Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ойлодун бекен мени сен?»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Апаке, мактабачы, көзүмчө көкөлөтүп, Канымдан бүткөнсүң деп үйрөттүң эркелетип. Тирүүңдө алкай турган сөздөргө татыбаймын, Саргартам жол каратып, үйүңдөн эрте кетип. Саргартам жол каратып, апакем, ай, эрте кетип. Аяйсың ачка калсам, акмактык ишке барсам, Адалды аттап өтүп, арамды тиштеп алсам. Мактанып келген кезде, мансапка кызмат кылып, Маңдайдан сылабастан, кайра бир муштап алсаң. Маңдайдан сылабастан, апакем, ай, муштап алсаң. Апаке, даабайсың сен сырыңды угузарга, Кызыңды аяймын деп кайра аны бузуп алба. Сен кетсең зар болормун, сөз тургай карааныңа. Сыйымды көрүп алчы, апакем, көзүң баарда, Сыйымды көрүп алгын, төрүмдөн орун алгын, Апакем, ай, көзүң барда.
  • Сага гана, эрким сынып багынамын, Эригемин, кагыламын, сага гана. Сага гана, эрке суудай агыламын, Эркелеймин, таарынамын сага гана. Кайырма: Сага гана жагынамын, Сени гана сагынамын. Сени менен бир болсом деп, Жаратканга жалынамын. Сени гана, жан дүйнөмө чакырамын, Жүрөгүмө батырамын, сени гана. Сени гана, күн-айымдай аркаладым, Гүл багыма алып барамын, сени гана. Кайырма: Сени менен, жашоо мага чексиз жыргал, Жакшы, бүтпөс жомок сыңар сени менен. Сени менен, куланбаган тактыдамын, Кубанычта, бактыдамын, сени менен.