Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйуп калдым»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Өмүрдү арнайт десем, Өңүмдү саргайттың сен. Ый болбой тагдырыма, Ыр бойдон калбайт белең. Бардыгын кечирчи деп, Барбаймын экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт мага, Атасыз жетимсиреп. Гүл өмүр сынбайт дегем, Өзүңө сунбайт белем. Жоо болбой бир көзүмө. Тоо бойдон турбайт белең. Кечирчи, кечирчи деп, Келбегин экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт сага, Атасыз жетимсиреп. Бейкапар күлбөйт белек, Бирге өмүр сүрбөйт белек. Түн болбой жылдызы жок, Күн бойдон жүрбөйт белек. Күтсөк да кечирчи деп, Гүлдөбөйт экинчи ирет. Ак сүйүү ай талаада, Армандуу жетимсиреп. Кечирчи, кечирчи деп, Келбегин экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт мага, Апасыз жетимсиреп. Барбаймын экинчи ирет… Келбегин экинчи ирет…
  • Сайраган булбул тилиндей, Көшүтүп көзгө илинбей. Жаш кезиң өтөт турбайбы. Жадырап-жайнап билинбей. Селкилер менен алышып, Бозойлор менен жарышып. Жүргөн кез түшсө эсиме, Жүрөгүм кетет сайышып. Чечедей болуп кадала, Чыкпайт го ал кез санаада. Чачымды бурул басса да, Картайтпайт мени замана.
  • Сүйүүмсүң, сүйүүмсүң жүрөгүмдө чачылбаган, Сырымсың эч кимдерге ачылбаган. Жарыксың асманымда жанып турган, Жүрөксүң жүрөгүмдү кагып турган. Төрмөлөп, төрмөлөп өзүң үчүн калгам жолдон, Өмүрсүң өмүр бою арман болгон. Суктандырып көргөндөрдү таң калтырган, Сулуусуң бүт ааламды тамшандырган. Ыйыгым, ыйыгым, тумарымдай тагылгансың, Ырымдын эң акыркы сабындайсың. Сүйүүмсүң жүрөгүмдө чачылбаган, Жүрөксүң жүрөгүмө катып алган. Жарыксың асманымда жанып турган, Жүрөксүң жүрөгүмдү кагып турган.
  • Сен мага кимсиң Асылым сүйгөнүмсүң Жалынып жалбарат күйгөнүмсүң Мен сага киммин Жашоодо жолуккан Жаныңдын жарымы болгон Жарыңмын ак жоолукчан Сен мага кимсиң Айымсың толуп турган Булаксың атып чыккан оргуштаган Мен сага киммин Жаныңа күйөрүңмүн Чаңкасаң бал кымызың Жан бирге түгөйүңмүн Сен мага кимсиң Бүтпөгөн ырларымсың Айталбай сактап жүргөн сырларымсың Мен сага киммин Булбулуң таңшып турган Күнгө окшоп жан дүйнөмдө Күн-түнү жанып турган
  • Бир көрүп ашык болдум, ичим тыз-тыз, Жүрөктө сезимдерди ойготтуңуз. Суранам өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Жүрөгүм, ичим тыз-тыз, Сезимди ойготтуңуз. Суранам өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Сүйлөңүз ширин экен сөздөрүңүз, Тиктеңиз жылуу экен көздөрүңүз. Арбалып жүзүңүзгө тигилейин, Айтылсын жүрөктөгү, Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз. Жайдары көздөрүңүз, Жагымдуу сөздөрүңүз, Арбалып жүзүңүзгө тигилейин, Айтылсын жүрөктөгү, Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз. Суранам кетпесеңиз, ичим тыз-тыз, Жактыңыз махабаттын отун укмуш. Жылынып ошол оттун илебине, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Жүрөгүм, ичим тыз-тыз, Сезимди ойготтуңуз. Жылынып ошол оттун илебине, Жанымда дагы бир аз отуруңуз, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Жүрөгүм, ичим тыз-тыз, Сезимди ойготтуңуз. Суранам өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Суранам дагы бир аз отуруңуз.