Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ынтымак»
исполнителя Саламат Садыкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат,
Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат.
Ынтымагы бар элдин эли чогуу жыйылат,
Ынтымагы жок элдин эли качып суюлат.
Ынтымагы бар элдин кары-жашы тоюнат,
Ынтымагы жок элдин кара көзү оюлат.
Ынтымагы бар элдин калага карды ток болот,
Ынтымагы жок элиң бир-бирине ок болот.
Ынтымагы бар элдин дүркүрөп өсөт балдары,
Ынтымагы жок элдин сөзүнөн чыгат жалганы.
Ынтымагы бар элдин адил болот улугу,
Ынтымагы жок элдин нечен чыгат бузугу.
Ынтымагы бар элдин кеңеш берет карысы,
Ынтымагы жок элден тозуп качат баарысы.
Ынтымагы бар элдин катар конот айылы,
Ынтымагы жок элдин эч билинбейт дайыны.
Ынтымагы бар элдин жарып сүйлөйт чечени,
Ынтымагы жок элдин жабырап сүйлөйт нечени.
Ынтымагы бар элдин келишимдүү баарысы,
Ынтымагы жок элдин сөзүнүн кетет мааниси.
Ынтымагы бар элдин меймандос болот аялы,
Ынтымагы жок элдин адамга тиет залалы.
Ынтымактуу эл болсо душманга тийген ок болот,
Ынтымаксыз эл болсо дыркырап качып жок болот.
Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бөлүнөт,
Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар.

Другие песни исполнителя:

  • Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган, Нурларынан курган кайран көпүрөм. Бекемине күмөн санап жаңылган, Өтүмү жок болгонума өкүнөм. Кайырма: Кимге айтып күйүтүмдү? Кимге барып өтүнөм? Кимге барып күнү–түнү? Кимге айтып күйүтүмдү? Кимге барып күнү–түнү? Кимге барып өтүнөм? Таңшыганча табышмактуу таң сыры, Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү. Табалабайм кайрылганда айт чынын, Артык бекен башка жердин көркөмү? Арбалсаң да бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Эстегенде сермелерсиң, Арбалсаң да бир келерсиң, Эстегенде сермелерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Кала берем мекенимде сени эстеп, Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо. Өкүнгөнүң көңүлүмдө элестейт, Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүң, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо.
  • Элесиңди карап турсам сүрөттөн, Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн. Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу, Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн? Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай, Жүзүң жанат балбылдаган чырактай. Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан, Эзелтеден бирге жүргөн ынактай. Сансыз жылдыз бизди гана карашып, Сени менден, мени сенден талашып. Ойноп-күлүп, көпкө жүрдүк, жаркыдык, Кеткичекти аппак болуп таң атып.
  • Бук болгон бул дүйнөмдү канча алдадым, Буулуктум билбеген соң кайтар жагым. Ак куулар учуп өтсө карай берем, А балким, айтабы деп кабарыңды. Ак гүлдөр, аппак гүлдөр, ай- күндөр, Адашкан жамгыр көрдүм, айта албадым. Сагынып санаа дагы, баягы ырды, Сай бойлоп тоскум келди шамалыңды. Күн сайын сен тарапты тиктей берем, Күтүүнүн чөлүндө өттү канча арманым? Көк гүлдөр, көпкөк гүлдөр, көркөм гүлдөр, Көрүүгө зар кылдың го карааныңды. Билбеймин качан кетем, качан келдим? Бир бурчун таба албадым батар жердин. Биз эми бул жалгандан кездешпейбиз, Бир гана сен деп өңдөн азар менмин. Жаш болбойм, жакын болбойм, жар да болбойм, Сен мага азап болдуң, жашай бергин, Сен мага арман болдуң, жашай бергин.