Казахские песни Узбекские песни

Айпери Кулбаева.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Айпери Кулбаева

  • Ойлосом (дале) кетпей түшүмдөн, Оюнуң (да) жиптей тизилген. Эркелүү (да) кээде сылайсың, Ээндеп (да) келип жүзүмдөн. Мээримге (да) толуп кучагым, Мен дагы (да) сени кысамын. Көрбөй бир (а) калсам заматта, Көрүүгө (да) сени кусамын. Татына (да) жаштык өмүрдөн, Таң нурдай (да) жүзүң көрүнгөн. Ташкынын (да) сузуп алсам дейм, Таалайлуу (да) сүйүү көлүңдөн. Көп сүйүү (да) жүгүн артынып. Көз карек (да) сага тартылып. Жалыным (да) сенде жангансыйт, Жаштык от (а) менде бар туруп.
  • Өмүрү жетпей тирилик, Өткөндөр келбейт тирилип. Жаралган адам эмгектен, Жарыша иштеп төрөлүп Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы, Баласына атасы да өбөк болот турбайбы. Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы. Улуулардын тилеги ай, улуу да болот турбайбы, Урматтаган адамың ай, сулуу да болот турбайбы. Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы, Кыздарына энеси да өбөк болот турбайбы. Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы Өткөндөрдүн баарысы да, тарыхта калат турбайбы. Жакшыга жакшы туш болсо, багы да болот турбайбы. Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы, Баласына атасы да өбөк болот турбайбы. Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы. Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы, Кыздарына энеси да өбөк болот турбайбы. Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы
  • Сүйүү болду тапканым, бирок сага айтпадым, Акыр бир күн билер деп сыр сандыгың ачпадым. Акыр бир күн билер деп сыр сандыгың ачпадым. Калды менин катканым, куттуу болсун тапканың. Табышмактуу сырымды сен таңуулсам таппадың. Табышмактуу сырымды сен таңуулсам таппадың. Сүйүү болду тапканым, бирок сага айтпадым, Ошол күндөн бул күнгө мен сүйүүдөн ачкамын. Ошол күндөн бул күнгө мен сүйүүдөн ачкамын.
  • Туулган жерим, ыйыгымсың бабам баскан, Баары-жогун бирдей көрүп, бирдей баккан. Шамалыңа көкүл сылап эркелетсең, Ызгаарда ороп чулгап, коюн каткан. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы. Жаралагандан жанып турган жарыгымсың, Аталардан калган өзөк, тамырымсың. Кубат кетип, алдай тайып турганымда, Гүл азык болуп берчү азыгымсың. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы. Сырын сактап, сының сактап, өмүр улап, Жылдар эмес кылым өтөөр убап-чубап, Сурай албай калсам дагы абалыңды, Сен турарсың урпактардан абал сурап. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы.
  • Бир көрүп ашык болдум, ичим тыз-тыз, Жүрөктө сезимдерди ойготтуңуз. Суранам өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Жүрөгүм, ичим тыз-тыз, Сезимди ойготтуңуз. Суранам өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Сүйлөңүз ширин экен сөздөрүңүз, Тиктеңиз жылуу экен көздөрүңүз. Арбалып жүзүңүзгө тигилейин, Айтылсын жүрөктөгү, Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз. Жайдары көздөрүңүз, Жагымдуу сөздөрүңүз, Арбалып жүзүңүзгө тигилейин, Айтылсын жүрөктөгү, Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз. Суранам тосолучу түнү менен, Суранам тосолучу күндү бирге. Суранам жаз гүлүндөй күлүп-жайнап, Суктанып жыттайлычы, Суктанып жыттайлычы гүлдү бирге. Тосолу күндү бирге, Тосолу түндү бирге, Суранам жаз гүлүндөй жадырашып, Суктанып жыттайлычы гүлдү бирге. Суранам кетпесеңиз, ичим тыз-тыз, Жактыңыз махабаттын отун укмуш. Жылынып ошол оттун илебине, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Жүрөгүм, ичим тыз-тыз, Сезимди ойготтуңуз. Суранам өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз отуруңуз, Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
  • Билемин тилегиңди өс-өн деген, Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн. Апам, ай каруусунда уктап калсам, Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн. Апам, ай апа десем ыргып турган, Көзүмдөн кандайымды көрүп туйган. Нан жапса күйгөн жерин өзү алып, Бышканын, даамдуусун мага сунган. Айттырган учкан желден саламды улам, Башкача бабалактап барганымда. Кийимдин эң жакшысын өзүмө арнап, Тамактын майлуураагын берген мага. Эч бир жан мени сендей көтөрбөгөн, Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн. Апам, ай каруусунда уктап калсам, Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн.
  • Өзүңдү сүйгөн күнөөмбү? Өрттөндүм, аргам түгөндү. Ашыктык гүлү ачылсын, Жүрөккө сепчи үрөндү. Өкүнүп улам тездеши, Өмүр ал учкул кез дечи. Жазыксыз сүйүп калганга, Касыңдай мени эзбечи. Адамда ар сыр, кыял бар, Айталбайт аны уяңдар. Өчпөгөн көңүл чолпону, Өзүңө мендей улан зар. Дартыңды ачуу далалат, Даба тап, сүйүүм аманат. Суу бүркүп үмүт отуна, Жүрөктү кетпе жаралап.
  • Жүзүң сүйкүм жүзүмдөй, садагасы, Жүрөгүмдү туюкка камабачы. Окуучумдан беш бетер сүрдөп кетем, Октой өткүр көзүң менен карабачы. Карегиңден жолуңду издебечи, Каалаганың катылуу ичте кезиң. Сени сүйгөн бактыма ыраазымын, Секетим ий, секетим ий, тиктебечи. Күн артынан күн жылып өткөн сайын, Күйүп-бышып жүргөнүң мага дайын. Ансыз деле көзүңдөн көрүп турам, Айта көрбө сүйөмүн деп, кагылайын.
  • Ичимде күйгөн жалын бар, Издесем түгөй табылар. А бирок көлгө конбосоң, Ак куулар сени сагынар. Тагдырга ар ким кезигет, Таасири күчтүү сезилет. Кечикпей ушул турмушта, Жолуксам деймин тезирээк. Турмуштун ар кыл даамы бар, Тузу бар, ширин балы бар. Айланып көлгө конбосоң, Ак куулар сени сагынар. Алманын гүлдүү шагы бар, Ай тийген түндүн таңы бар. Акыры көлгө конбосоң, Ак куулар сени сагынар.
  • Бүркөк асман, жарк дегенде чагылган, Байкоосуздан жалыныңа кабылгам. Бүт эркимди курчап алып махабат, Жалгыз сенин элесиңди жамынгам. Азыр мен да сени ойлоп жатамын, Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан. Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар, Али эсимде бирге олтурчу убактар. Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу, Алыс калды алма жыттуу турак жай. Чертчү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн, Миң кайталап музыкалуу булактар. Таппай такыр махабаттын айласын, Сагындым мен жолукчу күн, ай башын. Мурункудай күтүп жатам азыр да, Булбул куштун тереземден сайрашын. Ар убакта жолукчу элек бакчадан, Айтчы деги, асылкечим, кайдасың?
  • Салмактуу, пейили кенен, асыл энем, Жагылбай бизге тийген күнсүң десем. Өстүрдүң элден артык аяр карап, Балдарың, кыздарың дайым бирге силер менен. Кайырма: Энекем — берекем, атакем — пейили кенен. Агарып бубак басты кара чачың, Күн-түнү бизге арнадың өмүр жашың. Биз баалап эмгегиңди, ак сүтүңдү, Ызаттап, урматтап, таазим кылып ийем башым. Кайырма: Жайылган ырыскылуу дасторконуң, Күн-түнү бизге арнадың өмүр жолуң. Кош колдоп мага сунчу ысык нанды, Сагындым мен, эстедим мен, Берекелүү жумшак колуң.
  • Арыбай аттын басканы, Айланып өтөм асканы. Тозоктуу шамал бетке уруп, Тоолорду булут каптады. Бозбунун тоосун ашканда, Боз булут каптап асманда. Болжошкон ошол мүнөттөр, ий, Боздоп бир жетпей жатканда. Тайгалак жолдо чекелеп да, Тай-тайлап атты жетелеп. Ошондо калган бир элес, ай, Али да эстен кете элек.
  • Баарынан кечтиң, жүрөктө жанган жылдыздар, Аярлап күткөн ыйыктай боло алган жок. Кол тийгиз таза, аруу деп жүргөн асылдар, Мен сүйгөн бойдон жүрөктө жанып калган жок. Үзүлүп түштү үлбүрөк назик сезимим, Кубаты болчу жалындап күйгөн кезимдин. Алоолоп эми сүйө албай калды бир жүрөк, Күнөөлүү өзүм, күнөөлүү болсом, кечиргин. Алоолоп эми сүйө албай калды бир жүрөк, Күнөөлүү сенсиң, күнөөлүү болсом, кечиргин. Бир адам эми эстебейт сени күнү-түн, Жандырбайт эми байлантып сага үмүтүн. Бийликтен кетүү, байлыктан кечүү опоңой, Жоготуу сени кыямат болду мен үчүн. Жан дүйнөм кыйрап, акылдан атың өчүрдүм…