Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйуу Сезимдep»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Олтурамын көлдүн жээгинде, Шамал үйлөп кулагыма шыбырайт. Жеримдин кереметине Көз салып коюп тур деп акырын айтты мага, Мен аркылуу мени уккан угармандын баарына, Жашоого бир келген сенин жаныңа Жаңыдан көлдүн ыры жазылган. Үйүң жок болсо, үйүң бар унутпа! Издебегиң ал бутуңдун алдында. Үйдө талап жок кандай улутка, Сабыр менен орун берип унчукпа. Бүтүп калды баяным менин, Эшигиңди ачып кирип келди. Илгери илгери, өткөн күнүмдө, Кайсыл жерде жүргөнмүн мен? Ыссык Көлүмдө! Дос балдарым менен эс алууга келип алып, Убакыт кечки маал де, кыздары сулууланып. Бир досум нааразы суу кирген үчүн сол кулагына, Алакан менен жабат улам улам. “Аз калды чыда мына! Же мейли, мейли сооп болот! Сенин жаман кылыктарың болсо сурак үчүн жооп болот да.” Туурабы же туура эмесби? Аны сиздер чечесизби?! Менимче азырынча жок, жок андай кез. Чечкен киши улуу баарынан дейт, Жок жок чоң атаңдай эмес! Кирбейт сыйкырчылардын катарына, Бир да жерден эч качан көрбөйсүң Ошондуктан шамалдай сез. Ал сенин ичиңде жашайт, Өткөрбөйүн деп өмүрүңдү пайдасыз! Күн кайнаган кезде ысык жайда, Көлдү көздөй айда! Ызычуу кыйнаса кысып кайра, Көлдү көздөй айда! Кечээ келип баргың келсе кайта, Көлдү көздөй айда! Маанай менен акырындан жайдан, Көлдү көздөй айда! Үчүнчү күн, Акыркы экинин дайыны жок экенин, Текке кеткенин мен эстей калып. Мына бүгүн Тез аракеттенип, саякатка берилип Кызыл өрүк жеп келем кубанып. Меймандуу адамдарга жолугамын, Ассалам Алейкум, Саламатсызбы? Жол уланып! Кээбирлер коноктоп, узатып мурункуларын, Куда тоскондон беш бетер ачылгансып кучагы. Жаман сөз болбосун деп, куттуу келген досум кеп Айтып ыраазычылыгыңды кааласан билдире кет да! Комуз черткенди билсең бип ирээт черт да! Төкмө төксөн төгүлүп калалычы деп баары. Же сиз бизге бүгүн азыр ушул жерден окуй турган эркин түрдөгү китеп барбы? Китебим бар көлдөгү кездер жөнүндө, Эстен өчпөс учурларды алып көңүлдөн. Жамгырдай төгүлгөн менин жылуу сөзүмдө, Жакындарымды сүрөттөп көркөм көрсөткөм! Көп кетирбей азыркы кезде катаны, Ыйманды ар дайым бекем байла жаныңа. Көргөнгө жана билгенге чуркап аттанып, Башталган жашооң жетсин маанилүү аягына! Күн кайнаган кезде ысык жайда, Көлдү көздөй айда! Ызычуу кыйнаса кысып кайра, Көлдү көздөй айда! Кечээ келип баргың келсе кайта, Көлдү көздөй айда! Маанай менен акырындан жайдан, Көлдү көздөй айда!
  • Ооба, болот экен туура Кантип түшүнөсүң? бирок аныкы да туура! Ортосунда пайда болгон экөөнү тең урат Акылы жетип калса бир сабыр менен буулат! Угат ал жалгыз бир жүрөктү угат Туура тандоо кылганга бир умтулат Кулатып ар бир караңгы көз ирмемди Күн менен айдын жарыгына теңелди! Жамындым кучагыңа мени эми түшүнчү! Капа кылгым келбейт! Сендей жүрөктү эч ким ээлебейт Сага болгон мамиле болсо ченелбейт! Жамындым кучагыңа мени эми түшүнчү! Капа кылгым келбейт! Сендей жүрөктү эч ким ээлебейт Сага болгон мамиле болсо ченелбейт! Өлчөмү жок, кыйналбагың ченебей Салыштырба башкаларга теңебей Бир көрдүм сени Өзгөрттүң мени Өлчөмү жок, кыйналбагың ченебей Салыштырба башкаларга теңебей Бир көрдүм сени Өзгөрттүң мени Ар бир сезим акыл эсимде Эмнени көрдүм, сездим буга чейин Так айтсам тегеренбей, мендейлер угат дейм Жөпжөнөкөй кийинген, жөпжөнөкөй көрүнгөн Бир кыз кетпей турду көпкө чейин эки көзүмдөн Катыдым, бирок катпадым катыганымды Билеби деп кимди чындап жактырганымды?! Айтылбай калган сырлар чыдабай бакырды Алып чыгалы, алп жыгалы бирден айтпаганыңды! Ага жакындайсың, жылыйсың Заматта ысыбайсың, жылыйсың Уруштан муздайсың, ысыйсың Унчукпайсың, чыдайсың Бирок чындап таарынып калса токтото турчудайсын! Терең чакса ууланып аксайсың Бата турчу жерге ал адам жок батпайсың Озүнчө мамиле курамын деп жатып чет четтен Ал сезимди такыр сезбей калган тактайсың! Өлчөмү жок, кыйналбагың ченебей Салыштырба башкаларга теңебей Бир көрдүм сени Өзгөрттүң мени! Өлчөмү жок, кыйналбагың ченебей Салыштырба башкаларга теңебей Бир көрдүм сени Өзгөрттүң мени
  • Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Сенде эмне бар? Менде эмне жок! Мбаппе, Неймар Дегендей жооп! Фифа элестеткендей го Фифа бойдон калган Джей Лоу! Бирөөңдө там, бирөөңдө сарай Бирөөңөр танк, бирөөңөр калай Бирөөңөр хан, бирөөңөр малай! Бирөөңөр тосот, бирөөңөр жалайт! Канчалык артты караба Түздөйм деген кездерге Мүмкүнчүлүгүң жок барганга! Үзбөйм үмүтүмдү десең деле! Андан көрө бас-бас-бас Кыймылдачы тарс-тарс-тарс Көз коркок деп кас-кас-кас Бүтүргөнүң парз-парз-парз! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады! Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады! Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Качан кирет (башыңа) Бир ирет! Кыялың кайра Тирилет! Айланаң кайра Биригет! Айдаган жайда Чимирет! Муну кылмакмын, тигини кылмак эмесмин Ушул жыл жакты, тигиниси анча эмес экен! Бирок мен таптым темселебестен Эмнеде бактым кайгыны кескен! Кыйынчылык артынан жеңилдигиң келет! Баары оңолооруна кепилдигин берет! Сыноонун артынан жеңиштериң келет! Берекелүү натыйжада жемиштерин терет! Ыраазычылыгыңан соң Бакубат табасың чоң! Адам кылыгынан оң Соо бойдон калып ойлонгон! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады! Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы!