Казахские песни Узбекские песни

Песня «ЭС»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Биринчиден саламдашып кетейин дегем, Адамдар менен эч нерсени эрчибеген. Туурабаган кимдир бирөөнүн артынан, Кайтпаган өз оюнан, максатка тартынган! Күндө кылып жүргөнү жарашып атына, Ысык салам сендейдин жалпы жааматына. Жакындан жакынга ар дайым сагынган, Өмүрдүн бөлүгүн алмашпай келип алтынга! Каерде болбосоң да, эмне кылбасаң да, Эски ырлардан угуп коюп анда санда. Чөнтөк толук болгон кезде каалаганды танда, Бата тилеп оомин кылып коюп жаратканга! Эрте кеч деп айтса болбойт го дейм таң атканда, Ал өзү каалагандай күн берет ааламга. Кудайга шүгүр ден соолук апам, атамда барда, Убакыт барга аларды барктаганга! Күн артынан күн өтөт, бир басып бир күчөтө Кек сактабай таарынычты чыгар жүрөктөн. Түн артынан түн өтөт, күн айланып дүйнөдө Кылымдар жылдай, жылдарың өтө мүнөттөй. Ким качан кетет? Бүгүн же болбосо эртең, Бүрсүкүнү, эмки жумада, бир айдан кийин. Канча акчаң жетет өмүрүң узарганга чейин? Аны менимче сен дагы, мен дагы билбеймин. Саналуу убакыттын канатында Бир келген өмүрдү сүрөмүн. Саналуу убакыттын канатында Бир жыргайт, бир ыйлайт жүрөгүм! Негизи айтчы досум кейигенден эмне пайда, Өкүнгөндө, дем ала албай кайгырганда. Андан көрө мурдагыдай көлдү көздөй айда. Жок дегенде Ала арча калат бийик маанайда. Биздин дүйнөдө тагдыр билесиң ар кандай да, Бир жетектейсиң, бир көтөрүлгөнүң жайдан. Көптөгөн себептер бар мына ошонун айынан Доскелерим Россия, Америка, Дубайда! Айырмасы бираз ким эмнени кааласа, Канча кыймылдаса жыйынтык ошого жараша, Бирок кээде алдап коет тең көрүнгөн тараза, Утасың же жутасың сырттан өзүң карасаң! Адамды өзгөрөт деп жылдар өттү арадан, Баягылар баягы эле бойдон калган. Баягы бала көп окуп жүргөн жарамазан, Өзгөрөт эмес, өсөт экен дечи адамдар! Акыркы сезимдер менен жашагансып Элестетсең жыргал жашоо азыркы кезиңде! Ырларымды жеткизе таасир этсе сага, Жеңил болмок мага дагы туура ирээтинде! Жардамдашып мен кеп менен болсо деле, Сенин аракетиңе эгер жүрсөң эгинде. Эч качан эринбе мен сен менен досум бирге, Шаар же кыштактын ичинде түз эфирде! Саналуу убакыттын канатында Бир келген өмүрдү сүрөмүн. Саналуу убакыттын канатында Бир жыргайт, бир ыйлайт жүрөгүм!
  • Сыгылган сезимди суулаган Жамгырга ишенбеген жайда Көз алдымда жылдыздай кулаган Жарыгың тең көрүнүп айга! Сылагым келет кучагымда Сага Арнап ырдагым келет кулагыңа Кандай бакыт кандай гана керемет сага Жолукканым убагында! Келээриң менен мен тегеренбей Мээримиңден жер ээлегендей! Себеби кенен себелегендей Сенин аруузатың тебеленбейт! Сен мени кечирбегенде Өзүмдү кантип кечирмек элем! Кумардын куйругун кызыгып эрчибегенде Кайсы катаны кетирмек элем! Сылагым келет кучагымда Сага арнап ырдагым келет кулагыңа Кандай бакыт кандай гана керемет! Сага жолукканым убагында! Келээриң менен мен тегеренбей Мээримиңден жер ээлегендей! Себеби кенен себелегендей Сенин аруузатың тебеленбейт! Менин ар бир күнүм сен! Эң эле эң аруу таза сезимден Мага дем берилген! Ошол заматтан бери мен Кетирбегем алыска сени эмитен Өмүргө тең болгонуң үчүн күнүм сен! Эң эле эң аруу таза сезимден Мага дем берилген! Ошол заматтан бери мен Кетирбегем алыска сени эмитен Өмүргө тең болгонуң билбесең! Келээриң менен мен тегеренбей Мээримиңден жер ээлегендей! Себеби кенен себелегендей Сенин аруузатың тебеленбейт!
  • Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын [1-Куплет - Ulukbek] Сенде калам ар дайым өзүң бийик маанайым бол Өзгөлөрдөн катайын өзүң жалгыз айдайым бол Күндөрүмдүн баарын өмүрүмдүн багын Гүлдөй жайнатып гүлдөй жайнатып Жалгыз мага арналчы Ай нурундай жамалын Сезимдерим жомоктой Өчпөйт тарыхын бойлой Жарыгым болуп мени менен түбөлүкө бирге болчу Асылым перим бул жашоомду сүйүнүчкө бөлөп койчу Тунук кыял тереңдеп өзүңө бекем мен байландым Балдай таттуу жандан артык ак сүйүүмдү сага арнадым [Кайырма] Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын See upcoming rap shows Get tickets for your favorite artists You might also like wacced out murals Kendrick Lamar reincarnated Kendrick Lamar tv off Kendrick Lamar [2-Куплет - 7Gen] Бул перини көргөн эмесмин мен жашаган жерлерде Көргөм бир жолу түшкө киргенде Бул перини көргөн эмесмин мүмкүнчүлүк келгенде Жалгыз мага көрүнбөй көрүнөт элдерге Ойлонуп көрсөң балким ал кыз чындап жаныңда Жашап келет кошунаңдын билинбеген тамында Көңүл бурбайт эптеп сөз байлаган дос балдарыңа Жалгыз татыктууну күтөт келет деп өз убагында Эң кыйын нерсе жетиш толук ишеничине Канча кыйын ошончо бекем мамиле Эң оңой нерсе чыгып кетиш ишеничинен Ал сенсиз билбейм сен алсыз алсыз дагы эле Бирок чындап билгим келет атын Бул ой максатым Канчалыка чейин өзүн терең катты Аракет кылып көргөнгө барбы акым Кучагыма бекем кармаганы жакын [Кайырма] Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын