Казахские песни Узбекские песни

Песня «Керемет сезим»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Турган өңдүү асман мага жөлөнүп,
Жүрөк эргип бир сезимге бөлөнүп,
Эч бир адам таппай жүргөн бакытты
Жалгыз өзүм бараткансыйм өңөрүп.
Тагдыр мага өчпөс отун жаккандай,
Мүрөк суусун жалгыз өзүм таткандай,
Ар бир баскан кадамыма сүйүнөм,
Мен өзүмдөн батпас күндү тапкандай.
Мен кубанам миң жыл жашап өткөндөй,
«Миң кыялын» Токон мага черткендей,
Тагдыр буйруп жолукпасаң сен мага,
Өтмөк окшойм өмүр баркын эч билбей.
Оболотуп махабаттын ак боосун,
Сени дагы ушул сезим коштосун.
Бир күн сокпой калчу болсо бул жүрөк,
Сени ойлоп жаткан кезде токтосун.

Другие песни исполнителя:

  • Жар бойлоп, чие тапса, санап жешкен, Жаш кезде шоктук кылып, таяк жешкен. Таппаймын берер дүйнө досторума, Тандашып, жакшы кызды «аяш» дешкен. Кайырма: Досторум, ыйманга жол салгылачы, Досторум, эл деп күйүп, жангылачы Өзгөрсүн жакшы жакка тагдырыңар, Өзүңөр ушул бойдон калгылачы. Сүрөшкөн, күлүк болсом жарыштагы, Таптаган, саяпкерим алыстагы. Сезилет силер менен чечилчүдөй, Досторум, турмушумдун табышмагы. Кайырма: Мен азыр арзуу, үмүт ынагымын, Сүйүүнүн берипсиңер гүл азыгын Силердей асылдарга кошконуна, Миң ирет жаратканга ыраазымын.
  • Күздө күтүп жазда келген сезимди, Күйүт бизге үмүт болуп сезилди. Бул турмушта ансыз деле өксүгөн, Жалоорутпа жайнап турган көзүңдү. Кездешкенче нур чачышып жүздөрдөн, Күз да келди, гүл саргайды биз көргөн. Сен сырыңды, мен чынымды айткыча, Өмүр өтүп баратпайбы бир келген. А мен сени күтөр элем миң жылга, Бирок жашоо ченелүү да бир кыйла. Биздин өмүр өтпөсө да бир үйдө, Биздин сүйүү калар, балким, бир ырда.
  • Сагынычым жалбырактай дилдиреп, Күтүп жатсам карааныңа сабылып. Куса толгон көздөрүмө үңүлбөй, Сурайсың да жүрдүңбү деп сагынып. Билип туруп болгонсуйсуң билмексен, Турмуш дайым толуп турбайт, кеми көп. Жүрөгүмө катып жүрсөм өзүңдү, Сурайсың да «Сүйөсүңбү мени?» деп. Жолуң тосуп жакшы ойлорду жаратып, Мен өзүңдөн бактым болор эми деп. Убайымга салып учкул дүйнөмдү, Сурайсың да «Эстейсиңби мени?» деп.