Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бир элес»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаз мезгили жайнап гүлдөр ачылган,
Жыпар жыты айланага чачылган.
Беттен сылап эркелетип салкын жел,
Бери кел деп сени мага чакырган.
Шайы көйнөк кийип турган келбетиң,
Көңүлүмдө өчпөс болуп жазылган.
Жылдар өтөт өткөн күндөр элесте,
Элестериң көз алдымда сени эстеп.
Булбул сайрайт сезимдердин багында,
Ошол элес өчпөйт сени келет деп.
Өмүр кыска өкүнөрүм Кудай, ай,
Кайра дагы бир жолукпайт белек деп.
Ай да чыкты тоонун башын жамынып,
Сүттөй нуру көл бетине чагылып.
Күбө болду бостерилер баарына,
Махабаттын зор күчүнө багынып.
Кош бол, жаным, элестетем ар дайым,
Ошол кезди бир өзүңдү сагынып.

Другие песни исполнителя:

  • Билемин тилегиңди өс-өн деген, Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн. Апам, ай каруусунда уктап калсам, Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн. Апам, ай апа десем ыргып турган, Көзүмдөн кандайымды көрүп туйган. Нан жапса күйгөн жерин өзү алып, Бышканын, даамдуусун мага сунган. Айттырган учкан желден саламды улам, Башкача бабалактап барганымда. Кийимдин эң жакшысын өзүмө арнап, Тамактын майлуураагын берген мага. Эч бир жан мени сендей көтөрбөгөн, Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн. Апам, ай каруусунда уктап калсам, Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн.
  • Түркүн ыр шаңдуу жаңырып, Дүркүрөп колдор чабылып. Ырыстуу күндү жар салып, Ыр дүйнөм барат агылып. Кайырма: Кубулжуй бергин, ырларым, Кубантып жүрөк сырларын. Жашоонун ыры — бул ырлар, Жар салган жаштык жыргалын. Кайрадан ырлар уланып, Кадалат көздөр суранып. Көл бойлоп бара жаткансып, Көңүлдөр эргийт кубанып. Кайырма: Өскөн жер ырдан жашарып, Өмүрлөр барат тазарып. Мекеним тынчтык ырлары, Гүл жайнайт күндө жасанып. Кайырма:
  • TwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Из калтыр бул дүйнөдө, ансыз да өмүр кыска, Атыңды айтып урпак, иштериң болсун нуска. Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен, Акындар ыр жазышсын, канаттуу сезим менен. Из калтыр бул дүйнөдө, акыйкат сөзүң менен, Эч качан ушак айтпа, көрбөсөң көзүң менен. Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен, Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн. Артыңда из калтыргын, ак эмгек кызмат менен, Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн. Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген, Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен. Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен, Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн. Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.