Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кызыл Топоzzz»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Мен сенин көзүңөн таптым бактымды Өзүңөн таптым бактымды! Карегиңден келечегим менин Сен жок ченелбеген Терезеңден күн тийгенин Байкап ойгонду сезим Карегиңдин так так так так так ортосунда Бактылуу убак узакка созулган Сени кубанткан максат менин жоонумда Жүктөлбөй жеңилдей келем түгөйүң болоорума Ар бир көз ирмем, бири бирибиздин күнөөлүү кездерибизди кечирген Бир болгубуз келгендей Бипбирдей сен мендей, мен сендей Ажырагыс жалгыз калгыс жанбыз кербендей Мен сенин көзүңөн таптым бактымды Өзүңөн таптым бактымды Карегиңден келечегим менин Сен жок ченелбеген Терезеңден күн тийгенин Байкап ойгонду сезим Өзүңдөн таптым бактымды Түбөлүк махабатымды Көзүңдөн таптым бактымды Жүрөккө мээлеп аттыңбы? Түн болгон өмүрүмө жарык берип шам жактыңбы? Каралдым менин көңүлүмдүн данегин табып чактыңбы? Мен сени табам деп ойлогон эмесмин түшүмдө кана көрүп эй Мен сага жагам деп ойлогон эмесмин Жашоону бирге бөлүп тең Азыр жубайымсың бир бүтүнбүз эч ажырагыс Айырмасыз күнбү-түнбү калтырбайм сени жалгыз Камалам ойлорумда мен Алардын борборунда сен Жашоомдун эң негизги байгесисиң Мен аны жеңгем Кошолу жан биз улутка Жашоонун даамын бир уурттап Бир сенден бактымды тапкам Билип жүр жаным унутпа Мен сенин көзүңөн таптым бактымды Өзүңөн таптым бактымды Карегиңден келечегим менин Сен жок ченелбеген Терезеңден күн тийгенин Байкап ойгонду сезим
  • Бүгүнкү күнүңдө, Кайрадан мен, тааныдыңбы үнүмдү? Маек болот азыр ар кандай нерселер жөнүндө. Айырмасы жок дос, жумушта үйдөсүңбү, Же жолдо жүргөн болсоң чаптырып күлүгүңдү. Өтө ылдам эмес, жай эрежени бузбай Баратканда достор чалат, “каерден чыга калайын?!” Жакындардын катарында буйуртса бакыт таалай. Ушундай эле дос балдарды мен силерге каалайм. Самат, Канат, Эрмек! Үч эркек Жүрөт эрмектеп, номер 2чи мектепти эстеп. Ар кандай кесипте айлыктарын эсептеп, Достурумдун 70 пайызы азыр Бишкекте. Кечээ бир ой келген, депутат болойун деген. Сизге болуп мага неге болбойт экен? Ой кенен. “Ооба, сиздики эң туура” - деп турган адам менен элиме жардам берем деп Кумтөрдү казам терең! Же болбосо жүрөгүм чыдабаса каргышка, Катышпайм ким биринчи байыйт деген жарышка. Кээбирлердей эмесмин суудай аккан акчага жабышкан, Андан көрө тынч картайып жүрөгү таза абышка болуп, бакытка толуп, Жаш кезде мас эмес деп соолуп, баары эң сонун, чыпчын ден соолук! Пайдасы менен өмүр сүрүп аксакалдай Ала Тоолук! Урушу жок дүйнөдө жашап кетүү жетет, мага болот! Же көптөгөн бүркүт көзмүн деген жигиттердей, Сүрөтчү болом, кыйраткан жумушту бийлик бербей. Укмуш кылам деп иштеп жатканда ийилип тердей, Сүрөттөн түшкөн акча жоголот экен бирдиктердей! Бирөө айтат айдоочу болсоң, аз басып көп толсоң! Жок! Күтө турсаң, биринчи жолдор оңолсун, Май арзаныраак болсун, андан соң Анан көрөбүз канчалык сен камсыздандырылгандардансың! Же мейли, мейли ойлонуп туруп бизнес ачамын, Бирок стартапка мен, каерден алам акчаны? Насыяны алам деген ой менен толтуруп баракчаны, Иш жүрбөсө өлдүм, күйдүм алып кетет ак халатчаны! Анда кеттик офиске, кереги жок бизге Кечке тиктеп көздү кыйнап түзүп жатсаң бир топ тизме. Тыныгууда тамака тойбой жок жерден ильхом издеп, Андай болуп кетсе бир четинен Жетигенде “Hip-Hop is Dead” Сага бир, мага бир миң сомго Добушуңду бер деп ким коротот миллионду?! Сол жактагы акчаны көп карабагың, саткын болбо азгырылбай акыйкатты эрчи оңго! Сен добуш бербесең сенин ордуна Добуш берет бирөө сөзсүз түрдө баардыгы оңой тура! “Өнүкпөйт бул, өзгөрбөйт бул” - деп жаткандан көрө Өзүңөр баргыла, добуш бергиле, кол койгула! Учабыз бийик акыйкаттын канатында, Биримдик, ынтымактын тарабында. Айтчуу сөзүм ачык айкын санатымда, Чындыкты бекем карма алакыныңда!