Казахские песни Узбекские песни

Песня «Чаптыр»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Таң аткандан күн батканга эми кечке чейин, Өмүрүмдө чарчадым дегенди эч билбеймин мен. Жайдан, ойлонбой кечке чейин Эки кулагыңды уурдап кетти “Селкинчегим” Нандын даамы сезилет сенин тириличилигинен, Алып сатат, сатып алат бири биринен. Кызыксыз жумушта киреше биринчиде, Соода кылсаң соода болсун дейм, акырындан четинен ал! Тойго барсаң сыйлуу болуп этинен ал! Калпычыны тапсаң бир заматта бетинен ал! Сүйгөн кызың болуп, сезим конуп аты Керемет болсо, анда Кереметине чал! Унчукпа! Азыр өзүнөн өзү учат сырлары. Кудайга шүгүр бизде жакшы баары! Бизди “сиз” деп улуу болсо дагы, Урматтоонун үлгүсүн жеткизген таксырлары. Канакей кол чапсын баары! Менин тилим аары болсо, сени чаксын аары. Сазга батып кыймылдабай куурчаксыңарбы, курч бычаксынарбы? Же чириген бутаксыңарбы? Чык Убагында... Чык Убагында... Чык Убагында... Катып калбай Чык Убагында! Ойго батсаң, уяңда жатсан, иттей капсаң! Катып калбай Чык Убагында! Мүмкүнчүлүк тапсаң, жеңилдетип дем алып ар бир күндүн даамын татсаң! (2 жолу) Жаңы мектептин эски мектептин кайсынысына жакыныраакмын?! Эки жакка жанталашпай турам так ортосунда. “Акылдууракмын! Деп айтсам сага тамаша, абирок жакты. Көңүлдөтүп аз болсо да баардыгын, Баа жетпеген нерсе адамзатка сактыгы, Өзүнө ишенбегендин сөзү “ Жактыбы?” Танда десе, тандайт бул дүйнөдө артыгын! Мага керек музыка, суукта да, ысыкта эми. Көңүлгө жакын обондун толкунунда демим. Ар бир кычыкта, ар бир жылчыкта Жаңыртып жан ойготконсуп учуп барат чымчыктай, элим! Музыка аркылуу угармандары Маалымат узатам, мына тыңшап алгыла бизден. Унутпа! Азыр убакыт кыска болгон учурларыңдан азыртадан алыстагың сен! Чык Убагында... Чык Убагында... Чык Убагында... Катып калбай Чык Убагында! Ойго батсаң, уяңда жатсан, иттей капсаң! Катып калбай Чык Убагында! Мүмкүнчүлүк тапсаң, жеңилдетип дем алып ар бир күндүн даамын татсаң!
  • Эртең менен ойгонуп мен күндө күн көрөмүн. Айырмасыз күн ачык же бүркөлгөнбү. Аба-ырайга карабай ачык маанай, Кичинекей кубанычтай сени күлдүрбөгөнбү?! А мени күлдүргөн, достор менен терип жатканда кычкыл даамдуу бүлдүркөндү. Ата энебиз берген отуз сомго жыргап жайнап жүрчү элек эсимде майрам күнү дүкөндө. Эми, элестетсең сени Олтур кеттик деп айткансып досуң бирдемени, Майды куйуп жолдон сөзгө салды аңгемени, Атбашыны көздөй айдаганы эмнеге экенин. Баштаарын баштап бүтпөй калды анын сөзү, Жеткенде айтам дейт, же сен өзүң көрөсүң, Мейли! Кудайым жол берсин деп! Тулпар кетти алыска жеткизбей көлөкөсүн. Канттан өтүп Токмок менен саламдашып, Поезд менен жарашып, биз андан, ал бизден, биз андан кайра ашып, Өйдөлөп Чүйдөн чыгып көз алдымда көрүнөт Орто-Токойдун башы! Мммммммына Мына Баратам, Айылыма Бишкек Шаарынан! Күтүп жаткан Атам, Апам. Мен да силерди сагынам! Кубакыдан токтоп бираз тамактанып, Жол кыскарып, тамашалап жатканыбыздан. Анан Кочкор жолунда билинбей уктап калып, Ойгонуп сурай калсам аз калды дейт Нарынга! Тоолордон кийин тоолорду аралап, “Долон” деген дөө ийининде араба баратат. Жолдо жайнайт ышкын, карагат. Сатып ал же барып бекер терип даамын тат. Куруттун түрүн айтпа, тилиң сынат андан көрө, Кымызга жете элек экенбиз “Алчы төрт жүгөрү, Жетеби?, Жетеееет! Биринчи түгөнөбү?!” Дедим бир чака карагат, ышкынды артта көрүп. Кымызга жетип, ичип көрүп салыштырып, Эң эле бышканын тандап алып кеттик! Ушинтип дүйшөмбү күнүн биз дем алыш кылып, Аман эсен биздин айылыбызга жеттик! Мммммммына Мына Баратам, Айылыма Бишкек Шаарынан! Күтүп жаткан Атам, Апам. Мен да силерди сагынам!