Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кереги Эмне»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бир күнү жөнеле ой келди мага
Буга чейин айтылбаган
Укпай эле кой жазганымдын маңызы болсо жалган
Бекер убакытты алсам
Эгер түшүнбөй калса
Жоок андай болушу деле
Мүмкүн эмес угармандарда
Жакпаса котор аласаң жок болсо бул жерде
Ооба мен күнөөлүү болойун мээңе жетпесе!
Ооба мен күнөөлүү болойун эгерде теппесе
Өзүңдү кыйнаба чоңойтуп алып эки эсе!
Өмүр бою ушул рэп менен
Акча табып келет деген
Ойуң болсо кой антип ойлобогуң
Акча тапкан деле эмесмин кыйналбай эсептесем
Кээ бир кезде болду, кээ бир кездерде болбоду!
Бирок антип жанымды багайын деген ойум жок
Ала тоонун чокусуна барайын деген эле боюнча
Кыймылдап жүрөмүн, жазам, тамашалап күлөмүн, жазамын
Эң башкы суроо жүрөгүм тазабы ыя?
Кээ бирлерге караганда таптаза болбосо дагы
Көзүм бар кезде тазалаганга убакыт бар
Ушунча идеал болуп калп айтпаган жолдосуңарбы
Жаманы жок болгонсуп сын тагып жүргөн адамдар!
Кандай болбосоң дагы
Өзүң болсоң баары
Баары болот өз ирээтинде
Көңүлүңө жакканды
Күндө кылып жатканда
Айтчы башка иштин кереги эмне?!
Кандай болбосоң дагы
Өзүң болсоң баары
Баары болот өз ирээтинде
Көңүлүңө жакканды
Күндө кылып жатканда
Айтчы башка иштин кереги эмне?!
Кандай болбосоң дагы
Өзүң болсоң баары
Баары болот өз ирээтинде
Көңүлүңө жакканды
Күндө кылып жатканда
Айтчы башка иштин кереги эмне?!
Эмгек сиңирген артист болбосом да (ай ай)
Жетет мени чын жүрөктөн колдосоңор (ай ай)
Кургап кетпегиле суу акпай калган сайдай
Жашаш керек кедей көрүнсөң дагы байдай!
Сөздү алыстатпай, ачыгын айт катпай
Сынасың калпты көтөрө албаган бутактай!
Болгону болгондой суйлөп
Бекем алып жүр өзүңдү сатпай
Кымбаттатпай, сактай!
Менин жашоом менин өмүрүм(де)
Бүт баарынан ашам деп эле жүрөм
Биринчи же акыркы боломун деген сөзүмөн
Биринчи биринчи биринчи боломун деп өтүнөм!
Өрттөнөм, өрттөнгөнүмдү көрө электер көптөгөн!
Жөнеле сап тизгенимди же болбосо төкмөдөн
Обонум элди топтоп эч качан үркүтпөгөн
Өйдө бийик учуп жүргөн кезимде бүркүттөрдөн!
Кандай болбосоң дагы
Өзүң болсоң баары
Баары болот өз ирээтинде
Көңүлүңө жакканды
Күндө кылып жатканда
Айтчы башка иштин кереги эмне?!
Кандай болбосоң дагы
Өзүң болсоң баары
Баары болот өз ирээтинде
Көңүлүңө жакканды
Күндө кылып жатканда
Айтчы башка иштин кереги эмне?!
Кандай болбосоң дагы
Өзүң болсоң баары
Баары болот өз ирээтинде
Көңүлүңө жакканды
Күндө кылып жатканда
Айтчы башка иштин кереги эмне?!

Другие песни исполнителя:

  • Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Кез кезде, кез кезде, Мамилени тез тез кеспе! Баары мени жек көрөт жеке, Девечи жөнчү, жөнчү антпе! Же эмне? Жер сен үчүн тегеренгендей каадаланбай эле койчу(койчу). Азырынча жок небереңшдердей, эркелебей турчу, чонойчу! Мен жакшы - сен жаман! Сен жакшы - мен жаман! Эгерде мага мендей адам кезиксе мен ага сөзсүз жагам! Ойлобо анан, кереги жок мага садагаң, Азыр түшүнбөйсүң, түшүнбөсөң жанатан! акты издеймин карадан, Жол-жол-жол мына мына баратам! Мына музыкага жеңилгеним Угарманымдай элим менен Аткарып беремин аккандай терим! Мына музыкага жеңилгеним Угарманымдай элим менен Аткарып беремин менин аккандай терим! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Карасаң баары оппоңой, Турдуң, жуундуң уйку топтобой. Мүмкүнчүлүгүңдү жоктобой , Жылуу жылуу кийе кой-кой бортонойду Ар бирибиздин тагдырыбызда, Убакытыбыздын баардыгы кыска. Себеби жок тырышпа. Тыгылышпа, бери кара жылышка! Өнүккөндөргө туруп кол чабам. Өнүкпөгөндөр как минимум ошончо адам. Биринен бирине үмүттөнүп жол табам. Биринен бирине кичи көпүрөдөй 10 кадам!! Адамга такалба, такалган таштандыдай водоканалда. Акыл сөз макалда, сакалдуу гана эмес илимпоздордой аксакалда! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?!