Казахские песни Узбекские песни

7gen.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 2

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

7gen

  • Жер титирегенде, суу каптаганда Ар бирибиз кадимкидей пенде Адамгерчилик эн башкы тамга деп Эскерүү келип турганда (Эскерүү келип турганда, ) Аң сезимди оң бурганга (Аң сезимди оң бурганга) Сенин көздөрүң ачылат Өзгөрүү тамчылап Эң биринчи суусап Маданият, табият! Кайсыл катарда болоруңду танда Кайсыл сапаттар жоголуп адамда?! Адаттагыдай оролуп арамга Баратабыз айла жоктой акыр заманга Биз даяр болгондой! Бир өмүрдү толук колдонбой! Адашабыз чие жолдордой Өнүгүүсү жок-жок долбоордой Өзүбүз өзүбүздөн коргонбой! Алгалай бер кыргыз эл Азаттыктын жолунда! Өркүндөй бер, өсө бер Өз тагдырың колуңда! Бир дегенде көз ачтым Эки дегенде сүйлөдүм 3кө жетээр менен чачтым Кызыктуу тарыхты дүйнөнүн! Ар бир тилектен бир бата! Жаш зиректен бир бата! Тынчтык үчүн гана асманга Замбиректер атат Биздин аталар үчүн Апалар үчүн Өнүгүп өскөнгө себеп болгон каталар үчүн! Мен Барсбектин уулумун! Кылым каарыткан улутум! "Кыргыздар" ууругум! Күнүмдү тоспойт булутуң! Негееее? Десең, десең, десең! Мендееееее Эркин жүрөк согот эгер билбесең! Алгалай бер кыргыз эл Азаттыктын жолунда! Өркүндөй бер, өсө бер Өз тагдырың колуңда!
  • Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Алар жок-жок! Жок-жок! Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Алар жок-жок! Жок-жок! Кара жок-жок! Жок-жок! Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК! Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК! Алар жок-жок! Жок-жок! Акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК! Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК! Алар ЖОК-ЖОК! Мисалы менде баары жакшы ооба, сенде баары сонун Эң эле начар жашаганды ойлонсоң Кызматтан эмес адамдык сапаттан сыйлап келем чоңун Балким өкүл атаң үчүн жетекчи болгонсуң Ооба, ооба сонун жерибиз бар бирок элибизчи Жерибизге татыктуубу айтып бериңизчи Чала аткарып жарандык милдетиңизди Бийликке шылтап, мен эмесмин дедиңизби! Ооба ооба сиздин күнөөңүз бул жерде жок, жок, жок тура! "Кыргызмын" деп көкүрөккө сок сок соккулап Тили узун коён жүрөк коркоктор булар Тыйын үчүн бири-бирин токмоктоп турар! Ооба кээде болот мээбизге жетишпейт Жеп жутуп жашаган эң негизги этиштей Канча деген адам кана кимиңерге тепкичтей?! Билбейм бирок билем Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК! Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК! Алар ЖОК-ЖОК! Акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК! Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК! Алар ЖОК-ЖОК! Мисалы менде баары жаман, сенде начар андан дагы Экөөбүз Кудайдын каргышына калгандай Башкалардыкын укканда айта турчу армандарын Бакыт берген жакка эң акыркы баргандай! Бизге жетпеди деп байкуштун кейпин кийбе Ырысыңды өзүң тап, бөлөктөрдүкүнө тийбе Меники музыка, азырынча маданийде Кулагыңа кыйнап сайылбаган ийне! Же тескеринче, кээ бирөөнүн мээсин жеп Мага жакпайт берегирээк турамын колдон келишинче Же тескерисинче, мага бери келсинчи де Акыркы айта кетчүү сөзүм менин Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК! Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК! Алар ЖОК-ЖОК! Акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК! Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК! Алар ЖОК-ЖОК!
  • Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Кез кезде, кез кезде, Мамилени тез тез кеспе! Баары мени жек көрөт жеке, Девечи жөнчү, жөнчү антпе! Же эмне? Жер сен үчүн тегеренгендей каадаланбай эле койчу(койчу). Азырынча жок небереңшдердей, эркелебей турчу, чонойчу! Мен жакшы - сен жаман! Сен жакшы - мен жаман! Эгерде мага мендей адам кезиксе мен ага сөзсүз жагам! Ойлобо анан, кереги жок мага садагаң, Азыр түшүнбөйсүң, түшүнбөсөң жанатан! акты издеймин карадан, Жол-жол-жол мына мына баратам! Мына музыкага жеңилгеним Угарманымдай элим менен Аткарып беремин аккандай терим! Мына музыкага жеңилгеним Угарманымдай элим менен Аткарып беремин менин аккандай терим! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Карасаң баары оппоңой, Турдуң, жуундуң уйку топтобой. Мүмкүнчүлүгүңдү жоктобой , Жылуу жылуу кийе кой-кой бортонойду Ар бирибиздин тагдырыбызда, Убакытыбыздын баардыгы кыска. Себеби жок тырышпа. Тыгылышпа, бери кара жылышка! Өнүккөндөргө туруп кол чабам. Өнүкпөгөндөр как минимум ошончо адам. Биринен бирине үмүттөнүп жол табам. Биринен бирине кичи көпүрөдөй 10 кадам!! Адамга такалба, такалган таштандыдай водоканалда. Акыл сөз макалда, сакалдуу гана эмес илимпоздордой аксакалда! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?!
  • Жети Жолу Азыркы даяр жайнаган мүмкүнчүлүктөрүмдү көрүп Кыла берейин э токтоп калгыча жүрөгүм Күндө кыштын суугун сезбегендей өрттөнүп Жаныман сууруп чыгарып жазган РЭП үчүнчү бөлүк! Жок эле дегенде классташым 30га чыгып Жегениме хип хоптун как башын 12чи жылы! Билесиңби канчалык терең сыйкырчылыгым? Жакын турчу бери көргөзөйүн кыргыз рэптин сырын (ай!) Бакырбай, акырын айтып шашпай Чыда-чыда деген көз караштай Өтө бай болсоң да акчада эч адашпай Сакага кытты куйгандай кулакка сай! Деги эле жок дебе! мыкты адамдарды бизде жок дебе! Ошол эле адамдар болот кээде топ тебет! Бири бийлейт, бири бит кылат, бирине бит бокс жетет! Ичибизден чыккан бир балее экен хип хоп деген! Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Атым Жетиген Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Көп ойлонсоң башкалардын ойу жөнүндө Абдан катуу тийчү сөздөр алып коет көңүлдү Кепти үлгүрөмбү бүтүргөнгө же өлөмүнбү?! Токтото туррррр андай ой жүгүрткөнүңдү! Менин балдарым ачка калаарын каалабагын эч Дегенсип күн тийбес болгон балачагым дебечи! Цой сезгениңди кой дейм өзүңдү кечке Эркекче бирөөдөй болуп жүргөндү жактырбастыр эч ким! Псевдорэптин пачагын чыгарып бет ачаарындагы (жанагы) Мыкты аткаруучулардын начар ырларын! Билгендей баарын, өзүн көрүп чебер катары Көпчүлүктө мындайлар кылбай күтөт качан жылаарын! Соо караймын көп нерсеге ишене бербеймин Чегип алган Че Геварадай чеги менен! Такалаган эшегим жок эми! Fuck u Pay me! Шыгым болсо да демек мага бекерден берилбеген! Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Атым Жетиген Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем!
  • Илгери илгери, бир саясатчы жөнүндөгү сөзүм белгилүү жомоктой. Угулушу күлкүмүштүү кээде, бирок көпчүлүгүндө мааниси кошоктой! Анткени, бул байкенин бай экени Билинген деле эмес буту бар чолоктой. Ак үйдөн бери чыгып жолдо жолуккандын баарын алдап кетти тоголоктой колобоктой! Мен эгерде губернатор болгондо, Эң биринчи көңүл бурам жолдорго! Мен эгерде депутатың болгондо, Иштеп берем азгырылбай сомдорго! Мен эгерде министириң болгондо, Аракет кыламын тез оңолгонго! Мен эгерде президент болгондо, Аэропортко жолобойм жоголгонго! Жөнөкөй жаран болгондуктан, Шылтоолоруңуздан биртоп уккам! Чындык чымчыктай учпайт оозуңуздан, Көйнөк таза бирок жолуңуз чаң! Же калпбы? артка тартты каада салт Же жалпы кыргыз калкым өнүккүсү келбей калыптыр, чирип тарыхы, төгүлүп чачылып тамчылап чогулткан мурасынын баркы! Мен Мектеп куруп берем бала бакчадан, Эптеп туруп эле чала баштасам! Мага Тендер менен которулган акчадан, 100дөн беш пайызы өзүн өзү актаган! Мен да карапайым элдей, Өтө көп термелбей, өсүп келгендей Мен дагы биртууганым сендей, Өлө тердейм элим учун түтөп берген керней! Өлүп кетейин! Мен паракор эмесмин, өлүп кетейин! Ишеничиңерди бергилечи мага дал ошондой адамдарды кармап, бирден камап түбүнө жетейин! Нан урсун(Нан урсун) өлүп кетейин! Казынанын эсебинен алып балдарымды чет өлкөгө эч качан жибербейм. Кыргыз элим жок, жок, жок мен антпейм! Себеби... Мен эгерде губернатор болгондо, Эң биринчи көңүл бурам жолдорго! Мен эгерде депутатың болгондо, Иштеп берем азгырылбай сомдорго! Мен эгерде министириң болгондо, Аракет кыламын тез оңолгонго! Мен эгерде президент болгондо, Аэропортко жолобойм жоголгонго! Оңой жумуш сенин эле акчаңа, жардамга аба менен учуп барганга сага!Болду эми анча арданба, Мендей саясатчы сендей менен тандалган! Бирок кеч эмес өзгөртүүгө баарын, Бизди кетирбесең кетирет балдарың. Же кетирбейби? Мен билбеймин. Көргөн эмесмин кантип тарбияланганын! Маселенин башындагы сенсиң, аягында мен, Жетишинче жеп кеткен, Ар бир эркектен ийгиликтүүрөөк болуш үчүн, добуш үчүн баарыңарга жем сепкем! Менин элим, менин жерим, Мени колдоп жаткан байкелерим, силерге таазим терең! Менин элим, менин жерим, салык төлөп Үй-бүлөөмдү бакканыңды эч бир унутпай келемин! Мен эгерде губернатор болгондо, Эң биринчи көңүл бурам жолдорго! Мен эгерде депутатың болгондо, Иштеп берем азгырылбай сомдорго! Мен эгерде министириң болгондо, Аракет кыламын тез оңолгонго! Мен эгерде президент болгондо, Аэропортко жолобойм жоголгонго!
  • Бүгүнкү күнүңдө, Кайрадан мен, тааныдыңбы үнүмдү? Маек болот азыр ар кандай нерселер жөнүндө. Айырмасы жок дос, жумушта үйдөсүңбү, Же жолдо жүргөн болсоң чаптырып күлүгүңдү. Өтө ылдам эмес, жай эрежени бузбай Баратканда достор чалат, “каерден чыга калайын?!” Жакындардын катарында буйуртса бакыт таалай. Ушундай эле дос балдарды мен силерге каалайм. Самат, Канат, Эрмек! Үч эркек Жүрөт эрмектеп, номер 2чи мектепти эстеп. Ар кандай кесипте айлыктарын эсептеп, Достурумдун 70 пайызы азыр Бишкекте. Кечээ бир ой келген, депутат болойун деген. Сизге болуп мага неге болбойт экен? Ой кенен. “Ооба, сиздики эң туура” - деп турган адам менен элиме жардам берем деп Кумтөрдү казам терең! Же болбосо жүрөгүм чыдабаса каргышка, Катышпайм ким биринчи байыйт деген жарышка. Кээбирлердей эмесмин суудай аккан акчага жабышкан, Андан көрө тынч картайып жүрөгү таза абышка болуп, бакытка толуп, Жаш кезде мас эмес деп соолуп, баары эң сонун, чыпчын ден соолук! Пайдасы менен өмүр сүрүп аксакалдай Ала Тоолук! Урушу жок дүйнөдө жашап кетүү жетет, мага болот! Же көптөгөн бүркүт көзмүн деген жигиттердей, Сүрөтчү болом, кыйраткан жумушту бийлик бербей. Укмуш кылам деп иштеп жатканда ийилип тердей, Сүрөттөн түшкөн акча жоголот экен бирдиктердей! Бирөө айтат айдоочу болсоң, аз басып көп толсоң! Жок! Күтө турсаң, биринчи жолдор оңолсун, Май арзаныраак болсун, андан соң Анан көрөбүз канчалык сен камсыздандырылгандардансың! Же мейли, мейли ойлонуп туруп бизнес ачамын, Бирок стартапка мен, каерден алам акчаны? Насыяны алам деген ой менен толтуруп баракчаны, Иш жүрбөсө өлдүм, күйдүм алып кетет ак халатчаны! Анда кеттик офиске, кереги жок бизге Кечке тиктеп көздү кыйнап түзүп жатсаң бир топ тизме. Тыныгууда тамака тойбой жок жерден ильхом издеп, Андай болуп кетсе бир четинен Жетигенде “Hip-Hop is Dead” Сага бир, мага бир миң сомго Добушуңду бер деп ким коротот миллионду?! Сол жактагы акчаны көп карабагың, саткын болбо азгырылбай акыйкатты эрчи оңго! Сен добуш бербесең сенин ордуна Добуш берет бирөө сөзсүз түрдө баардыгы оңой тура! “Өнүкпөйт бул, өзгөрбөйт бул” - деп жаткандан көрө Өзүңөр баргыла, добуш бергиле, кол койгула! Учабыз бийик акыйкаттын канатында, Биримдик, ынтымактын тарабында. Айтчуу сөзүм ачык айкын санатымда, Чындыкты бекем карма алакыныңда!
  • Олтурамын көлдүн жээгинде, Шамал үйлөп кулагыма шыбырайт. Жеримдин кереметине Көз салып коюп тур деп акырын айтты мага, Мен аркылуу мени уккан угармандын баарына, Жашоого бир келген сенин жаныңа Жаңыдан көлдүн ыры жазылган. Үйүң жок болсо, үйүң бар унутпа! Издебегиң ал бутуңдун алдында. Үйдө талап жок кандай улутка, Сабыр менен орун берип унчукпа. Бүтүп калды баяным менин, Эшигиңди ачып кирип келди. Илгери илгери, өткөн күнүмдө, Кайсыл жерде жүргөнмүн мен? Ыссык Көлүмдө! Дос балдарым менен эс алууга келип алып, Убакыт кечки маал де, кыздары сулууланып. Бир досум нааразы суу кирген үчүн сол кулагына, Алакан менен жабат улам улам. “Аз калды чыда мына! Же мейли, мейли сооп болот! Сенин жаман кылыктарың болсо сурак үчүн жооп болот да.” Туурабы же туура эмесби? Аны сиздер чечесизби?! Менимче азырынча жок, жок андай кез. Чечкен киши улуу баарынан дейт, Жок жок чоң атаңдай эмес! Кирбейт сыйкырчылардын катарына, Бир да жерден эч качан көрбөйсүң Ошондуктан шамалдай сез. Ал сенин ичиңде жашайт, Өткөрбөйүн деп өмүрүңдү пайдасыз! Күн кайнаган кезде ысык жайда, Көлдү көздөй айда! Ызычуу кыйнаса кысып кайра, Көлдү көздөй айда! Кечээ келип баргың келсе кайта, Көлдү көздөй айда! Маанай менен акырындан жайдан, Көлдү көздөй айда! Үчүнчү күн, Акыркы экинин дайыны жок экенин, Текке кеткенин мен эстей калып. Мына бүгүн Тез аракеттенип, саякатка берилип Кызыл өрүк жеп келем кубанып. Меймандуу адамдарга жолугамын, Ассалам Алейкум, Саламатсызбы? Жол уланып! Кээбирлер коноктоп, узатып мурункуларын, Куда тоскондон беш бетер ачылгансып кучагы. Жаман сөз болбосун деп, куттуу келген досум кеп Айтып ыраазычылыгыңды кааласан билдире кет да! Комуз черткенди билсең бип ирээт черт да! Төкмө төксөн төгүлүп калалычы деп баары. Же сиз бизге бүгүн азыр ушул жерден окуй турган эркин түрдөгү китеп барбы? Китебим бар көлдөгү кездер жөнүндө, Эстен өчпөс учурларды алып көңүлдөн. Жамгырдай төгүлгөн менин жылуу сөзүмдө, Жакындарымды сүрөттөп көркөм көрсөткөм! Көп кетирбей азыркы кезде катаны, Ыйманды ар дайым бекем байла жаныңа. Көргөнгө жана билгенге чуркап аттанып, Башталган жашооң жетсин маанилүү аягына! Күн кайнаган кезде ысык жайда, Көлдү көздөй айда! Ызычуу кыйнаса кысып кайра, Көлдү көздөй айда! Кечээ келип баргың келсе кайта, Көлдү көздөй айда! Маанай менен акырындан жайдан, Көлдү көздөй айда!
  • Сыгылган сезимди суулаган Жамгырга ишенбеген жайда Көз алдымда жылдыздай кулаган Жарыгың тең көрүнүп айга! Сылагым келет кучагымда Сага Арнап ырдагым келет кулагыңа Кандай бакыт кандай гана керемет сага Жолукканым убагында! Келээриң менен мен тегеренбей Мээримиңден жер ээлегендей! Себеби кенен себелегендей Сенин аруузатың тебеленбейт! Сен мени кечирбегенде Өзүмдү кантип кечирмек элем! Кумардын куйругун кызыгып эрчибегенде Кайсы катаны кетирмек элем! Сылагым келет кучагымда Сага арнап ырдагым келет кулагыңа Кандай бакыт кандай гана керемет! Сага жолукканым убагында! Келээриң менен мен тегеренбей Мээримиңден жер ээлегендей! Себеби кенен себелегендей Сенин аруузатың тебеленбейт! Менин ар бир күнүм сен! Эң эле эң аруу таза сезимден Мага дем берилген! Ошол заматтан бери мен Кетирбегем алыска сени эмитен Өмүргө тең болгонуң үчүн күнүм сен! Эң эле эң аруу таза сезимден Мага дем берилген! Ошол заматтан бери мен Кетирбегем алыска сени эмитен Өмүргө тең болгонуң билбесең! Келээриң менен мен тегеренбей Мээримиңден жер ээлегендей! Себеби кенен себелегендей Сенин аруузатың тебеленбейт!
  • Эртең менен ойгонуп мен күндө күн көрөмүн. Айырмасыз күн ачык же бүркөлгөнбү. Аба-ырайга карабай ачык маанай, Кичинекей кубанычтай сени күлдүрбөгөнбү?! А мени күлдүргөн, достор менен терип жатканда кычкыл даамдуу бүлдүркөндү. Ата энебиз берген отуз сомго жыргап жайнап жүрчү элек эсимде майрам күнү дүкөндө. Эми, элестетсең сени Олтур кеттик деп айткансып досуң бирдемени, Майды куйуп жолдон сөзгө салды аңгемени, Атбашыны көздөй айдаганы эмнеге экенин. Баштаарын баштап бүтпөй калды анын сөзү, Жеткенде айтам дейт, же сен өзүң көрөсүң, Мейли! Кудайым жол берсин деп! Тулпар кетти алыска жеткизбей көлөкөсүн. Канттан өтүп Токмок менен саламдашып, Поезд менен жарашып, биз андан, ал бизден, биз андан кайра ашып, Өйдөлөп Чүйдөн чыгып көз алдымда көрүнөт Орто-Токойдун башы! Мммммммына Мына Баратам, Айылыма Бишкек Шаарынан! Күтүп жаткан Атам, Апам. Мен да силерди сагынам! Кубакыдан токтоп бираз тамактанып, Жол кыскарып, тамашалап жатканыбыздан. Анан Кочкор жолунда билинбей уктап калып, Ойгонуп сурай калсам аз калды дейт Нарынга! Тоолордон кийин тоолорду аралап, “Долон” деген дөө ийининде араба баратат. Жолдо жайнайт ышкын, карагат. Сатып ал же барып бекер терип даамын тат. Куруттун түрүн айтпа, тилиң сынат андан көрө, Кымызга жете элек экенбиз “Алчы төрт жүгөрү, Жетеби?, Жетеееет! Биринчи түгөнөбү?!” Дедим бир чака карагат, ышкынды артта көрүп. Кымызга жетип, ичип көрүп салыштырып, Эң эле бышканын тандап алып кеттик! Ушинтип дүйшөмбү күнүн биз дем алыш кылып, Аман эсен биздин айылыбызга жеттик! Мммммммына Мына Баратам, Айылыма Бишкек Шаарынан! Күтүп жаткан Атам, Апам. Мен да силерди сагынам!
  • Бир күнү жөнеле ой келди мага Буга чейин айтылбаган Укпай эле кой жазганымдын маңызы болсо жалган Бекер убакытты алсам Эгер түшүнбөй калса Жоок андай болушу деле Мүмкүн эмес угармандарда Жакпаса котор аласаң жок болсо бул жерде Ооба мен күнөөлүү болойун мээңе жетпесе! Ооба мен күнөөлүү болойун эгерде теппесе Өзүңдү кыйнаба чоңойтуп алып эки эсе! Өмүр бою ушул рэп менен Акча табып келет деген Ойуң болсо кой антип ойлобогуң Акча тапкан деле эмесмин кыйналбай эсептесем Кээ бир кезде болду, кээ бир кездерде болбоду! Бирок антип жанымды багайын деген ойум жок Ала тоонун чокусуна барайын деген эле боюнча Кыймылдап жүрөмүн, жазам, тамашалап күлөмүн, жазамын Эң башкы суроо жүрөгүм тазабы ыя? Кээ бирлерге караганда таптаза болбосо дагы Көзүм бар кезде тазалаганга убакыт бар Ушунча идеал болуп калп айтпаган жолдосуңарбы Жаманы жок болгонсуп сын тагып жүргөн адамдар! Кандай болбосоң дагы Өзүң болсоң баары Баары болот өз ирээтинде Көңүлүңө жакканды Күндө кылып жатканда Айтчы башка иштин кереги эмне?! Кандай болбосоң дагы Өзүң болсоң баары Баары болот өз ирээтинде Көңүлүңө жакканды Күндө кылып жатканда Айтчы башка иштин кереги эмне?! Кандай болбосоң дагы Өзүң болсоң баары Баары болот өз ирээтинде Көңүлүңө жакканды Күндө кылып жатканда Айтчы башка иштин кереги эмне?! Эмгек сиңирген артист болбосом да (ай ай) Жетет мени чын жүрөктөн колдосоңор (ай ай) Кургап кетпегиле суу акпай калган сайдай Жашаш керек кедей көрүнсөң дагы байдай! Сөздү алыстатпай, ачыгын айт катпай Сынасың калпты көтөрө албаган бутактай! Болгону болгондой суйлөп Бекем алып жүр өзүңдү сатпай Кымбаттатпай, сактай! Менин жашоом менин өмүрүм(де) Бүт баарынан ашам деп эле жүрөм Биринчи же акыркы боломун деген сөзүмөн Биринчи биринчи биринчи боломун деп өтүнөм! Өрттөнөм, өрттөнгөнүмдү көрө электер көптөгөн! Жөнеле сап тизгенимди же болбосо төкмөдөн Обонум элди топтоп эч качан үркүтпөгөн Өйдө бийик учуп жүргөн кезимде бүркүттөрдөн! Кандай болбосоң дагы Өзүң болсоң баары Баары болот өз ирээтинде Көңүлүңө жакканды Күндө кылып жатканда Айтчы башка иштин кереги эмне?! Кандай болбосоң дагы Өзүң болсоң баары Баары болот өз ирээтинде Көңүлүңө жакканды Күндө кылып жатканда Айтчы башка иштин кереги эмне?! Кандай болбосоң дагы Өзүң болсоң баары Баары болот өз ирээтинде Көңүлүңө жакканды Күндө кылып жатканда Айтчы башка иштин кереги эмне?!