Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагынуу кусалык»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Санааркап сагынычтуу күндөр өтүп,
Саргайып күтөм сенин келериңди.
Самаган салкын ойго чөмүлүпмүн,
Сезбепмин сансыз азап берериңди.
Кайырма:
Жаз күткөндөй күтөмүн жолуң карап,
Жабыркаган жүрөгүм сени самап.
Жылдар өтүп жүрөмүн сени күтүп,
Жалындаган жаштыгым өтүп барат,
Жалын болуп жүрөгүм күйүп-жанат.
А балким, азыр куунак жүргөндүрсүң,
Алоолоп алда кимди сүйгөндүрсүң,
А балким, азап тартып арман кылып,
Ашыктык баркын сезип, билгендирсиң.
Кайырма:
Кусалык бүт оюмду ээлеп алып,
Көөдөнгө тынчтык бербей бүлүк салып.
Кайчылаш татаал жолго жалгыз чыктым,
Кайгылар кетер дедим унут калып.

Другие песни исполнителя:

  • Түркүн ыр шаңдуу жаңырып, Дүркүрөп колдор чабылып. Ырыстуу күндү жар салып, Ыр дүйнөм барат агылып. Кайырма: Кубулжуй бергин, ырларым, Кубантып жүрөк сырларын. Жашоонун ыры — бул ырлар, Жар салган жаштык жыргалын. Кайрадан ырлар уланып, Кадалат көздөр суранып. Көл бойлоп бара жаткансып, Көңүлдөр эргийт кубанып. Кайырма: Өскөн жер ырдан жашарып, Өмүрлөр барат тазарып. Мекеним тынчтык ырлары, Гүл жайнайт күндө жасанып. Кайырма:
  • Жалжал көздүү, жапжаш элең анда сен, Жаз күнүндө жагымдуу элең, жанга сен. Комуз элең, кыл тагылып күүлөнгөн, Чолпон элең, балбыл жанган таңда сен. Андан бери сан күн өттү арыштап, Ал күндөрдөй сен да кеттиң алыстап. Арыздашпай алысташың себепсиз, Азыр дагы бир мен үчүн табышмак. Сен куш болдуң кокус колдон качырган, Сен гүл болдуң бир суктантып жашынган. Арабызды айлар, жылдар бөлсө да, Ашыктыгым бир өзүңө, ашыганы ашынган. Жаным даяр сен дегенде балкыган, Багым даяр сени күтүп аңкыган. Кадырыңа жетер кезим ушул кез, Кайкып учуп кайра келчи, каркырам.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Издейм сени арасынан элдердин, Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин. Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин. Тиктейм сени тизмегинен элдердин, Бактарынан бардык кооз жерлердин. Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сен деп, кайгырууга, Кайгырууга келгенмин. Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң? Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум. Кышта калган жалбырактын өңүндөй, Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп, Азууда ден, азууда ден соолугум. Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң? Мынча мени алоолонтуп ойнодуң? Балким, ушул зор бактынын өзүдүр, Өмүр бою, өмүр бою издеттирип, Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң