Казахские песни Узбекские песни

Песня «Периштем»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Салмактуу, пейили кенен, асыл энем, Жагылбай бизге тийген күнсүң десем. Өстүрдүң элден артык аяр карап, Балдарың, кыздарың дайым бирге силер менен. Кайырма: Энекем — берекем, атакем — пейили кенен. Агарып бубак басты кара чачың, Күн-түнү бизге арнадың өмүр жашың. Биз баалап эмгегиңди, ак сүтүңдү, Ызаттап, урматтап, таазим кылып ийем башым. Кайырма: Жайылган ырыскылуу дасторконуң, Күн-түнү бизге арнадың өмүр жолуң. Кош колдоп мага сунчу ысык нанды, Сагындым мен, эстедим мен, Берекелүү жумшак колуң.
  • Турган өңдүү асман мага жөлөнүп, Жүрөк эргип бир сезимге бөлөнүп, Эч бир адам таппай жүргөн бакытты Жалгыз өзүм бараткансыйм өңөрүп. Тагдыр мага өчпөс отун жаккандай, Мүрөк суусун жалгыз өзүм таткандай, Ар бир баскан кадамыма сүйүнөм, Мен өзүмдөн батпас күндү тапкандай. Мен кубанам миң жыл жашап өткөндөй, «Миң кыялын» Токон мага черткендей, Тагдыр буйруп жолукпасаң сен мага, Өтмөк окшойм өмүр баркын эч билбей. Оболотуп махабаттын ак боосун, Сени дагы ушул сезим коштосун. Бир күн сокпой калчу болсо бул жүрөк, Сени ойлоп жаткан кезде токтосун.