Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кубулжуу менин ырларым»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Түркүн ыр шаңдуу жаңырып,
Дүркүрөп колдор чабылып.
Ырыстуу күндү жар салып,
Ыр дүйнөм барат агылып.
Кайырма:
Кубулжуй бергин, ырларым,
Кубантып жүрөк сырларын.
Жашоонун ыры — бул ырлар,
Жар салган жаштык жыргалын.
Кайрадан ырлар уланып,
Кадалат көздөр суранып.
Көл бойлоп бара жаткансып,
Көңүлдөр эргийт кубанып.
Кайырма:
Өскөн жер ырдан жашарып,
Өмүрлөр барат тазарып.
Мекеним тынчтык ырлары,
Гүл жайнайт күндө жасанып.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жүзүң сүйкүм жүзүмдөй, садагасы, Жүрөгүмдү туюкка камабачы. Окуучумдан беш бетер сүрдөп кетем, Октой өткүр көзүң менен карабачы. Карегиңден жолуңду издебечи, Каалаганың катылуу ичте кезиң. Сени сүйгөн бактыма ыраазымын, Секетим ий, секетим ий, тиктебечи. Күн артынан күн жылып өткөн сайын, Күйүп-бышып жүргөнүң мага дайын. Ансыз деле көзүңдөн көрүп турам, Айта көрбө сүйөмүн деп, кагылайын.
  • Жаз мезгили жайнап гүлдөр ачылган, Жыпар жыты айланага чачылган. Беттен сылап эркелетип салкын жел, Бери кел деп сени мага чакырган. Шайы көйнөк кийип турган келбетиң, Көңүлүмдө өчпөс болуп жазылган. Жылдар өтөт өткөн күндөр элесте, Элестериң көз алдымда сени эстеп. Булбул сайрайт сезимдердин багында, Ошол элес өчпөйт сени келет деп. Өмүр кыска өкүнөрүм Кудай, ай, Кайра дагы бир жолукпайт белек деп. Ай да чыкты тоонун башын жамынып, Сүттөй нуру көл бетине чагылып. Күбө болду бостерилер баарына, Махабаттын зор күчүнө багынып. Кош бол, жаным, элестетем ар дайым, Ошол кезди бир өзүңдү сагынып.