Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мен учун бир озунсун»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Канатым жоктугунан сабалап жете албайм,
Сабырым бүт түгөнүп, санааркап кээде сыздайм.
Күйбөгөн үмүт болуп жалбырттап жалбарасың,
Башканы билбейм, билбейм, мен үчүн сен ганасың.
Келер деп эртели-кеч алысты көздөгөндөй,
Өзүңө жолукканча өзүмдү сезбегенмин.
Көңүлдүн туюгуна көшөрө чабалычы,
Ак сүйүү, махабаттын ачкычын табалычы.
Бир болуп тагдыр жазбас, кыйналып, кыялданам,
Үзүлгөн карааныңды үлбүрөп карап турам.
Боюңа боюм таштап, эркиңе эрүүчүмүн,
Башканы билбейм, билбейм, мен үчүн бир өзүңсүң.

Другие песни исполнителя:

  • Арыбай аттын басканы, Айланып өтөм асканы. Тозоктуу шамал бетке уруп, Тоолорду булут каптады. Бозбунун тоосун ашканда, Боз булут каптап асманда. Болжошкон ошол мүнөттөр, ий, Боздоп бир жетпей жатканда. Тайгалак жолдо чекелеп да, Тай-тайлап атты жетелеп. Ошондо калган бир элес, ай, Али да эстен кете элек.
  • Сага гана, эрким сынып багынамын, Эригемин, кагыламын, сага гана. Сага гана, эрке суудай агыламын, Эркелеймин, таарынамын сага гана. Кайырма: Сага гана жагынамын, Сени гана сагынамын. Сени менен бир болсом деп, Жаратканга жалынамын. Сени гана, жан дүйнөмө чакырамын, Жүрөгүмө батырамын, сени гана. Сени гана, күн-айымдай аркаладым, Гүл багыма алып барамын, сени гана. Кайырма: Сени менен, жашоо мага чексиз жыргал, Жакшы, бүтпөс жомок сыңар сени менен. Сени менен, куланбаган тактыдамын, Кубанычта, бактыдамын, сени менен.