Казахские песни Узбекские песни

Айпери Кулбаева.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 2

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Айпери Кулбаева

  • Кыйын эмес муну айтып сүрөттөш, Жаныбыз бир, каныбыз бир, жүрөктөш. Биз кыргызбыз, улуу элбиз, билип ал, Эр жүрөк эл Ала-Тоого түнөктөш. Кайырма: Сен да кыргыз, мен да кыргыз, ал дагы, Бир атанын, биз кыргыздын балдары. Болсо өмүр, башкасы бүт табылар Байлык, бакыт, бийлик дагы калганы. Сен да кыргыз, мен да кыргыз, ал дагы, Бир атанын биз кыргыздын кыздары. Болсо ынтымак, башкасы бүт табылар, Байлык, бакыт, бийлик дагы калганы. Бузукулар келтиришет күлкүнү, Башка жердин жок го түндүк, түштүгү. Бөлөм деген бир бүтүндү экиге, Ошол өзү миң бөлүнөт бир күнү. Кайырма: Сулайман тоом канча доордун күбөсү, Ак теңир тоом айкөлдөрдүн бир өзү. Баткен, Талас, Жалал-Абад, Көл кандай? Ошолорго окшош кыргыз мүнөзү.
  • Андагы сөзгө ынаба, Ал сөздөр жалган курама. Кемчилдик кетсе кечирип кой, Келип кет ушул жумада. Жүдөдүм эңсеп кубара, Жүрөктү өйүп убада. Коогалуу күнгө калтырбай, Конуп кет эмики жумада. Ашыкча болбой убара, Ачылсын көңүл кубана. Айкашсын жаштык кезибиз, Алып кет наркы жумада. Ушак айтса ынаба, Убайым тартып кыйналба. Удургуп төгүн сөздөргө, Келип кет ушул жумада.
  • Апаке, мактабачы, көзүмчө көкөлөтүп, Канымдан бүткөнсүң деп үйрөттүң эркелетип. Тирүүңдө алкай турган сөздөргө татыбаймын, Саргартам жол каратып, үйүңдөн эрте кетип. Саргартам жол каратып, апакем, ай, эрте кетип. Аяйсың ачка калсам, акмактык ишке барсам, Адалды аттап өтүп, арамды тиштеп алсам. Мактанып келген кезде, мансапка кызмат кылып, Маңдайдан сылабастан, кайра бир муштап алсаң. Маңдайдан сылабастан, апакем, ай, муштап алсаң. Апаке, даабайсың сен сырыңды угузарга, Кызыңды аяймын деп кайра аны бузуп алба. Сен кетсең зар болормун, сөз тургай карааныңа. Сыйымды көрүп алчы, апакем, көзүң баарда, Сыйымды көрүп алгын, төрүмдөн орун алгын, Апакем, ай, көзүң барда.
  • Ал мезгил менин эсимде, Али да турат сезимде. Ар дайым күтүп барчумун, Анда да алтынчы күнү кечинде. Чырдашпай келип чечимге, Чыгарбай сырды эч кимге. Аттестат алдың, сөз бердиң, Анда да алтынчы күнү кечинде. Эртелеп барсам бешимде, Экзамен бүткөн мезгилде. Ашыкпа дедиң, той болот, Анда да алтынчы күнү кечинде.
  • Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга, Сунушумду суранам, четке какпа. Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө, Сыйыналы бир келген бактыбызга. Мөл булакка барабыз ай тоскону Ат жалында шамалда ойношкону. Кечикпейли бир келген бактыбыздан, Өрүкзарга кетели, макул болчу. Айлуу түнгө никелеп сүйүүбүздү, Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү. Жылдыздардын терели чачыласын Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.
  • Жаз мезгили жайнап гүлдөр ачылган, Жыпар жыты айланага чачылган. Беттен сылап эркелетип салкын жел, Бери кел деп сени мага чакырган. Шайы көйнөк кийип турган келбетиң, Көңүлүмдө өчпөс болуп жазылган. Жылдар өтөт өткөн күндөр элесте, Элестериң көз алдымда сени эстеп. Булбул сайрайт сезимдердин багында, Ошол элес өчпөйт сени келет деп. Өмүр кыска өкүнөрүм Кудай, ай, Кайра дагы бир жолукпайт белек деп. Ай да чыкты тоонун башын жамынып, Сүттөй нуру көл бетине чагылып. Күбө болду бостерилер баарына, Махабаттын зор күчүнө багынып. Кош бол, жаным, элестетем ар дайым, Ошол кезди бир өзүңдү сагынып.
  • Даамы кандай, түсү кандай билбедим, Кармап кээде келет жытын искегим. Кичинеби, орточобу же бойлуубу? Өмүрдү мен, жашоону мен адамдардай издедим. Кээде жумшак колун артып мойнума, Теңтушумдай суу да чачат койнума. Мас кылбаган шарап ичкен сыяктуу, Өмүргө мен, жашоого мен такыр тойбой койдум да. Билбейм, билбейм, өмүр мени издейби, Же болбосо өмүрдү мен издеймби. Мынча жашап эч түшүнбөй келатам, Ушул өмүр, ушул жашоо келеби да, кетеби.
  • Күздө күтүп жазда келген сезимди, Күйүт бизге үмүт болуп сезилди. Бул турмушта ансыз деле өксүгөн, Жалоорутпа жайнап турган көзүңдү. Кездешкенче нур чачышып жүздөрдөн, Күз да келди, гүл саргайды биз көргөн. Сен сырыңды, мен чынымды айткыча, Өмүр өтүп баратпайбы бир келген. А мен сени күтөр элем миң жылга, Бирок жашоо ченелүү да бир кыйла. Биздин өмүр өтпөсө да бир үйдө, Биздин сүйүү калар, балким, бир ырда.
  • Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери, Эл деп уруп жүрөгү, эл деп соккон? Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери, Эл деп иштеп кайрымдуу колун созгон? Барсыңарбы, кыргыздын кыраандары, Калкан болуп элине жанын тоскон? Барсыңарбы, кыргыздын шумкарлары, Жакырлыктан куткарчу алып колдон? Кайырма: Канатыңар кайда кайкып бийик учкан? Кайратыңар кайда, жигит, тоону бузган? Кайдасыңар, эр Манастын урпактары? Кайда даңкың, атагың аалам уккан? Эл-жер ойлоп бир өзүнө намыс кылган, Ак эмгегин эл-журтуна азык кылган, Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери, Барчылыкты эл-журтуна насип кылган? Эр Манас бир качан өзүн ойлочу эле? Болбогонду эл-журту үчүн болтурчу эле. Кара мүртөз душмандарга башын сайып, Ал душманга өзүн өзү окточу эле. Кайырма: Бийликке бир барбагыла алыш үчүн, Элимдин бир эсебинен байыш үчүн. Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери? Аттангыла жигиттик намыс үчүн.
  • Сагынычым жалбырактай дилдиреп, Күтүп жатсам карааныңа сабылып. Куса толгон көздөрүмө үңүлбөй, Сурайсың да жүрдүңбү деп сагынып. Билип туруп болгонсуйсуң билмексен, Турмуш дайым толуп турбайт, кеми көп. Жүрөгүмө катып жүрсөм өзүңдү, Сурайсың да «Сүйөсүңбү мени?» деп. Жолуң тосуп жакшы ойлорду жаратып, Мен өзүңдөн бактым болор эми деп. Убайымга салып учкул дүйнөмдү, Сурайсың да «Эстейсиңби мени?» деп.
  • Карап турсам элесиңди сүрөттөн, Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн. Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу, Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн? Жүрөгүмдү сүйүү турса чыдатпай, Жүзүң жанат балбылдаган чырактай. Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан, Эзелтеден бирге жүргөн ынактай. Сансыз жылдыз бизди гана карашып, Мени сенден, сени менден талашып. Көпкө жүрдүк, ойноп-күлдүк, жаркыдык, Кеткичекти аппак болуп таң атып. Бирок мезгил өткөн сайын нарылап, Тетир карап, буруласың ар убак. Азап тартып, арман күчөп жүрөгүм, Үмүт менен жүрөгүмдү дарылап.
  • Ат баспаган асканын, Аралап басып ак карын. Жайыттап күнгөй-тескейин, Кой болду менин бакканым. Тетиги Сары-Кыр жакка, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын! Тетиги Сары-Кыр жакка, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын! Ат баспаган асканын Мен бастым шагыл-таштарын. Кой баккан сонун турбайбы, Балалык ойду таштадым. Кара бир тоого, кыр жакка, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын! Кара бир тоого, кыр жакка, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын! Деги эле келбейт чарчагым, Аңкыса жыты арчанын. Кыз сүйгөндөй болосуң, Сылап саамай чачтарын. Күн кечтеп кетти короого, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын! Күн кечтеп кетти короого, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын! Кара бир тоого, кыр жакка, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
  • Бирин-бири муңкантса миң ыйлаган адамзат, Жаман ойду тутанттып, дил ыйлаган адамзат. Жаман ойду башыңдан тазалачы адамзат, Жаман курал жаракты сен жасабачы адамзат. Байлык үчүн баш уруп, көзү күйгөн адамзат, Жаман ойду тутанттып, өзү күйгөн адамзат. Мезгилинен бир кыйла ашып келет, Бир тилектеш болууга шашып келчи, адазат. Ырыскылуу болууга тең бололу адамзат, Ынтымактуу болууга бир бололу адамзат.
  • Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып, Силерди, ак булуттар, жолдош кылып. Мен келип алтын кумдуу көл жээгине, Отурам эскерүүдөн ичтен сызып. Сезгендей айрыларды коркор элем. Алтын кум, сен баарына орток элең. Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга, Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем. Кайгынын каран түнүн жарык кылар, Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар. Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен, Айдалып баратканда ак булуттар. Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги, Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди? Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага, Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.
  • Күн эмнеге, эмнеге батпай койду сен жокто? Таң эмнеге, эмнеге атпай койду сен жокто? Көмүскө жандай суз болуп, көңүлүм чөктү сен жокто. Көзүмдүн жашын көрсөтпөй кылгырып төктүм сен жокто… Куштар неге эмнеге, сайраган жок сен жокто? Гүлдөр неге, эмнеге жайнаган жок сен жокто? Булактын мөлтүр агымы акпады токтоп сен жокто Сайраган булбул үнү да жакпады жанга сен жокто… Жашоо мага түшүнсөң кермек болду сен жокто, Жалгызчылык жадатып эзмек болчу сен жокто, Эстеген сайын эзилип мукануу жаным сен жокто Үмүтүм тоодой сезилип кыйналуу жаным сен жокто…
  • Бир жакшы сөз атайлап, Айтмак элең, айтпадың. Балким, ушул чын эле, Ыңгайлуу кез таппадың. Кайырма: Жаштык сенден, менден да, Артта калып жашынат. Ошол жакшы бир сөзүң, Качан, кантип айтылат? Андан бери арадан, Жылдар өттү чапкылап. Коңур, кара чачымды, Басып барат ак бубак. Кайырма: Бак аралап бакчага, Бармак элек, барбадык. Балким, жалын жаштыктын, Баркын баалай албадым. Жаштык сенден, менден да, Артта калып жашынат. Ошол жакшы бир сөзүң, Качан, кантип айтылат?