Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сага гана»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сага гана, эрким сынып багынамын,
Эригемин, кагыламын, сага гана.
Сага гана, эрке суудай агыламын,
Эркелеймин, таарынамын сага гана.
Кайырма:
Сага гана жагынамын,
Сени гана сагынамын.
Сени менен бир болсом деп,
Жаратканга жалынамын.
Сени гана, жан дүйнөмө чакырамын,
Жүрөгүмө батырамын, сени гана.
Сени гана, күн-айымдай аркаладым,
Гүл багыма алып барамын, сени гана.
Кайырма:
Сени менен, жашоо мага чексиз жыргал,
Жакшы, бүтпөс жомок сыңар сени менен.
Сени менен, куланбаган тактыдамын,
Кубанычта, бактыдамын, сени менен.

Другие песни исполнителя:

  • Билемин тилегиңди өс-өн деген, Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн. Апам, ай каруусунда уктап калсам, Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн. Апам, ай апа десем ыргып турган, Көзүмдөн кандайымды көрүп туйган. Нан жапса күйгөн жерин өзү алып, Бышканын, даамдуусун мага сунган. Айттырган учкан желден саламды улам, Башкача бабалактап барганымда. Кийимдин эң жакшысын өзүмө арнап, Тамактын майлуураагын берген мага. Эч бир жан мени сендей көтөрбөгөн, Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн. Апам, ай каруусунда уктап калсам, Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн.
  • Баарынан кечтиң, жүрөктө жанган жылдыздар, Аярлап күткөн ыйыктай боло алган жок. Кол тийгиз таза, аруу деп жүргөн асылдар, Мен сүйгөн бойдон жүрөктө жанып калган жок. Үзүлүп түштү үлбүрөк назик сезимим, Кубаты болчу жалындап күйгөн кезимдин. Алоолоп эми сүйө албай калды бир жүрөк, Күнөөлүү өзүм, күнөөлүү болсом, кечиргин. Алоолоп эми сүйө албай калды бир жүрөк, Күнөөлүү сенсиң, күнөөлүү болсом, кечиргин. Бир адам эми эстебейт сени күнү-түн, Жандырбайт эми байлантып сага үмүтүн. Бийликтен кетүү, байлыктан кечүү опоңой, Жоготуу сени кыямат болду мен үчүн. Жан дүйнөм кыйрап, акылдан атың өчүрдүм…
  • Ат баспаган асканын, Аралап басып ак карын. Жайыттап күнгөй-тескейин, Кой болду менин бакканым. Тетиги Сары-Кыр жакка, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын! Тетиги Сары-Кыр жакка, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын! Ат баспаган асканын Мен бастым шагыл-таштарын. Кой баккан сонун турбайбы, Балалык ойду таштадым. Кара бир тоого, кыр жакка, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын! Кара бир тоого, кыр жакка, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын! Деги эле келбейт чарчагым, Аңкыса жыты арчанын. Кыз сүйгөндөй болосуң, Сылап саамай чачтарын. Күн кечтеп кетти короого, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын! Күн кечтеп кетти короого, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын! Кара бир тоого, кыр жакка, Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!