Казахские песни Узбекские песни

7gen.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 3

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

7gen

  • Азыркы мезгилде баардыгы бирдей Деп айта албайм жок жок жок Бири бай, бири кедей экөөнүкү тең Жашаган жер - топтоголок топ! Сенин ойуң башка, меники башкада Бираз башкача! Заматта кулап кеткидей тике турган аскада Жол жок жок аркада! Карасаң эркин учуп келет дайым адамдар Кандай болбосун жолобосо жаманга! Жайнаган мүмкүнчүлүктөрүң бар Бир дагы жаман жагы жок азыркы заманда! Бери кел, бери тур, меники чын Деп кайталаган саясатчыларга алданба! Жакын тур дайыма сендей сага дагы Жүгүрүп баргандарга жардамга! Эми мен дегенчи, эми мен дегенчи Болот кээде алданып каламын бирөөнө Эми не кылайын, алардын ылайын Мен тазалагыдай ким элем күнөөңө! Канчалыкка чейин илимпозмун? Билип койсоң, эркекче көп деле эмес! Илимпоз деле эмесмин мен Азыркы мезгилде эл менен бирге Учуп келет бийикте менде демилге! Учуп келип бийикте жетем теңирге! Улам улам улантып келгенимде! Азыркы мезгилде Көрө электериң сыр сандыкта бекитилген Заматта ач албайсың, маа демектен санжыраңды оозеки билсең! Кызарбай туруп чын жүрөктөн таранчыларды кооз экен десең? Жан чыгар, жалган чыгарбай Сүйлөсөң деле жүз он эки тилде Билем баарыңардын кулагыңарда жаңырганым учур чактай! Аралашып араңарда мендей жарандарга эч адашпаган адаттай! Мага бирөө тийишкенде чакпайм Сабыр менен бийиктеп кетем учактай! Кээбирлерге теңелгенде эмне энеңерге мен жаман сөз узатпайм! Кыргызымды алыска узатпайм! Биз БИРДЕЙ! Ар кандай турак жай! Биз БИРДЕЙ! Бириккен урпактай! Биз БИРДЕЙ! Жибиткен булактай! Биз БИРДЕЙ! Эми биздин элибизди Бөлбөй, бириктирип эне тилдей Жылдар өтүп баратса дагы эки миңдей Кыргызымдан жакыныраагын билбейм! Азыркы мезгилде эл менен бирге Учуп келет бийикте менде демилге! Учуп келип бийикте жетем теңирге! Улам улам улантып келгенимде!
  • Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Сенде эмне бар? Менде эмне жок! Мбаппе, Неймар Дегендей жооп! Фифа элестеткендей го Фифа бойдон калган Джей Лоу! Бирөөңдө там, бирөөңдө сарай Бирөөңөр танк, бирөөңөр калай Бирөөңөр хан, бирөөңөр малай! Бирөөңөр тосот, бирөөңөр жалайт! Канчалык артты караба Түздөйм деген кездерге Мүмкүнчүлүгүң жок барганга! Үзбөйм үмүтүмдү десең деле! Андан көрө бас-бас-бас Кыймылдачы тарс-тарс-тарс Көз коркок деп кас-кас-кас Бүтүргөнүң парз-парз-парз! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады! Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады! Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Качан кирет (башыңа) Бир ирет! Кыялың кайра Тирилет! Айланаң кайра Биригет! Айдаган жайда Чимирет! Муну кылмакмын, тигини кылмак эмесмин Ушул жыл жакты, тигиниси анча эмес экен! Бирок мен таптым темселебестен Эмнеде бактым кайгыны кескен! Кыйынчылык артынан жеңилдигиң келет! Баары оңолооруна кепилдигин берет! Сыноонун артынан жеңиштериң келет! Берекелүү натыйжада жемиштерин терет! Ыраазычылыгыңан соң Бакубат табасың чоң! Адам кылыгынан оң Соо бойдон калып ойлонгон! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады! Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы!
  • Рики тики тави (Рики Тики Тави) Реггитон максимально валит. Бинго Бонго Адриано в зале, Челентано? Да, да, да видали! Иии ошо да! Это Сумасшедший вид танцев, Тырышпа у тебя трещит панцырь. Кыйт, кыйт, кыйт кытыгылагансыйт! Зыйт, зыйт! сенин денең буйтагансыйт! Бери кел кел качпа, Бул музыка ачка, Кайра тартат артка, Бутмөйүнчө тачдаун! Выигрыш не по очкам! Күн өтүп барат, өтүп барат Караңгы түн дагы бизге жагат Сырларын ары бери төгүп чачып Өзүнөн өзү качып Бүгүн балким өзүн табат Она очень и очень хочет ближе к ночи Нарушает правила когда подводит очи Gucci Луи Fendy Prada койчэй На ней любая тряпка как бренд короче Өзү Татынакай көзү бакыракай ийи Шаңдуу шаңдуу такай ички дүйнө жапайы иии Boom шакалака boom шакалака ий Эгер көрөм десең бул жака жака тий Өзү Татынакай көзү бакыракай ийи Шаңдуу шаңдуу такай ички дүйнө жапайы иии Boom шакалака boom шакалака Ийй Эгер көрөм десең бул жака жака тий Күн өтүп барат, өтүп барат Караңгы түн дагы бизге жагат Сырларын ары бери төгүп чачып Өзүнөн өзү качып Бүгүн балким өзүн табат
  • Эмне дагы эле сени сагынамын! Дагы эле сага зарыгам! Дагы эле дагы эле Өкүнөм кое бергениме жаныман! Эмне дагы эле сени издегенге Аргасыз болдум мен азыркы күнүмдө Эмне дагы эле сага жолукканга Баргым келип турат сенин үйүңө! Мен эгер адашпасам, бул сезим башкача Билбейм кантип жашайм, бул дүйнөдө таппасам Сени бардык жайнаган, бирдей болгон кыздардан Эң өзгөчө жылдызымды миңдеген жылдыздардан Мени дайым эр кылган акылыңан! Салкындаткан сөздөрүңөн от алам! Жүрөк жылыткан жөнөкөй жагыңан Ар бир күнүм башталгандай жаңыдан! Издеп жүрүп сени Өмүрүмдүн теңин Самаганым, каалаганым Тилегеним болдуң! Азгырганда мени Дайым элестетемин Тагдырыма берилген бир периштени! Эмне дагы эле сени сагынамын! Дагы эле сага зарыгам! Дагы эле, дагы эле Өкүнөм кое бергениме жаныман!
  • Мен сенин көзүңөн таптым бактымды Өзүңөн таптым бактымды! Карегиңден келечегим менин Сен жок ченелбеген Терезеңден күн тийгенин Байкап ойгонду сезим Карегиңдин так так так так так ортосунда Бактылуу убак узакка созулган Сени кубанткан максат менин жоонумда Жүктөлбөй жеңилдей келем түгөйүң болоорума Ар бир көз ирмем, бири бирибиздин күнөөлүү кездерибизди кечирген Бир болгубуз келгендей Бипбирдей сен мендей, мен сендей Ажырагыс жалгыз калгыс жанбыз кербендей Мен сенин көзүңөн таптым бактымды Өзүңөн таптым бактымды Карегиңден келечегим менин Сен жок ченелбеген Терезеңден күн тийгенин Байкап ойгонду сезим Өзүңдөн таптым бактымды Түбөлүк махабатымды Көзүңдөн таптым бактымды Жүрөккө мээлеп аттыңбы? Түн болгон өмүрүмө жарык берип шам жактыңбы? Каралдым менин көңүлүмдүн данегин табып чактыңбы? Мен сени табам деп ойлогон эмесмин түшүмдө кана көрүп эй Мен сага жагам деп ойлогон эмесмин Жашоону бирге бөлүп тең Азыр жубайымсың бир бүтүнбүз эч ажырагыс Айырмасыз күнбү-түнбү калтырбайм сени жалгыз Камалам ойлорумда мен Алардын борборунда сен Жашоомдун эң негизги байгесисиң Мен аны жеңгем Кошолу жан биз улутка Жашоонун даамын бир уурттап Бир сенден бактымды тапкам Билип жүр жаным унутпа Мен сенин көзүңөн таптым бактымды Өзүңөн таптым бактымды Карегиңден келечегим менин Сен жок ченелбеген Терезеңден күн тийгенин Байкап ойгонду сезим