Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бир өзүңө»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ысысан чалкыган мен кол болоюн
Ушусон эшилме кол чол болоюн
Ойдодо обок болор бел болоюн
Самайын кытыгылар жел болоюн

Не болсон бир озуно тен болоюн
Чалыксан эс алдыраар дем болоюн
Тарынтып капалантса кимдир бироо
Ыр ырдап конул ачу мен болоюн

Ношорлу жамгыр болуп тогулойун
Ойлонсон санан болуп чомулойун
Тажасан бардыгынан сен чалыксан
Бейиште кул зар болуп корунойун

Не болсон бир озуно тен болоюн
Чалыксан эс алдыраар дем болоюн
Тарынтып капалантса кимдир бироо
Ыр ырдап конул ачу мен болоюн

Шеберди араласам шудурумун
Кул терсем сага керек менбурунмун
Жаркыным мени карап кулуп койчу
Эч жерге таштап кетпес тун суйумду

Не болсон бир озуно тен болоюн
Чалыксан эс алдыраар дем болоюн
Тарынтып капалантса кимдир бироо
Ыр ырдап конул ачу мен болоюн

Суу ичсен тамчы болуп чачырайын
Ай болсом коктон карап ашыгайын
Уйкудан эртен менен уктап жатсан
Жел болуп ойготуга шашылайын

Не болсон бир озуно тен болоюн
Чалыксан эс алдыраар дем болоюн
Тарынтып капалантса кимдир бироо
Ыр ырдап конул ачу мен болоюн

Шеберди араласам шудурумун
Кул терсем сага керек менбурунмун
Жаркыным мени карап кулуп койчу
Эч жерге таштап кетпес тун суйумду

Другие песни исполнителя:

  • Тагдыр берген омур кечи, танынан, Таткан барбы эн бир ширин балынан. Сонун, сулуу ошончонун ичинен, ай Боюнда бар аял сулуу баарынан! Кайырма: Урпак улап адамзатка элине Мээрим чачып тирүүлүктүн демине Тагдыр жүргөн аралаган ааламдын ай Боюнда бар аял сулуу деги эле. Эңсөөлөрдү жакшылыкка коштотуп Эртеңкинин үмүтүнө от кошуп Жан бүткөнгө жашоо берген эненин Жер шарына турганына көр окшошуп Кайырма: Урпак улап адамзатка элине Мээрим чачып тирүүлүктүн демине Тагдыр жүргөн аралаган ааламдын ай Боюнда бар аял сулуу деги эле. Менде кабар, жакшы тилек бир үзүм Туюкбайым бактым, нурлуу үмүтүм. Эл намысын коргогон эр чыкса деп, ай Төрөлүшүн күтүп жүрөм күнү-түн. Кайырма: Урпак улап адамзатка элине Мээрим чачып тирүүлүктүн демине Тагдыр жүргөн аралаган ааламдын ай Боюнда бар аял сулуу дүйнөдө! Боюнда бар аял сулуу дүйнөдө!
  • Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат, Ойноок көз курбум карашың кымбат. Сагыныч эзет сары оору кылып, Өзгөчөм деймин башкадан ылгап. Кайырма: Ооруду жүрөк ок болуп тийген, Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн. Канча жан мага арзыды экен, А бирок сенден башканы сүйбөйм. Сагындым сени үлбүрөп турган, Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм. Жол бою өскөн дарактай болуп, Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм Кайырма: Кыйбасым ойлон кымбатым жандын, Жанымда болуп жалындай жангын Антпесе өмүр боектой өчөт, Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.
  • Кызыктырган гүлүм, ай Кызыгамын, билгин ай. Жандап баса албаймын Жалтантат го сүрүң ай. Кыйнап мени бүттү го Кызгалдактай түрүң ай. Күлмүң көзүм, татынам Күбүлбөсүн бүрүң ай. Кайырма: Ах, гүлүм ай, гүлүм ай Сага таза дилим ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап Чарчады го тилим ай. Ох гүлүм ай, гүлүм ай, Сага таза сүйүүм ай Чаңкап суусап, ыр ырдап Чарчады го тилим ай. Басканың бут маралдай Батынып мен баралбай. Чаң толсо да камбары Чай ичкендей карандай. Кол сунсам да жетпедим Койсоң эмне жаралбай. Ээнсиреп кыйналдым Эл баспаган аралдай. Кайырма: Ах, гүлүм ай, гүлүм ай, Сага таза сүйүүм ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап. Чарчады го тилим ай, Эх, эх, гүлүм ай Сага таза сүйүүм ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап. Чарчады го тилим ай. Суу аласың булактан Суугун артып караткан. Качан сага сырдашам Калыс болчу жараткан. Сезилбестен өткөнбү же Сени сүйөөр курактан. Таң берейин жүрөккө Тамшандырып сураткан. Кайырма: Ах, ах, гүлүм ай, Сага таза сүйүүм ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап. Чарчады го тилим ай, Эх, гүлүм ай, гүлүм ай Сага таза сүйүүм ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап. Чарчады го тилим ай.
  • Кейибей бул жашоодо башың көтөр, Кедейлик, бул күндөр да өтөр, кетер. Кемийт дейт хандын тузу, кези келсе, Кедейлик уят эмес, эгер билсең. Байлыгың — колдун кири, жууса кетет, Балага мээрим болсун, урмат менен. Бапырап тынч жашасаң, ошол бакыт, Баарынан бейпил болсун Ата Мекен. Байлыкка кимдер гана умтулбаган, Байлыгы аз адамдар тынч уктаган. Байлыктын азабы көп, түбү түпсүз, Байлыгың адамды жөн куткарбаган. Басынып кереги жок байлык үчүн, Балдарың болсун сени урматтаган. Бардыгы өтөт, кетет изи калбай, Баарынан бала кымбат көч улаган. Күндүн да түнү болот капкараңгы, Күүгүмдүн таңы болот, жарык жаңы. Кундуздай кара чачың кечээ болсо, Кубулуп эртең башка, бубак басты. Жетишпес оокат бүгүн, эртең башка, Жетилет уулуң дагы, кызың дагы. Жемиши болот жаздын, күздү күтсөң, Жер эне бейпил болсо, болот баары. Армансыз бул жашоодо адам болбос, Аягың бир төгүлсө, кайра толбос. Аярлап күтсөң токтойт байлык дагы, Адашып бир жоготсоң кайра конбос. Адамды сынайт экен бакыт дагы, Асырап ары, келген кир жолотпос. Аялуу буюмуңдай аруу күтсөң, А балаң түбөлүктүү болот жолдош. Азамат эмгектенип уйку билбейт, Арсыздар бекер жүрүп күн кечирет. Ак эмгек жерде калбайт, элиң баалайт, Адалдык атак берет, даңкты берет. Адамды адам кылган — асыл эмгек, Байлыкты, бакытты да ал алып келет. Алтын баш аман болсо, акыры бир күн, Алтындан аяк алып суу ичет. Кейибей бул жашоодо башың көтөр, Кедейлик, бул күндөр да өтөр, кетер.