Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйдум чок»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өмүрдү арнайт десем,
Өңүмдү саргайттың сен.
Ый болбой тагдырыма,
Ыр бойдон калбайт белең.
Бардыгын кечирчи деп,
Барбаймын экинчи ирет.
Ак сүйүү ыйлайт мага,
Атасыз жетимсиреп.
Гүл өмүр сынбайт дегем,
Өзүңө сунбайт белем.
Жоо болбой бир көзүмө.
Тоо бойдон турбайт белең.
Кечирчи, кечирчи деп,
Келбегин экинчи ирет.
Ак сүйүү ыйлайт сага,
Атасыз жетимсиреп.
Бейкапар күлбөйт белек,
Бирге өмүр сүрбөйт белек.
Түн болбой жылдызы жок,
Күн бойдон жүрбөйт белек.
Күтсөк да кечирчи деп,
Гүлдөбөйт экинчи ирет.
Ак сүйүү ай талаада,
Армандуу жетимсиреп.
Кечирчи, кечирчи деп,
Келбегин экинчи ирет.
Ак сүйүү ыйлайт мага,
Апасыз жетимсиреп.
Барбаймын экинчи ирет…
Келбегин экинчи ирет…

Другие песни исполнителя:

  • «Жан кызым» деп мен колуңдан жетелеп, «Апакелеп» куурчак ойноп секелек. Ар нерсени сурай берген божурап, Кыз болчусуң, чачы өрүмгө жетелек. Кайырма: Мейли кызым барагой, Бактыңды издеп табагой. Айдай болуп жаркырап, Жылдыз болуп жанагой. Ак жол кызым барагой, Бактыңды издеп табагой. А, дегенде, ай кызым, Кайненеңе жагагой. Алыш үчүн апакеңдин мурасын, Чоң турмушка аттанганы турасың. Адебиңе, алган жарың арзысын, «Кайсыл жердин кызы экен?» деп, сурасын. Кайырма: Ак жолтой бол, алганыңа терең бол, Кабак түйбөй, кайын журтка кенен бол. Турмуш кандай көрсөтсө да сыноосун, Жарың менен бардыгына белен бол.
  • Жашартып жаратканым берсе эгер, Бүт болгон байлыгымдан кечер элем. Сан жеткис түйшүгүңдү өзүм алсам, Апаке кадырыңа жетер белем. Аппак гүл сунам апа, картайбачы Ак сарай курам сага, картайбачы Алдыңа алтын төшөп беремин деп, Чок кармап турам апа, картайбачы… Мүрөктүн суусу болсо берер элем, Картайбас болуп апа ичер белең. Ааламдын алпы болуп жаралсам, да, Бир жолку азабыңды чечер белем. Дарысын өлбөстүктүн тапсам эгер, Жүзүңдү бырыштардан сактар элем, Дүйнөнү төрт кыдырып көтөрсөм, да, Апаке ак сүтүңдү актар белем Бак-дөөлөт жанар кезиң картайбачы Урман-сый табар кезиң картайбачы Апаке ак сүтүңдөн айланайын Ак жоолук салар кезиң картайбачы Урмат-сый табар кезиң картайбачы
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Издейм сени арасынан элдердин, Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин. Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин. Тиктейм сени тизмегинен элдердин, Бактарынан бардык кооз жерлердин. Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сен деп, кайгырууга, Кайгырууга келгенмин. Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң? Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум. Кышта калган жалбырактын өңүндөй, Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп, Азууда ден, азууда ден соолугум. Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң? Мынча мени алоолонтуп ойнодуң? Балким, ушул зор бактынын өзүдүр, Өмүр бою, өмүр бою издеттирип, Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң