Казахские песни Узбекские песни

Песня «Нур заман»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Алтындан, ай, айылымдын аймагы
Кырман толду, кызыл буудай жайнады.
Кандай сонун, берекенин гүлүндөй,
Мекенимде токчулуктун майрамы!
Нур заман, нур заман,
Мекенимде токчулуктун майрамы!
Жапырт туруп, билек түрүп жаш-кары,
Кырман толду, эмгек темпи кайнады.
Ушул бейпил, ушул тынчтык, нур заман,
Мекенимде токчулуктун майрамы!
Нур заман, нур заман,
Өлкөбүздө токчулуктун майрамы!
Шаңдуу чыгып ырахаттын сайраны,
Кырман толду, ак буудайы, ак наны.
Эмгек сүйгөн көп улуттуу элимде, жеримде,
Мекенимде токчулуктун майрамы!
Нур заман, нур заман,
Ала-Тоодо токчулуктун майрамы!br>

Другие песни исполнителя:

  • Сага гана, эрким сынып багынамын, Эригемин, кагыламын, сага гана. Сага гана, эрке суудай агыламын, Эркелеймин, таарынамын сага гана. Кайырма: Сага гана жагынамын, Сени гана сагынамын. Сени менен бир болсом деп, Жаратканга жалынамын. Сени гана, жан дүйнөмө чакырамын, Жүрөгүмө батырамын, сени гана. Сени гана, күн-айымдай аркаладым, Гүл багыма алып барамын, сени гана. Кайырма: Сени менен, жашоо мага чексиз жыргал, Жакшы, бүтпөс жомок сыңар сени менен. Сени менен, куланбаган тактыдамын, Кубанычта, бактыдамын, сени менен.
  • Жан койбой тереземе келе берип, Боз торгой талбай сайрап безеленип, Ашыгын жоготкондой өксөөсү бар, Жашыдым бир сезимдер эске келип. Сайрады үйдөн кетпей тегеренип, Таңдагы үнү бүтпөй эбеленип. Арман, ай, сен да мендей жан окшойсуң, Арбадың жүрөгүмдү эзе берип. Боз торгой, боздогон бир боз торгоюм, Бошотуп муун-жүндү козгобогун Боору соо бул дүйнөдө ким бар дейсиң, Болдучу, жүрөктү эзип боздобогун