Казахские песни Узбекские песни

Песня «Издейм сени»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.

Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп,
Азууда ден, азууда ден соолугум.

Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң

Другие песни исполнителя:

  • Турам тыңшап селейип үн катпастан, Дирилдеткен кусалуу добушуңду. Чертким келди менин да ушул күүнү, Бирок корком, албаймын комузумду. Кайырма: Жок, жок менин уккум келет башкача үндү, Жазгырбас жарыгына ишеничтин. Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү, Сагынычтын саргайбас албуут күчүн. Коштоор элем мукамдуу батына албайм, Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм. Кимсиң деги бейтааныш күндүр – түндүр, Сагынычтан, кусадан алсыраган.
  • Канатым жоктугунан сабалап жете албайм, Сабырым бүт түгөнүп, санааркап кээде сыздайм. Күйбөгөн үмүт болуп жалбырттап жалбарасың, Башканы билбейм, билбейм, мен үчүн сен ганасың. Келер деп эртели-кеч алысты көздөгөндөй, Өзүңө жолукканча өзүмдү сезбегенмин. Көңүлдүн туюгуна көшөрө чабалычы, Ак сүйүү, махабаттын ачкычын табалычы. Бир болуп тагдыр жазбас, кыйналып, кыялданам, Үзүлгөн карааныңды үлбүрөп карап турам. Боюңа боюм таштап, эркиңе эрүүчүмүн, Башканы билбейм, билбейм, мен үчүн бир өзүңсүң.