Казахские песни Узбекские песни

Песня «Маек»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бүгүнкү күнүңдө,
Кайрадан мен, тааныдыңбы үнүмдү?
Маек болот азыр ар кандай нерселер жөнүндө.
Айырмасы жок дос, жумушта үйдөсүңбү,
Же жолдо жүргөн болсоң чаптырып күлүгүңдү.
Өтө ылдам эмес, жай эрежени бузбай
Баратканда достор чалат, “каерден чыга калайын?!”
Жакындардын катарында буйуртса бакыт таалай.
Ушундай эле дос балдарды мен силерге каалайм.
Самат, Канат, Эрмек! Үч эркек
Жүрөт эрмектеп, номер 2чи мектепти эстеп.
Ар кандай кесипте айлыктарын эсептеп,
Достурумдун 70 пайызы азыр Бишкекте.
Кечээ бир ой келген, депутат болойун деген.
Сизге болуп мага неге болбойт экен?
Ой кенен.
“Ооба, сиздики эң туура” - деп турган адам менен
элиме жардам берем деп Кумтөрдү казам терең!
Же болбосо жүрөгүм чыдабаса каргышка,
Катышпайм ким биринчи байыйт деген жарышка.
Кээбирлердей эмесмин суудай аккан акчага жабышкан,
Андан көрө тынч картайып жүрөгү таза абышка болуп, бакытка толуп,
Жаш кезде мас эмес деп соолуп,
баары эң сонун, чыпчын ден соолук!
Пайдасы менен өмүр сүрүп аксакалдай Ала Тоолук!
Урушу жок дүйнөдө жашап кетүү жетет, мага болот!
Же көптөгөн бүркүт көзмүн деген жигиттердей,
Сүрөтчү болом, кыйраткан жумушту бийлик бербей.
Укмуш кылам деп иштеп жатканда ийилип тердей,
Сүрөттөн түшкөн акча жоголот экен бирдиктердей!
Бирөө айтат айдоочу болсоң, аз басып көп толсоң!
Жок! Күтө турсаң, биринчи жолдор оңолсун,
Май арзаныраак болсун, андан соң
Анан көрөбүз канчалык сен камсыздандырылгандардансың!
Же мейли, мейли ойлонуп туруп бизнес ачамын,
Бирок стартапка мен, каерден алам акчаны?
Насыяны алам деген ой менен толтуруп баракчаны,
Иш жүрбөсө өлдүм, күйдүм алып кетет ак халатчаны!
Анда кеттик офиске, кереги жок бизге
Кечке тиктеп көздү кыйнап түзүп жатсаң бир топ тизме.
Тыныгууда тамака тойбой жок жерден ильхом издеп,
Андай болуп кетсе бир четинен Жетигенде “Hip-Hop is Dead”
Сага бир, мага бир миң сомго
Добушуңду бер деп ким коротот миллионду?!
Сол жактагы акчаны көп карабагың, саткын болбо азгырылбай акыйкатты эрчи оңго!
Сен добуш бербесең сенин ордуна
Добуш берет бирөө сөзсүз түрдө баардыгы оңой тура!
“Өнүкпөйт бул, өзгөрбөйт бул” - деп жаткандан көрө
Өзүңөр баргыла, добуш бергиле, кол койгула!
Учабыз бийик акыйкаттын канатында,
Биримдик, ынтымактын тарабында.
Айтчуу сөзүм ачык айкын санатымда,
Чындыкты бекем карма алакыныңда!

Другие песни исполнителя:

  • Колумду сунамын сага Колумду сунамын Сен дагы кадамыңды бери карай таштагын эй Ошол кезде чыгыш мүмкүн караңгыдан Бирок өзүңдүн күчүнө кана ишенип баштагын сен [1-й куплет: G-Voo] Ойго батып жаткан кезде Жакыныңдын күлкүсүн эсте Толкунданып турган кезде Тура эмес чечимдериге чуркабагын тезден Жамандыктын бары калат артта Кыйынчылыктарды дагы барктай бил Тажыйрбалуу көз ирмемди дагы эске сактай бил Эгерде унутуп калсан кой дагы бир жолу, чөгөлү чогу Ага көп убакыт кетирбей жүргөнүбү кейибей Кел чогу мени менен чогу Көңүлүңө мукташ болгон адамга ардайлы бирдей See upcoming rap shows Get tickets for your favorite artists You might also like Айырмасы Жок! (It doesn’t matter) 7Gen
  • Салам алейкум Сен ким боломун дедиң эле? А? Кичинекейиңде Кана дагы бир ииий Азыр иштейсиңби ошол жериңде?! Жан дүйнөң жактыргандай Өзүң дагы бериле! Башкы максат жакшы тапса Эмгек актап ташып жатса Аз келгенсип аздан катса Кам санамай жок, санамай акча! Бүгүн алып, эртең сатсаң Түшөт пайда табылмактан Жүгүрүп барып бекем каксаң Түшөт алма алмабактан! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Юрист, экономист Дипломуң балким үйдө Rest In Peace! (Оомин) Mиллион доллар приз Please берчи Мr. Beast Кандай сонун болмок деп Кээде кээ бирөөбүз кыялдана беребиз! Бирок аны күтпөй, муну күтпөй Иштеп ак эмгек менен аппак сүттөй Тердейли, эс алалы "ң" деп сүткө тойгон күчүктөй Мүнөзүңдү өзүң үтүктөй Баштаганың үчүн көтөрө алган жүктөй! Эки эле жол жашаганга Жеңилдиктей же түйшүктөй дос! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Кесипти тандаганда жүрөктү тыңша э?! Болгон майын чыгарып алайын дегидей Сага кызмат камдалганда эптеп-септеп кылба э? Адал эмгек менен адал тамак жегидей! Бирок эң башкы кесип Жогорку катардан Мен экенмин, сен экенсиң! Адам болуп аталган! Кыялыбыз ар кандай ооба билемин таңгалбайм, (таңгалбайм!) Жайнаган жандардай аралашкандай, (аралашкандай) Эмне болсо да баарыбыз тилегибизге Жеткендей жашайлы! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам!
  • Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Сенде эмне бар? Менде эмне жок! Мбаппе, Неймар Дегендей жооп! Фифа элестеткендей го Фифа бойдон калган Джей Лоу! Бирөөңдө там, бирөөңдө сарай Бирөөңөр танк, бирөөңөр калай Бирөөңөр хан, бирөөңөр малай! Бирөөңөр тосот, бирөөңөр жалайт! Канчалык артты караба Түздөйм деген кездерге Мүмкүнчүлүгүң жок барганга! Үзбөйм үмүтүмдү десең деле! Андан көрө бас-бас-бас Кыймылдачы тарс-тарс-тарс Көз коркок деп кас-кас-кас Бүтүргөнүң парз-парз-парз! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады! Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады! Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Качан кирет (башыңа) Бир ирет! Кыялың кайра Тирилет! Айланаң кайра Биригет! Айдаган жайда Чимирет! Муну кылмакмын, тигини кылмак эмесмин Ушул жыл жакты, тигиниси анча эмес экен! Бирок мен таптым темселебестен Эмнеде бактым кайгыны кескен! Кыйынчылык артынан жеңилдигиң келет! Баары оңолооруна кепилдигин берет! Сыноонун артынан жеңиштериң келет! Берекелүү натыйжада жемиштерин терет! Ыраазычылыгыңан соң Бакубат табасың чоң! Адам кылыгынан оң Соо бойдон калып ойлонгон! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады! Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы!
  • Рики тики тави (Рики Тики Тави) Реггитон максимально валит. Бинго Бонго Адриано в зале, Челентано? Да, да, да видали! Иии ошо да! Это Сумасшедший вид танцев, Тырышпа у тебя трещит панцырь. Кыйт, кыйт, кыйт кытыгылагансыйт! Зыйт, зыйт! сенин денең буйтагансыйт! Бери кел кел качпа, Бул музыка ачка, Кайра тартат артка, Бутмөйүнчө тачдаун! Выигрыш не по очкам! Күн өтүп барат, өтүп барат Караңгы түн дагы бизге жагат Сырларын ары бери төгүп чачып Өзүнөн өзү качып Бүгүн балким өзүн табат Она очень и очень хочет ближе к ночи Нарушает правила когда подводит очи Gucci Луи Fendy Prada койчэй На ней любая тряпка как бренд короче Өзү Татынакай көзү бакыракай ийи Шаңдуу шаңдуу такай ички дүйнө жапайы иии Boom шакалака boom шакалака ий Эгер көрөм десең бул жака жака тий Өзү Татынакай көзү бакыракай ийи Шаңдуу шаңдуу такай ички дүйнө жапайы иии Boom шакалака boom шакалака Ийй Эгер көрөм десең бул жака жака тий Күн өтүп барат, өтүп барат Караңгы түн дагы бизге жагат Сырларын ары бери төгүп чачып Өзүнөн өзү качып Бүгүн балким өзүн табат