Казахские песни Узбекские песни

Песня «Койчунун ыры»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ат баспаган асканын,
Аралап басып ак карын.
Жайыттап күнгөй-тескейин,
Кой болду менин бакканым.
Тетиги Сары-Кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Тетиги Сары-Кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!

Ат баспаган асканын
Мен бастым шагыл-таштарын.
Кой баккан сонун турбайбы,
Балалык ойду таштадым.
Кара бир тоого, кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Кара бир тоого, кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!

Деги эле келбейт чарчагым,
Аңкыса жыты арчанын.
Кыз сүйгөндөй болосуң,
Сылап саамай чачтарын.
Күн кечтеп кетти короого,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Күн кечтеп кетти короого,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Кара бир тоого, кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!

Другие песни исполнителя:

  • Урпагымын эр Манастын Дүйнөгө шойкум салып Шоокум салып Таралып ай ааламга атак даңкым Тарыхты тамга кылып ташка жаздым Уккула дүйнө эли Мен кыргызмын жар саламын бүт ааламга Жаркылдаган көк асманда Дүйнөнү дүңгүрөтөм жанам кайра Кылымдардын эстелиги Жоголбой жоо чапса да канча канча Батасы бабалардын бакыт улап Түтөдүм түгөнбөдүм кайра жандым Уюткусу чөлдүк калктын Жоголбой эчен эчен кылымдарга Аздектеп аталардын каада -салтын Уламкы урпактарга атап каттым
  • Түркүн ыр шаңдуу жаңырып, Дүркүрөп колдор чабылып. Ырыстуу күндү жар салып, Ыр дүйнөм барат агылып. Кайырма: Кубулжуй бергин, ырларым, Кубантып жүрөк сырларын. Жашоонун ыры — бул ырлар, Жар салган жаштык жыргалын. Кайрадан ырлар уланып, Кадалат көздөр суранып. Көл бойлоп бара жаткансып, Көңүлдөр эргийт кубанып. Кайырма: Өскөн жер ырдан жашарып, Өмүрлөр барат тазарып. Мекеним тынчтык ырлары, Гүл жайнайт күндө жасанып. Кайырма: