Казахские песни Узбекские песни

Песня «Чык Убагында»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Таң аткандан күн батканга эми кечке чейин,
Өмүрүмдө чарчадым дегенди эч билбеймин мен.
Жайдан, ойлонбой кечке чейин
Эки кулагыңды уурдап кетти “Селкинчегим”
Нандын даамы сезилет сенин тириличилигинен,
Алып сатат, сатып алат бири биринен.
Кызыксыз жумушта киреше биринчиде,
Соода кылсаң соода болсун дейм, акырындан четинен ал!
Тойго барсаң сыйлуу болуп этинен ал!
Калпычыны тапсаң бир заматта бетинен ал!
Сүйгөн кызың болуп, сезим конуп аты Керемет болсо, анда Кереметине чал!
Унчукпа! Азыр өзүнөн өзү учат сырлары.
Кудайга шүгүр бизде жакшы баары!
Бизди “сиз” деп улуу болсо дагы,
Урматтоонун үлгүсүн жеткизген таксырлары.
Канакей кол чапсын баары!
Менин тилим аары болсо, сени чаксын аары.
Сазга батып кыймылдабай куурчаксыңарбы, курч бычаксынарбы?
Же чириген бутаксыңарбы?
Чык Убагында...
Чык Убагында...
Чык Убагында...
Катып калбай Чык Убагында!
Ойго батсаң, уяңда жатсан, иттей капсаң!
Катып калбай Чык Убагында!
Мүмкүнчүлүк тапсаң, жеңилдетип дем алып ар бир күндүн даамын татсаң! (2 жолу)
Жаңы мектептин эски мектептин кайсынысына жакыныраакмын?!
Эки жакка жанталашпай турам так ортосунда. “Акылдууракмын!
Деп айтсам сага тамаша, абирок жакты.
Көңүлдөтүп аз болсо да баардыгын,
Баа жетпеген нерсе адамзатка сактыгы,
Өзүнө ишенбегендин сөзү “ Жактыбы?”
Танда десе, тандайт бул дүйнөдө артыгын!
Мага керек музыка, суукта да, ысыкта эми.
Көңүлгө жакын обондун толкунунда демим.
Ар бир кычыкта, ар бир жылчыкта
Жаңыртып жан ойготконсуп учуп барат чымчыктай, элим!
Музыка аркылуу угармандары
Маалымат узатам, мына тыңшап алгыла бизден.
Унутпа! Азыр убакыт кыска болгон учурларыңдан азыртадан алыстагың сен!
Чык Убагында...
Чык Убагында...
Чык Убагында...
Катып калбай Чык Убагында!
Ойго батсаң, уяңда жатсан, иттей капсаң!
Катып калбай Чык Убагында!
Мүмкүнчүлүк тапсаң, жеңилдетип дем алып ар бир күндүн даамын татсаң!

Другие песни исполнителя:

  • Сыгылган сезимди суулаган Жамгырга ишенбеген жайда Көз алдымда жылдыздай кулаган Жарыгың тең көрүнүп айга! Сылагым келет кучагымда Сага Арнап ырдагым келет кулагыңа Кандай бакыт кандай гана керемет сага Жолукканым убагында! Келээриң менен мен тегеренбей Мээримиңден жер ээлегендей! Себеби кенен себелегендей Сенин аруузатың тебеленбейт! Сен мени кечирбегенде Өзүмдү кантип кечирмек элем! Кумардын куйругун кызыгып эрчибегенде Кайсы катаны кетирмек элем! Сылагым келет кучагымда Сага арнап ырдагым келет кулагыңа Кандай бакыт кандай гана керемет! Сага жолукканым убагында! Келээриң менен мен тегеренбей Мээримиңден жер ээлегендей! Себеби кенен себелегендей Сенин аруузатың тебеленбейт! Менин ар бир күнүм сен! Эң эле эң аруу таза сезимден Мага дем берилген! Ошол заматтан бери мен Кетирбегем алыска сени эмитен Өмүргө тең болгонуң үчүн күнүм сен! Эң эле эң аруу таза сезимден Мага дем берилген! Ошол заматтан бери мен Кетирбегем алыска сени эмитен Өмүргө тең болгонуң билбесең! Келээриң менен мен тегеренбей Мээримиңден жер ээлегендей! Себеби кенен себелегендей Сенин аруузатың тебеленбейт!