Казахские песни Узбекские песни

Песня «ЖЖЖ»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Олтурамын көлдүн жээгинде, Шамал үйлөп кулагыма шыбырайт. Жеримдин кереметине Көз салып коюп тур деп акырын айтты мага, Мен аркылуу мени уккан угармандын баарына, Жашоого бир келген сенин жаныңа Жаңыдан көлдүн ыры жазылган. Үйүң жок болсо, үйүң бар унутпа! Издебегиң ал бутуңдун алдында. Үйдө талап жок кандай улутка, Сабыр менен орун берип унчукпа. Бүтүп калды баяным менин, Эшигиңди ачып кирип келди. Илгери илгери, өткөн күнүмдө, Кайсыл жерде жүргөнмүн мен? Ыссык Көлүмдө! Дос балдарым менен эс алууга келип алып, Убакыт кечки маал де, кыздары сулууланып. Бир досум нааразы суу кирген үчүн сол кулагына, Алакан менен жабат улам улам. “Аз калды чыда мына! Же мейли, мейли сооп болот! Сенин жаман кылыктарың болсо сурак үчүн жооп болот да.” Туурабы же туура эмесби? Аны сиздер чечесизби?! Менимче азырынча жок, жок андай кез. Чечкен киши улуу баарынан дейт, Жок жок чоң атаңдай эмес! Кирбейт сыйкырчылардын катарына, Бир да жерден эч качан көрбөйсүң Ошондуктан шамалдай сез. Ал сенин ичиңде жашайт, Өткөрбөйүн деп өмүрүңдү пайдасыз! Күн кайнаган кезде ысык жайда, Көлдү көздөй айда! Ызычуу кыйнаса кысып кайра, Көлдү көздөй айда! Кечээ келип баргың келсе кайта, Көлдү көздөй айда! Маанай менен акырындан жайдан, Көлдү көздөй айда! Үчүнчү күн, Акыркы экинин дайыны жок экенин, Текке кеткенин мен эстей калып. Мына бүгүн Тез аракеттенип, саякатка берилип Кызыл өрүк жеп келем кубанып. Меймандуу адамдарга жолугамын, Ассалам Алейкум, Саламатсызбы? Жол уланып! Кээбирлер коноктоп, узатып мурункуларын, Куда тоскондон беш бетер ачылгансып кучагы. Жаман сөз болбосун деп, куттуу келген досум кеп Айтып ыраазычылыгыңды кааласан билдире кет да! Комуз черткенди билсең бип ирээт черт да! Төкмө төксөн төгүлүп калалычы деп баары. Же сиз бизге бүгүн азыр ушул жерден окуй турган эркин түрдөгү китеп барбы? Китебим бар көлдөгү кездер жөнүндө, Эстен өчпөс учурларды алып көңүлдөн. Жамгырдай төгүлгөн менин жылуу сөзүмдө, Жакындарымды сүрөттөп көркөм көрсөткөм! Көп кетирбей азыркы кезде катаны, Ыйманды ар дайым бекем байла жаныңа. Көргөнгө жана билгенге чуркап аттанып, Башталган жашооң жетсин маанилүү аягына! Күн кайнаган кезде ысык жайда, Көлдү көздөй айда! Ызычуу кыйнаса кысып кайра, Көлдү көздөй айда! Кечээ келип баргың келсе кайта, Көлдү көздөй айда! Маанай менен акырындан жайдан, Көлдү көздөй айда!
  • Салам алейкум Сен ким боломун дедиң эле? А? Кичинекейиңде Кана дагы бир ииий Азыр иштейсиңби ошол жериңде?! Жан дүйнөң жактыргандай Өзүң дагы бериле! Башкы максат жакшы тапса Эмгек актап ташып жатса Аз келгенсип аздан катса Кам санамай жок, санамай акча! Бүгүн алып, эртең сатсаң Түшөт пайда табылмактан Жүгүрүп барып бекем каксаң Түшөт алма алмабактан! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Юрист, экономист Дипломуң балким үйдө Rest In Peace! (Оомин) Mиллион доллар приз Please берчи Мr. Beast Кандай сонун болмок деп Кээде кээ бирөөбүз кыялдана беребиз! Бирок аны күтпөй, муну күтпөй Иштеп ак эмгек менен аппак сүттөй Тердейли, эс алалы "ң" деп сүткө тойгон күчүктөй Мүнөзүңдү өзүң үтүктөй Баштаганың үчүн көтөрө алган жүктөй! Эки эле жол жашаганга Жеңилдиктей же түйшүктөй дос! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Кесипти тандаганда жүрөктү тыңша э?! Болгон майын чыгарып алайын дегидей Сага кызмат камдалганда эптеп-септеп кылба э? Адал эмгек менен адал тамак жегидей! Бирок эң башкы кесип Жогорку катардан Мен экенмин, сен экенсиң! Адам болуп аталган! Кыялыбыз ар кандай ооба билемин таңгалбайм, (таңгалбайм!) Жайнаган жандардай аралашкандай, (аралашкандай) Эмне болсо да баарыбыз тилегибизге Жеткендей жашайлы! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам!