Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алтынчы куну кечинде»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ал мезгил менин эсимде,
Али да турат сезимде.
Ар дайым күтүп барчумун,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Чырдашпай келип чечимге,
Чыгарбай сырды эч кимге.
Аттестат алдың, сөз бердиң,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Эртелеп барсам бешимде,
Экзамен бүткөн мезгилде.
Ашыкпа дедиң, той болот,
Анда да алтынчы күнү кечинде.

Другие песни исполнителя:

  • Өмүрдү арнайт десем, Өңүмдү саргайттың сен. Ый болбой тагдырыма, Ыр бойдон калбайт белең. Бардыгын кечирчи деп, Барбаймын экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт мага, Атасыз жетимсиреп. Гүл өмүр сынбайт дегем, Өзүңө сунбайт белем. Жоо болбой бир көзүмө. Тоо бойдон турбайт белең. Кечирчи, кечирчи деп, Келбегин экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт сага, Атасыз жетимсиреп. Бейкапар күлбөйт белек, Бирге өмүр сүрбөйт белек. Түн болбой жылдызы жок, Күн бойдон жүрбөйт белек. Күтсөк да кечирчи деп, Гүлдөбөйт экинчи ирет. Ак сүйүү ай талаада, Армандуу жетимсиреп. Кечирчи, кечирчи деп, Келбегин экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт мага, Апасыз жетимсиреп. Барбаймын экинчи ирет… Келбегин экинчи ирет…
  • Санааркап сагынычтуу күндөр өтүп, Саргайып күтөм сенин келериңди. Самаган салкын ойго чөмүлүпмүн, Сезбепмин сансыз азап берериңди. Кайырма: Жаз күткөндөй күтөмүн жолуң карап, Жабыркаган жүрөгүм сени самап. Жылдар өтүп жүрөмүн сени күтүп, Жалындаган жаштыгым өтүп барат, Жалын болуп жүрөгүм күйүп-жанат. А балким, азыр куунак жүргөндүрсүң, Алоолоп алда кимди сүйгөндүрсүң, А балким, азап тартып арман кылып, Ашыктык баркын сезип, билгендирсиң. Кайырма: Кусалык бүт оюмду ээлеп алып, Көөдөнгө тынчтык бербей бүлүк салып. Кайчылаш татаал жолго жалгыз чыктым, Кайгылар кетер дедим унут калып.
  • Сайраган булбул тилиндей, Көшүтүп көзгө илинбей. Жаш кезиң өтөт турбайбы. Жадырап-жайнап билинбей. Селкилер менен алышып, Бозойлор менен жарышып. Жүргөн кез түшсө эсиме, Жүрөгүм кетет сайышып. Чечедей болуп кадала, Чыкпайт го ал кез санаада. Чачымды бурул басса да, Картайтпайт мени замана.