Казахские песни Узбекские песни

Песня «Баратам»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эртең менен ойгонуп мен күндө күн көрөмүн.
Айырмасыз күн ачык же бүркөлгөнбү.
Аба-ырайга карабай ачык маанай,
Кичинекей кубанычтай сени күлдүрбөгөнбү?!
А мени күлдүргөн, достор менен терип жатканда кычкыл даамдуу бүлдүркөндү.
Ата энебиз берген отуз сомго жыргап жайнап жүрчү элек эсимде майрам күнү дүкөндө.
Эми, элестетсең сени
Олтур кеттик деп айткансып досуң бирдемени,
Майды куйуп жолдон сөзгө салды аңгемени,
Атбашыны көздөй айдаганы эмнеге экенин.
Баштаарын баштап бүтпөй калды анын сөзү,
Жеткенде айтам дейт, же сен өзүң көрөсүң,
Мейли! Кудайым жол берсин деп!
Тулпар кетти алыска жеткизбей көлөкөсүн.
Канттан өтүп Токмок менен саламдашып,
Поезд менен жарашып, биз андан, ал бизден, биз андан кайра ашып,
Өйдөлөп Чүйдөн чыгып көз алдымда көрүнөт Орто-Токойдун башы!
Мммммммына Мына Баратам,
Айылыма Бишкек Шаарынан!
Күтүп жаткан Атам, Апам.
Мен да силерди сагынам!
Кубакыдан токтоп бираз тамактанып,
Жол кыскарып, тамашалап жатканыбыздан.
Анан Кочкор жолунда билинбей уктап калып,
Ойгонуп сурай калсам аз калды дейт Нарынга!
Тоолордон кийин тоолорду аралап,
“Долон” деген дөө ийининде араба баратат.
Жолдо жайнайт ышкын, карагат.
Сатып ал же барып бекер терип даамын тат.
Куруттун түрүн айтпа, тилиң сынат андан көрө,
Кымызга жете элек экенбиз “Алчы төрт жүгөрү,
Жетеби?, Жетеееет! Биринчи түгөнөбү?!”
Дедим бир чака карагат, ышкынды артта көрүп.
Кымызга жетип, ичип көрүп салыштырып,
Эң эле бышканын тандап алып кеттик!
Ушинтип дүйшөмбү күнүн биз дем алыш кылып,
Аман эсен биздин айылыбызга жеттик!
Мммммммына Мына Баратам,
Айылыма Бишкек Шаарынан!
Күтүп жаткан Атам, Апам.
Мен да силерди сагынам!

Другие песни исполнителя:

  • Азыркы мезгилде баардыгы бирдей Деп айта албайм жок жок жок Бири бай, бири кедей экөөнүкү тең Жашаган жер - топтоголок топ! Сенин ойуң башка, меники башкада Бираз башкача! Заматта кулап кеткидей тике турган аскада Жол жок жок аркада! Карасаң эркин учуп келет дайым адамдар Кандай болбосун жолобосо жаманга! Жайнаган мүмкүнчүлүктөрүң бар Бир дагы жаман жагы жок азыркы заманда! Бери кел, бери тур, меники чын Деп кайталаган саясатчыларга алданба! Жакын тур дайыма сендей сага дагы Жүгүрүп баргандарга жардамга! Эми мен дегенчи, эми мен дегенчи Болот кээде алданып каламын бирөөнө Эми не кылайын, алардын ылайын Мен тазалагыдай ким элем күнөөңө! Канчалыкка чейин илимпозмун? Билип койсоң, эркекче көп деле эмес! Илимпоз деле эмесмин мен Азыркы мезгилде эл менен бирге Учуп келет бийикте менде демилге! Учуп келип бийикте жетем теңирге! Улам улам улантып келгенимде! Азыркы мезгилде Көрө электериң сыр сандыкта бекитилген Заматта ач албайсың, маа демектен санжыраңды оозеки билсең! Кызарбай туруп чын жүрөктөн таранчыларды кооз экен десең? Жан чыгар, жалган чыгарбай Сүйлөсөң деле жүз он эки тилде Билем баарыңардын кулагыңарда жаңырганым учур чактай! Аралашып араңарда мендей жарандарга эч адашпаган адаттай! Мага бирөө тийишкенде чакпайм Сабыр менен бийиктеп кетем учактай! Кээбирлерге теңелгенде эмне энеңерге мен жаман сөз узатпайм! Кыргызымды алыска узатпайм! Биз БИРДЕЙ! Ар кандай турак жай! Биз БИРДЕЙ! Бириккен урпактай! Биз БИРДЕЙ! Жибиткен булактай! Биз БИРДЕЙ! Эми биздин элибизди Бөлбөй, бириктирип эне тилдей Жылдар өтүп баратса дагы эки миңдей Кыргызымдан жакыныраагын билбейм! Азыркы мезгилде эл менен бирге Учуп келет бийикте менде демилге! Учуп келип бийикте жетем теңирге! Улам улам улантып келгенимде!