Казахские песни Узбекские песни

Песня «Рух»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жер титирегенде, суу каптаганда
Ар бирибиз кадимкидей пенде
Адамгерчилик эн башкы тамга деп
Эскерүү келип турганда
(Эскерүү келип турганда, )
Аң сезимди оң бурганга
(Аң сезимди оң бурганга)
Сенин көздөрүң ачылат
Өзгөрүү тамчылап
Эң биринчи суусап
Маданият, табият!
Кайсыл катарда болоруңду танда
Кайсыл сапаттар жоголуп адамда?!
Адаттагыдай оролуп арамга
Баратабыз айла жоктой акыр заманга
Биз даяр болгондой!
Бир өмүрдү толук колдонбой!
Адашабыз чие жолдордой
Өнүгүүсү жок-жок долбоордой
Өзүбүз өзүбүздөн коргонбой!
Алгалай бер кыргыз эл
Азаттыктын жолунда!
Өркүндөй бер, өсө бер
Өз тагдырың колуңда!
Бир дегенде көз ачтым
Эки дегенде сүйлөдүм
3кө жетээр менен чачтым
Кызыктуу тарыхты дүйнөнүн!
Ар бир тилектен бир бата!
Жаш зиректен бир бата!
Тынчтык үчүн гана асманга
Замбиректер атат
Биздин аталар үчүн
Апалар үчүн
Өнүгүп өскөнгө себеп болгон каталар үчүн!
Мен Барсбектин уулумун!
Кылым каарыткан улутум!
"Кыргыздар" ууругум!
Күнүмдү тоспойт булутуң!
Негееее?
Десең, десең, десең!
Мендееееее
Эркин жүрөк согот эгер билбесең!
Алгалай бер кыргыз эл
Азаттыктын жолунда!
Өркүндөй бер, өсө бер
Өз тагдырың колуңда!

Другие песни исполнителя:

  • Жети Жолу Азыркы даяр жайнаган мүмкүнчүлүктөрүмдү көрүп Кыла берейин э токтоп калгыча жүрөгүм Күндө кыштын суугун сезбегендей өрттөнүп Жаныман сууруп чыгарып жазган РЭП үчүнчү бөлүк! Жок эле дегенде классташым 30га чыгып Жегениме хип хоптун как башын 12чи жылы! Билесиңби канчалык терең сыйкырчылыгым? Жакын турчу бери көргөзөйүн кыргыз рэптин сырын (ай!) Бакырбай, акырын айтып шашпай Чыда-чыда деген көз караштай Өтө бай болсоң да акчада эч адашпай Сакага кытты куйгандай кулакка сай! Деги эле жок дебе! мыкты адамдарды бизде жок дебе! Ошол эле адамдар болот кээде топ тебет! Бири бийлейт, бири бит кылат, бирине бит бокс жетет! Ичибизден чыккан бир балее экен хип хоп деген! Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Атым Жетиген Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Көп ойлонсоң башкалардын ойу жөнүндө Абдан катуу тийчү сөздөр алып коет көңүлдү Кепти үлгүрөмбү бүтүргөнгө же өлөмүнбү?! Токтото туррррр андай ой жүгүрткөнүңдү! Менин балдарым ачка калаарын каалабагын эч Дегенсип күн тийбес болгон балачагым дебечи! Цой сезгениңди кой дейм өзүңдү кечке Эркекче бирөөдөй болуп жүргөндү жактырбастыр эч ким! Псевдорэптин пачагын чыгарып бет ачаарындагы (жанагы) Мыкты аткаруучулардын начар ырларын! Билгендей баарын, өзүн көрүп чебер катары Көпчүлүктө мындайлар кылбай күтөт качан жылаарын! Соо караймын көп нерсеге ишене бербеймин Чегип алган Че Геварадай чеги менен! Такалаган эшегим жок эми! Fuck u Pay me! Шыгым болсо да демек мага бекерден берилбеген! Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Атым Жетиген Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем!