Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бирге»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Азыркы мезгилде баардыгы бирдей
Деп айта албайм жок жок жок
Бири бай, бири кедей экөөнүкү тең
Жашаган жер - топтоголок топ!
Сенин ойуң башка, меники башкада
Бираз башкача!
Заматта кулап кеткидей тике турган аскада
Жол жок жок аркада!
Карасаң эркин учуп келет дайым адамдар
Кандай болбосун жолобосо жаманга!
Жайнаган мүмкүнчүлүктөрүң бар
Бир дагы жаман жагы жок азыркы заманда!
Бери кел, бери тур, меники чын
Деп кайталаган саясатчыларга алданба!
Жакын тур дайыма сендей сага дагы
Жүгүрүп баргандарга жардамга!
Эми мен дегенчи, эми мен дегенчи
Болот кээде алданып каламын бирөөнө
Эми не кылайын, алардын ылайын
Мен тазалагыдай ким элем күнөөңө!
Канчалыкка чейин илимпозмун?
Билип койсоң, эркекче көп деле эмес!
Илимпоз деле эмесмин мен
Азыркы мезгилде эл менен бирге
Учуп келет бийикте менде демилге!
Учуп келип бийикте жетем теңирге!
Улам улам улантып келгенимде!
Азыркы мезгилде
Көрө электериң сыр сандыкта бекитилген
Заматта ач албайсың, маа демектен санжыраңды оозеки билсең!
Кызарбай туруп чын жүрөктөн таранчыларды кооз экен десең?
Жан чыгар, жалган чыгарбай
Сүйлөсөң деле жүз он эки тилде
Билем баарыңардын кулагыңарда жаңырганым учур чактай!
Аралашып араңарда мендей жарандарга эч адашпаган адаттай!
Мага бирөө тийишкенде чакпайм
Сабыр менен бийиктеп кетем учактай!
Кээбирлерге теңелгенде эмне энеңерге мен жаман сөз узатпайм!
Кыргызымды алыска узатпайм!
Биз БИРДЕЙ!
Ар кандай турак жай!
Биз БИРДЕЙ!
Бириккен урпактай!
Биз БИРДЕЙ!
Жибиткен булактай!
Биз БИРДЕЙ!
Эми биздин элибизди
Бөлбөй, бириктирип эне тилдей
Жылдар өтүп баратса дагы эки миңдей
Кыргызымдан жакыныраагын билбейм!
Азыркы мезгилде эл менен бирге
Учуп келет бийикте менде демилге!
Учуп келип бийикте жетем теңирге!
Улам улам улантып келгенимде!

Другие песни исполнителя:

  • Жети Жолу Азыркы даяр жайнаган мүмкүнчүлүктөрүмдү көрүп Кыла берейин э токтоп калгыча жүрөгүм Күндө кыштын суугун сезбегендей өрттөнүп Жаныман сууруп чыгарып жазган РЭП үчүнчү бөлүк! Жок эле дегенде классташым 30га чыгып Жегениме хип хоптун как башын 12чи жылы! Билесиңби канчалык терең сыйкырчылыгым? Жакын турчу бери көргөзөйүн кыргыз рэптин сырын (ай!) Бакырбай, акырын айтып шашпай Чыда-чыда деген көз караштай Өтө бай болсоң да акчада эч адашпай Сакага кытты куйгандай кулакка сай! Деги эле жок дебе! мыкты адамдарды бизде жок дебе! Ошол эле адамдар болот кээде топ тебет! Бири бийлейт, бири бит кылат, бирине бит бокс жетет! Ичибизден чыккан бир балее экен хип хоп деген! Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Атым Жетиген Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Көп ойлонсоң башкалардын ойу жөнүндө Абдан катуу тийчү сөздөр алып коет көңүлдү Кепти үлгүрөмбү бүтүргөнгө же өлөмүнбү?! Токтото туррррр андай ой жүгүрткөнүңдү! Менин балдарым ачка калаарын каалабагын эч Дегенсип күн тийбес болгон балачагым дебечи! Цой сезгениңди кой дейм өзүңдү кечке Эркекче бирөөдөй болуп жүргөндү жактырбастыр эч ким! Псевдорэптин пачагын чыгарып бет ачаарындагы (жанагы) Мыкты аткаруучулардын начар ырларын! Билгендей баарын, өзүн көрүп чебер катары Көпчүлүктө мындайлар кылбай күтөт качан жылаарын! Соо караймын көп нерсеге ишене бербеймин Чегип алган Че Геварадай чеги менен! Такалаган эшегим жок эми! Fuck u Pay me! Шыгым болсо да демек мага бекерден берилбеген! Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Атым Жетиген Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем!
  • Эртең менен ойгонуп мен күндө күн көрөмүн. Айырмасыз күн ачык же бүркөлгөнбү. Аба-ырайга карабай ачык маанай, Кичинекей кубанычтай сени күлдүрбөгөнбү?! А мени күлдүргөн, достор менен терип жатканда кычкыл даамдуу бүлдүркөндү. Ата энебиз берген отуз сомго жыргап жайнап жүрчү элек эсимде майрам күнү дүкөндө. Эми, элестетсең сени Олтур кеттик деп айткансып досуң бирдемени, Майды куйуп жолдон сөзгө салды аңгемени, Атбашыны көздөй айдаганы эмнеге экенин. Баштаарын баштап бүтпөй калды анын сөзү, Жеткенде айтам дейт, же сен өзүң көрөсүң, Мейли! Кудайым жол берсин деп! Тулпар кетти алыска жеткизбей көлөкөсүн. Канттан өтүп Токмок менен саламдашып, Поезд менен жарашып, биз андан, ал бизден, биз андан кайра ашып, Өйдөлөп Чүйдөн чыгып көз алдымда көрүнөт Орто-Токойдун башы! Мммммммына Мына Баратам, Айылыма Бишкек Шаарынан! Күтүп жаткан Атам, Апам. Мен да силерди сагынам! Кубакыдан токтоп бираз тамактанып, Жол кыскарып, тамашалап жатканыбыздан. Анан Кочкор жолунда билинбей уктап калып, Ойгонуп сурай калсам аз калды дейт Нарынга! Тоолордон кийин тоолорду аралап, “Долон” деген дөө ийининде араба баратат. Жолдо жайнайт ышкын, карагат. Сатып ал же барып бекер терип даамын тат. Куруттун түрүн айтпа, тилиң сынат андан көрө, Кымызга жете элек экенбиз “Алчы төрт жүгөрү, Жетеби?, Жетеееет! Биринчи түгөнөбү?!” Дедим бир чака карагат, ышкынды артта көрүп. Кымызга жетип, ичип көрүп салыштырып, Эң эле бышканын тандап алып кеттик! Ушинтип дүйшөмбү күнүн биз дем алыш кылып, Аман эсен биздин айылыбызга жеттик! Мммммммына Мына Баратам, Айылыма Бишкек Шаарынан! Күтүп жаткан Атам, Апам. Мен да силерди сагынам!