Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айта корбо»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүзүң сүйкүм жүзүмдөй, садагасы,
Жүрөгүмдү туюкка камабачы.
Окуучумдан беш бетер сүрдөп кетем,
Октой өткүр көзүң менен карабачы.
Карегиңден жолуңду издебечи,
Каалаганың катылуу ичте кезиң.
Сени сүйгөн бактыма ыраазымын,
Секетим ий, секетим ий, тиктебечи.
Күн артынан күн жылып өткөн сайын,
Күйүп-бышып жүргөнүң мага дайын.
Ансыз деле көзүңдөн көрүп турам,
Айта көрбө сүйөмүн деп, кагылайын.

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Ойлосом дале кетпей түшүмдөн, Оюнуңда жиптей тизилген. Эркелүү да, кээде сылайсың, Эмгек да келип жүзүңдөн. Мээримге да толуп кучагың, Мен дагы да сени кысамын. Көрбөй бир калсам заматта, Көрүүгө сени кусамын. Татына жаштык өмүрдөн, Таң нурдай жүзүң көрүнгөн. Ташкынын да сузуп алсам дейм, Таалайлуу сүйүү көлүңдөн. Көп сүйүү жүгүн артынып, Көз-карек да сага тартылып. Жалыным да сен деп жангансыйт, Жаштыгым от менде туруп.
  • Өзүңдү сүйгөн күнөөмбү? Өрттөндүм, аргам түгөндү. Ашыктык гүлү ачылсын, Жүрөккө сепчи үрөндү. Өкүнүп улам тездеши, Өмүр ал учкул кез дечи. Жазыксыз сүйүп калганга, Касыңдай мени эзбечи. Адамда ар сыр, кыял бар, Айталбайт аны уяңдар. Өчпөгөн көңүл чолпону, Өзүңө мендей улан зар. Дартыңды ачуу далалат, Даба тап, сүйүүм аманат. Суу бүркүп үмүт отуна, Жүрөктү кетпе жаралап.