка
Кол берген таалай-бакка
Салам, салам.
Бар эмгек, бейкуттукка
Ак дилдүү жакшылыкка
Салам, салам.
Атына жалынаарым
Айланам туулган жерим
Ырыскы ынтымакка
Кол берген таалай-бакка
Салам, салам.
Бар эмгек, бейкуттукка
Ак дилдүү жакшылыкка
Салам, салам.
Ыр майрам салтанатка
Баарына, бар тарапка
Салам, салам.
Атына жалынаарым
Айланам туулган жерим
Салам, салам.
Алыста сагынаарым
Атпай журт кыргыз элим
Салам, салам.
Белектей Теңиримен
Бейиштей кыргыз жерим
Салам, салам.
Алакан чаап тоскон
Асылым кутман элим
Салам, салам.
Ата журт жанга кубат
Ала-Тоом алтын турат.
Салам, салам.
Ырыскы ынтымакка
Кол берген таалай-бакка
Салам, салам.
Ак эмгек, бейкуттукка
Ак дилдүү жакшылыкка
Салам, салам.
Ыр майрам салтанатка
Баарына бар тарпка
Салам, салам.
Салам, салам.
Салам, салам.
Салам, салам.

Другие песни исполнителя:

  • Айылга эс алууга бардым эле Арбалып бир периге калдым неге? Байкабай жүргөнүңдү билбей мурун Көркүңө көз ирмемге тамдым көрө. Кайырма: Сулууга кимдер гана жалынбасын Сук артып кантип аны сагынбасын. Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың Кара көз токтогулдук карындашым. Өрт жалын аптабыңдан үйлөдүңбү? От чачкан карегиңден күйөйүнбү? Айга окшош толуп турган кезиң экен Аппак кыз алда кимди сүйбөдүңбү? Кайырма: Сулууга кимдер гана жалынбасын Сук артып кантип аны сагынбасын. Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың Кара көз токтогулдук карындашым. Мезгилдер кайчы кеткен төкчү пейил Мен сени сүйөөр убак өттү дейин. Жөлөнсөң ийиниме жөлөн, бирок Жөн гана карындашым деп жүрөйүн. Кайырма: Сулууга кимдер гана жалынбасын Сук артып кантип аны сагынбасын. Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың Кара көз токтогулдук карындашым.
  • Таарынба, садагам, таарынба, Жалооруп сен мага кайгырба. Жанаша сен басып ал менен, Көңүлдү сен антип калтырба. Башында сен жүрдүң каткырып, Сүйөм деп сен мени жактырып. Эгерде чын сүйсөң сен мени, Эмне үчүн кетесиң калтырып? Себебин билдим мен акыры, Ата-энең бербептир тагдырды. Болтуруп сени башка менен, Кайгыга мени калтырды. Сен тиктеп менин көзүмө, Кечир деп ыйладың өкүнө. Ошондо сенин сөзүңдү угуп, Калтырап кеттим мен буулугуп.
  • Ысысан чалкыган мен кол болоюн Ушусон эшилме кол чол болоюн Ойдодо обок болор бел болоюн Самайын кытыгылар жел болоюн Не болсон бир озуно тен болоюн Чалыксан эс алдыраар дем болоюн Тарынтып капалантса кимдир бироо Ыр ырдап конул ачу мен болоюн Ношорлу жамгыр болуп тогулойун Ойлонсон санан болуп чомулойун Тажасан бардыгынан сен чалыксан Бейиште кул зар болуп корунойун Не болсон бир озуно тен болоюн Чалыксан эс алдыраар дем болоюн Тарынтып капалантса кимдир бироо Ыр ырдап конул ачу мен болоюн Шеберди араласам шудурумун Кул терсем сага керек менбурунмун Жаркыным мени карап кулуп койчу Эч жерге таштап кетпес тун суйумду Не болсон бир озуно тен болоюн Чалыксан эс алдыраар дем болоюн Тарынтып капалантса кимдир бироо Ыр ырдап конул ачу мен болоюн Суу ичсен тамчы болуп чачырайын Ай болсом коктон карап ашыгайын Уйкудан эртен менен уктап жатсан Жел болуп ойготуга шашылайын Не болсон бир озуно тен болоюн Чалыксан эс алдыраар дем болоюн Тарынтып капалантса кимдир бироо Ыр ырдап конул ачу мен болоюн Шеберди араласам шудурумун Кул терсем сага керек менбурунмун Жаркыным мени карап кулуп койчу Эч жерге таштап кетпес тун суйумду
  • Түн сүйүүмдү сага болгон, Ушунча да эзесиңби? Сага арнап ырдап жатам, Сүйүүмдү сен сезесиңби? Кайырма: Сага арнаган ак сүйүүнүн, Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен, Токтогулга кетесиңби? Жолугууга чакырайын, Жообун айтып келесиңби? Анчалык көп кыйнабачы, Алда мени сезесиңби? Кайырма: Айтчы гана, жообун айтчы, Алоолонуп күйүп барам. Анчалык көп назданбачы, Ал ансайын сүйүп барам. Келчи, гүлүм көп күтпөстөн, Максатыма жетсем окшойт. Күтө бербей Токтогулга, Алып качып кетсем окшойт. Кайырма:
  • Көркүңө көзүм тойбойт асыл эркем, Көөдөндө арзуу ыйлайт сага деген. Армансыз бул дүйнөдөн өтөт го дейм Айжаркын сени сүйүп, сага жеткен. Армансыз бул жашоодон өтөт го дейм Айжаркын сени сүйүп, сага жеткен. Мергендин огу жетпес аркарсыңбы, Мээнеткеч чырмаган же аркансыңбы. Адамдан сендей сулуу жаралабы, Акылдан адаштырган калтарсыңбы. Адамдан сендей сулуу жаралабы, Айжаркын адаштырган калтарсыңбы. Туйлаган агын сууда балык болуп, Тушалдым, туталандым карып болуп Адашып арзуудан жол таппай жүрсөм Айжаркын шоола чачкан жарык болдуң.