Казахские песни Узбекские песни

Песня «Азырынча»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Биринчиден саламдашып кетейин дегем,
Адамдар менен эч нерсени эрчибеген.
Туурабаган кимдир бирөөнүн артынан,
Кайтпаган өз оюнан, максатка тартынган!
Күндө кылып жүргөнү жарашып атына,
Ысык салам сендейдин жалпы жааматына.
Жакындан жакынга ар дайым сагынган,
Өмүрдүн бөлүгүн алмашпай келип алтынга!
Каерде болбосоң да, эмне кылбасаң да,
Эски ырлардан угуп коюп анда санда.
Чөнтөк толук болгон кезде каалаганды танда,
Бата тилеп оомин кылып коюп жаратканга!
Эрте кеч деп айтса болбойт го дейм таң атканда,
Ал өзү каалагандай күн берет ааламга.
Кудайга шүгүр ден соолук апам, атамда барда,
Убакыт барга аларды барктаганга!
Күн артынан күн өтөт, бир басып бир күчөтө
Кек сактабай таарынычты чыгар жүрөктөн.
Түн артынан түн өтөт, күн айланып дүйнөдө
Кылымдар жылдай, жылдарың өтө мүнөттөй.
Ким качан кетет? Бүгүн же болбосо эртең,
Бүрсүкүнү, эмки жумада, бир айдан кийин.
Канча акчаң жетет өмүрүң узарганга чейин?
Аны менимче сен дагы, мен дагы билбеймин.
Саналуу убакыттын канатында
Бир келген өмүрдү сүрөмүн.
Саналуу убакыттын канатында
Бир жыргайт, бир ыйлайт жүрөгүм!
Негизи айтчы досум кейигенден эмне пайда,
Өкүнгөндө, дем ала албай кайгырганда.
Андан көрө мурдагыдай көлдү көздөй айда.
Жок дегенде Ала арча калат бийик маанайда.
Биздин дүйнөдө тагдыр билесиң ар кандай да,
Бир жетектейсиң, бир көтөрүлгөнүң жайдан.
Көптөгөн себептер бар мына ошонун айынан
Доскелерим Россия, Америка, Дубайда!
Айырмасы бираз ким эмнени кааласа,
Канча кыймылдаса жыйынтык ошого жараша,
Бирок кээде алдап коет тең көрүнгөн тараза,
Утасың же жутасың сырттан өзүң карасаң!
Адамды өзгөрөт деп жылдар өттү арадан,
Баягылар баягы эле бойдон калган.
Баягы бала көп окуп жүргөн жарамазан,
Өзгөрөт эмес, өсөт экен дечи адамдар!
Акыркы сезимдер менен жашагансып
Элестетсең жыргал жашоо азыркы кезиңде!
Ырларымды жеткизе таасир этсе сага,
Жеңил болмок мага дагы туура ирээтинде!
Жардамдашып мен кеп менен болсо деле,
Сенин аракетиңе эгер жүрсөң эгинде.
Эч качан эринбе мен сен менен досум бирге,
Шаар же кыштактын ичинде түз эфирде!
Саналуу убакыттын канатында
Бир келген өмүрдү сүрөмүн.
Саналуу убакыттын канатында
Бир жыргайт, бир ыйлайт жүрөгүм!

Другие песни исполнителя:

  • Рики тики тави (Рики Тики Тави) Реггитон максимально валит. Бинго Бонго Адриано в зале, Челентано? Да, да, да видали! Иии ошо да! Это Сумасшедший вид танцев, Тырышпа у тебя трещит панцырь. Кыйт, кыйт, кыйт кытыгылагансыйт! Зыйт, зыйт! сенин денең буйтагансыйт! Бери кел кел качпа, Бул музыка ачка, Кайра тартат артка, Бутмөйүнчө тачдаун! Выигрыш не по очкам! Күн өтүп барат, өтүп барат Караңгы түн дагы бизге жагат Сырларын ары бери төгүп чачып Өзүнөн өзү качып Бүгүн балким өзүн табат Она очень и очень хочет ближе к ночи Нарушает правила когда подводит очи Gucci Луи Fendy Prada койчэй На ней любая тряпка как бренд короче Өзү Татынакай көзү бакыракай ийи Шаңдуу шаңдуу такай ички дүйнө жапайы иии Boom шакалака boom шакалака ий Эгер көрөм десең бул жака жака тий Өзү Татынакай көзү бакыракай ийи Шаңдуу шаңдуу такай ички дүйнө жапайы иии Boom шакалака boom шакалака Ийй Эгер көрөм десең бул жака жака тий Күн өтүп барат, өтүп барат Караңгы түн дагы бизге жагат Сырларын ары бери төгүп чачып Өзүнөн өзү качып Бүгүн балким өзүн табат
  • Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Кез кезде, кез кезде, Мамилени тез тез кеспе! Баары мени жек көрөт жеке, Девечи жөнчү, жөнчү антпе! Же эмне? Жер сен үчүн тегеренгендей каадаланбай эле койчу(койчу). Азырынча жок небереңшдердей, эркелебей турчу, чонойчу! Мен жакшы - сен жаман! Сен жакшы - мен жаман! Эгерде мага мендей адам кезиксе мен ага сөзсүз жагам! Ойлобо анан, кереги жок мага садагаң, Азыр түшүнбөйсүң, түшүнбөсөң жанатан! акты издеймин карадан, Жол-жол-жол мына мына баратам! Мына музыкага жеңилгеним Угарманымдай элим менен Аткарып беремин аккандай терим! Мына музыкага жеңилгеним Угарманымдай элим менен Аткарып беремин менин аккандай терим! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Карасаң баары оппоңой, Турдуң, жуундуң уйку топтобой. Мүмкүнчүлүгүңдү жоктобой , Жылуу жылуу кийе кой-кой бортонойду Ар бирибиздин тагдырыбызда, Убакытыбыздын баардыгы кыска. Себеби жок тырышпа. Тыгылышпа, бери кара жылышка! Өнүккөндөргө туруп кол чабам. Өнүкпөгөндөр как минимум ошончо адам. Биринен бирине үмүттөнүп жол табам. Биринен бирине кичи көпүрөдөй 10 кадам!! Адамга такалба, такалган таштандыдай водоканалда. Акыл сөз макалда, сакалдуу гана эмес илимпоздордой аксакалда! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?!