Казахские песни Узбекские песни

Айпери Кулбаева.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 4

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Айпери Кулбаева

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Издейм сени арасынан элдердин, Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин. Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин. Тиктейм сени тизмегинен элдердин, Бактарынан бардык кооз жерлердин. Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сен деп, кайгырууга, Кайгырууга келгенмин. Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң? Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум. Кышта калган жалбырактын өңүндөй, Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп, Азууда ден, азууда ден соолугум. Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң? Мынча мени алоолонтуп ойнодуң? Балким, ушул зор бактынын өзүдүр, Өмүр бою, өмүр бою издеттирип, Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң
  • Алтындан, ай, айылымдын аймагы Кырман толду, кызыл буудай жайнады. Кандай сонун, берекенин гүлүндөй, Мекенимде токчулуктун майрамы! Нур заман, нур заман, Мекенимде токчулуктун майрамы! Жапырт туруп, билек түрүп жаш-кары, Кырман толду, эмгек темпи кайнады. Ушул бейпил, ушул тынчтык, нур заман, Мекенимде токчулуктун майрамы! Нур заман, нур заман, Өлкөбүздө токчулуктун майрамы! Шаңдуу чыгып ырахаттын сайраны, Кырман толду, ак буудайы, ак наны. Эмгек сүйгөн көп улуттуу элимде, жеримде, Мекенимде токчулуктун майрамы! Нур заман, нур заман, Ала-Тоодо токчулуктун майрамы!br>
  • Кырчын кезде кыялдарым шок эле, Кыр ашпаган жаш өмүрүм ток эле. Сүйүү деген жаштык кездин дарты деп, Улууларга мен ыйгаргым жок эле. Өттү жылдар, эми башка айтарым, Өмүр мени, мен өмүрдү байкадым. Жаш тандабай жанган кезде махабат, Жан дүйнөмдү жалын менен чайкады. Оргуп турса мөлтүр булак белдеги, Ошол экен махабаттын гүлдөрү. Жүрөктөрдө бул керемет болбосо, Сулуулукка ким толтурат дүйнөнү? Жан дүйнөңдү ээлеп алса махабат, Андай кезде жүрөк толкуп, Махабат жаш тандабайт махабат, Жаш тандабайт махабат.
  • Сайраган булбул тилиндей, Көшүтүп көзгө илинбей. Жаш кезиң өтөт турбайбы. Жадырап-жайнап билинбей. Селкилер менен алышып, Бозойлор менен жарышып. Жүргөн кез түшсө эсиме, Жүрөгүм кетет сайышып. Чечедей болуп кадала, Чыкпайт го ал кез санаада. Чачымды бурул басса да, Картайтпайт мени замана.
  • Сагындыңбы, мен да сагындым, Кусалуу бир күнгө кабылдым. Буйругу жок ушул тагдырга, Таарындыңбы, мен да таарындым. Кайырма: Жоолугушуу болду арманым, Жолукпайбыз эми, ардагым. Жолду карап эми издебе, Жалгыз аяк жолдо калганмын. Кыйналдыңбы, мен да кыйналдым. Мүдүрүлдүм, бирок сынбадым. Жүрөгүңдү эзип жалгыздык, Унуттуңбу, унута албадым. Кайырма: Ыйладыңбы, мен да ыйладым, Өзүмдү-өзүм алдап кыйнадым. Жанга баткан жалгыздык ырын, Ырдадыңбы, мен да ырдадым.
  • «Жан кызым» деп мен колуңдан жетелеп, «Апакелеп» куурчак ойноп секелек. Ар нерсени сурай берген божурап, Кыз болчусуң, чачы өрүмгө жетелек. Кайырма: Мейли кызым барагой, Бактыңды издеп табагой. Айдай болуп жаркырап, Жылдыз болуп жанагой. Ак жол кызым барагой, Бактыңды издеп табагой. А, дегенде, ай кызым, Кайненеңе жагагой. Алыш үчүн апакеңдин мурасын, Чоң турмушка аттанганы турасың. Адебиңе, алган жарың арзысын, «Кайсыл жердин кызы экен?» деп, сурасын. Кайырма: Ак жолтой бол, алганыңа терең бол, Кабак түйбөй, кайын журтка кенен бол. Турмуш кандай көрсөтсө да сыноосун, Жарың менен бардыгына белен бол.
  • Кеткен кетти, өткөн өттү, бирдеймиң, Кечтим дайра агымынын миңдейин, Кемибеген кенч экен го тирүүлүк, Кенч дебесем анан аны не дейин?! Кайдан чыгып качан келдим бул жерге? Жел миндимби, суу миндимби, билбеймин. Калган калды, бирин көзгө илбеймин, Бастым ашуу, тайган жолдун миңдейин, Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк, Той дебесем, анан аны не дейин?! Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен, Кант жедимби, бал жедимби билбеймин. 18/XII 1945 Койсары
  • Чокулары көк тиреген аска зоо, Чоңойдук биз коюнуңда, Ала-Тоо. Багбан тилек, эр көкүрөк элимди Баш ийдирип ала албаган канча жоо. Кыргыз элим жыргасын, Кылымдарга ырдасын. Дүңкүрөсө ааламга Дүйнө эли тыңдасын. Эл баатыры Барсбек, Манас бабалар Эрдиктери Ала-Тоого барабар. Эне-Сайда кең мекендүү эл элек Эбегейсиз тоо, токойлор, талаалар. Кыргыз элим жыргасын, Кылымдарга ырдасын. Дүңкүрөсө ааламга Дүйнө эли тыңдасын. Аралыкта канча кылым алмашты, Айыгышта жан кыйылды, кармашты. Эчен мезгил эңсеп келген элибиз Эгемендүү, куттуу заман таңы атты. Эгер болсо салтанат, Эгемен эл даңктанат. Шайыр-күлкү, музыка, Шаңга толот чар-тарап.
  • Өмүрдү арнайт десем, Өңүмдү саргайттың сен. Ый болбой тагдырыма, Ыр бойдон калбайт белең. Бардыгын кечирчи деп, Барбаймын экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт мага, Атасыз жетимсиреп. Гүл өмүр сынбайт дегем, Өзүңө сунбайт белем. Жоо болбой бир көзүмө. Тоо бойдон турбайт белең. Кечирчи, кечирчи деп, Келбегин экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт сага, Атасыз жетимсиреп. Бейкапар күлбөйт белек, Бирге өмүр сүрбөйт белек. Түн болбой жылдызы жок, Күн бойдон жүрбөйт белек. Күтсөк да кечирчи деп, Гүлдөбөйт экинчи ирет. Ак сүйүү ай талаада, Армандуу жетимсиреп. Кечирчи, кечирчи деп, Келбегин экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт мага, Апасыз жетимсиреп. Барбаймын экинчи ирет… Келбегин экинчи ирет…
  • Айтчы, секет, сендей асыл, сендей асыл жалжалды Ай периси апак төрөп, апак төрөп салганбы? Же жаңылыш жылдыздын бир, жылдыздын бир сыныгы Жымың эте жерге түшүп, жерге түшүп калганбы? Айтчы, секет, сендей назик, сендей назик кептерди Ким төрөгөн, гүл жыпарын, гүл жыпарын сепкенби? Же кокустан күндүн жалгыз, күндүн жалгыз тамчысы Күлпүң эте жерге, жерге түшүп калганбы? Чолпон сүрдөйт сулуулугун өчүрүп Андан ашкан Чолпон бардай, Чолпон бардай сезилет. Сымбатыңды сыдыргыга, сыдыргыга тарткандай Сезимиме жазып алдым, жазып алдым көчүрүп.