Казахские песни Узбекские песни

Песня «Урганым Жок»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Азыркы мезгилде баардыгы бирдей Деп айта албайм жок жок жок Бири бай, бири кедей экөөнүкү тең Жашаган жер - топтоголок топ! Сенин ойуң башка, меники башкада Бираз башкача! Заматта кулап кеткидей тике турган аскада Жол жок жок аркада! Карасаң эркин учуп келет дайым адамдар Кандай болбосун жолобосо жаманга! Жайнаган мүмкүнчүлүктөрүң бар Бир дагы жаман жагы жок азыркы заманда! Бери кел, бери тур, меники чын Деп кайталаган саясатчыларга алданба! Жакын тур дайыма сендей сага дагы Жүгүрүп баргандарга жардамга! Эми мен дегенчи, эми мен дегенчи Болот кээде алданып каламын бирөөнө Эми не кылайын, алардын ылайын Мен тазалагыдай ким элем күнөөңө! Канчалыкка чейин илимпозмун? Билип койсоң, эркекче көп деле эмес! Илимпоз деле эмесмин мен Азыркы мезгилде эл менен бирге Учуп келет бийикте менде демилге! Учуп келип бийикте жетем теңирге! Улам улам улантып келгенимде! Азыркы мезгилде Көрө электериң сыр сандыкта бекитилген Заматта ач албайсың, маа демектен санжыраңды оозеки билсең! Кызарбай туруп чын жүрөктөн таранчыларды кооз экен десең? Жан чыгар, жалган чыгарбай Сүйлөсөң деле жүз он эки тилде Билем баарыңардын кулагыңарда жаңырганым учур чактай! Аралашып араңарда мендей жарандарга эч адашпаган адаттай! Мага бирөө тийишкенде чакпайм Сабыр менен бийиктеп кетем учактай! Кээбирлерге теңелгенде эмне энеңерге мен жаман сөз узатпайм! Кыргызымды алыска узатпайм! Биз БИРДЕЙ! Ар кандай турак жай! Биз БИРДЕЙ! Бириккен урпактай! Биз БИРДЕЙ! Жибиткен булактай! Биз БИРДЕЙ! Эми биздин элибизди Бөлбөй, бириктирип эне тилдей Жылдар өтүп баратса дагы эки миңдей Кыргызымдан жакыныраагын билбейм! Азыркы мезгилде эл менен бирге Учуп келет бийикте менде демилге! Учуп келип бийикте жетем теңирге! Улам улам улантып келгенимде!
  • Салам алейкум Сен ким боломун дедиң эле? А? Кичинекейиңде Кана дагы бир ииий Азыр иштейсиңби ошол жериңде?! Жан дүйнөң жактыргандай Өзүң дагы бериле! Башкы максат жакшы тапса Эмгек актап ташып жатса Аз келгенсип аздан катса Кам санамай жок, санамай акча! Бүгүн алып, эртең сатсаң Түшөт пайда табылмактан Жүгүрүп барып бекем каксаң Түшөт алма алмабактан! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Юрист, экономист Дипломуң балким үйдө Rest In Peace! (Оомин) Mиллион доллар приз Please берчи Мr. Beast Кандай сонун болмок деп Кээде кээ бирөөбүз кыялдана беребиз! Бирок аны күтпөй, муну күтпөй Иштеп ак эмгек менен аппак сүттөй Тердейли, эс алалы "ң" деп сүткө тойгон күчүктөй Мүнөзүңдү өзүң үтүктөй Баштаганың үчүн көтөрө алган жүктөй! Эки эле жол жашаганга Жеңилдиктей же түйшүктөй дос! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Кесипти тандаганда жүрөктү тыңша э?! Болгон майын чыгарып алайын дегидей Сага кызмат камдалганда эптеп-септеп кылба э? Адал эмгек менен адал тамак жегидей! Бирок эң башкы кесип Жогорку катардан Мен экенмин, сен экенсиң! Адам болуп аталган! Кыялыбыз ар кандай ооба билемин таңгалбайм, (таңгалбайм!) Жайнаган жандардай аралашкандай, (аралашкандай) Эмне болсо да баарыбыз тилегибизге Жеткендей жашайлы! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам!